Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Казакстанда митингге чыккандар жазаланууда


Алматыдагы нааразылык акциясы. 1-май, 2019-жыл. Казакстан.
Алматыдагы нааразылык акциясы. 1-май, 2019-жыл. Казакстан.

Казакстанда 1-майда бийликке каршы митингге катышкандардын арасында жазага тартылгандар көбөйүп жатат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга чейин 80 киши кармалганын билдирген. Бирок андан кийин деле полицияга чакыртылып, айыпка жыгылгандар бар.

Өткөн аптада Алматыда нааразылык акциясына чыгып, бийликке бир катар талаптарды койгон Кудайгашүгүр Абдуллаев 2-майда сот чечими менен он күнгө камалган. Сегиз балалуу Абдуллаевдин жакындары жана тарапкерлери анын ал-акыбалын сураш үчүн убактылуу кармоочу жайга келип турушат.

«Желтоксон коому» уюмунун төрагасы Нурлыбек Куанбаев ал элдин көңүлүндөгү көйгөйдү айткандан кийин жазаланды деп эсептейт.

«Кудайга шүгүр жарандардын акцияга чыгуу маданияты жогорулаганын айткысы келди. Мисалы, чагымчыларды, шыкакчыларды акцияга катышкандардын өздөрү эле басып коюшат. Акцияга чыккандар полицияга каршы чыкпайт. Ага акыл-сезимдери жетет. Тескерисинче, тынч жыйында сүйлөгөн кишилерди полиция жулкулдатып алып кетип жатат», - деди Нурлыбек Куанбаев.

Камакка алынгандар отурган жайга дагы бир нече киши тамак-аш алып келди. Алар туугандары митингге чыкканы үчүн камалганын айтып жатышты.

Жергиликтүү журналист Азамат Шорманханулы нааразылык акциясына катышкан мугалим Калас Нурпейисовдун митингде сүйлөгөн сөзүн Интернеттен көрүп, «соттолгон чыгаар» деген ой менен келген. Анын божомолу чын болуп чыгып, мугалимдин да камакта жатканы белгилүү болду.

«Ушул жерде отурганына көзүм жетип, алып келген тамак-ашымды берип, кайтып баратам, - деди журналист. - Ал кишинин өзүн тааныбайм деле. Бир билгеним – кесиби боюнча мугалим экен. 1-майдагы акцияда анын айткан сөздөрүн толук колдойм. Ал сөздөр - ар бир казактын көкүрөгүн өйүп жүргөн нерселер».

Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Чымкент жана Актөбө шаарларында 1-майда өткөн нааразылык акцияларында июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоону жокко чыгаруу, парламенттик башкарууга өтүү, таза шайлоо өткөрүү, бийликти жаңылоо боюнча талаптар коюлган. Бийлик бул талаптарга катышуучулардын бир тобун кармап, жазага тартуу менен жооп кайтарды. «Митингге катышкандардын жазаланышы эмнеден кабар берет?» деген суроого Сенаттын депутаты Нурлан Бекназаров мындай жооп узатты:

«Ар ким өз оюндагысын айтып, көчөгө чыга берсе эмне болот? Кайсы жерге чыккың келет - мыйзамдуу түрдө уруксатыңды ал! Мыйзамда жергиликтүү органдар, бийлик менен акция өтө турган жер белгилениши керек экендиги жазылган. Ошол жоболорду аткаргандан кийин өткөрө бер. Ошондо полиция да сени коргойт».

Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматыда жана жакында эле Нур-Султан деп аты өзгөртүлгөн баш калаада 1-майдагы акцияга чыккан 80 адам кармалганын кабарлап, «уруксатсыз митингдер прокуратуранын эскертүүсүнө карабай өткөнүн» билдирген. Бир даары 15 күнгө чейин камакка алынса, дагы бир тобуна ар кандай өлчөмдөгү айыппул салынган.

Бирок андан кийин деле полицияга чакыртылгандар, айыпка жыгылгандар бар экени ачыкка чыкты. Алардын так саны белгисиз. Алматыдагы убактылуу кармоочу жайдын өкүлдөрү бул жерде канча киши бар экенин айтышкан жок.

Нааразылык акциясына катышканы үчүн камакка алынгандардын алды 12-майда бошотулат.

Дүйшөмбү, 6-майда таза шайлоого үндөгөн баннер үчүн он беш күнгө камалган активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков эркиндикке чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG