Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Казак хандыгын белгилөө Путинге каяшабы?


Майрамдан бир көрүнүш
Майрамдан бир көрүнүш

Нурсултан Назарбаев Казакстанды “Улуу талаалардын өлкөсү” деп атоону сунуш кылды.

Нурсултан Назарбаев Казакстанга мына ушундай бейрасмий ат берүүнү 11-сентябрда Астанада казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган расмий жыйында жарыялады.

Нурсултан Назарбаевдин айтуусунда, Казакстанды “Улуу талаалардын өлкөсү” деп атоо анын көп улуттуу калкынын мүнөзүн чагылдырат.

- Дүйнөдө тигил же бул өлкө өз мамлекетинин расмий аталышы менен бирге эле өзгөчө бир түшүнүктү да колдонуп жүргөн мисалдар көп. Биздин касиеттүү жерибизди байыртадан “Улуу талаа” деп аташкан. Ал эми бизди болсо “Улуу талаанын балдары” дешкен. Биз ата-бабаларыбыздын тарыхында болуп көрбөгөн, мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги кең жаңы Казакстанды куруп жатабыз. Ошондуктан бүгүн жана дегеле түбөлүк биздин Казакстан бул – Улуу талаа эли.

Назарбаевдин айтымында, казак хандыгын Жаныбек жана Керей хандар 1465-жылы түптөшкөн. Тарыхта 1465-жыл Алтын Ордонун кулаганы катары белгилүү. Казак президенти өткөн жылы Казакстанды расмий “Казак эли” деп атоону сунуштаган. Бирок бул демилге ошону менен унутта калгандай.

Астанадагы сөзүндө Назарбаев казак хандыгы 5,5 кылым мурда түзүлгөнү менен, ал Түрк каганатынын, ошондой эле сактар жана гунндар курган империялардын “мыйзамдуу мураскери” болгон деп атады.

Ал казак хандыгынын 550 жылдыгы белгиленерин орус президенти Владимир Путиндин “казактарда мамлекеттүүлүк эч качан болгон эмес” деген сөзүнөн кийин былтыр октябрь айында жарыялаган. Анын алдында, 29-августта Владимир Путин Назарбаевди мактап келип, "казактарда ага чейин мамлекеттүүлүк болгон эмес" деп айтканы казак коомчулугунда чоң талкууну жараткан эле.

- Назарбаев – абдан билимдүү жетекчи. Постсоветтик мейкиндикте, балким, жетекчилердин эң билимдүүсү. Ал уникалдуу эмгек кылды. Мурда эч кандай мамлекети жок жерде мамлекет түздү. Казактардын мурда мамлекеттүүлүгү болгон эмес, - деген эле Путин орусиялык жаштардын жыл сайын өтчү «Селигер» форумуна барып, катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып.

Деген менен Назарбаев өзү да бир нече курдай “1992-жылга чейин Казакстандын чек арасы жана мамлекеттүүлүгү болгон эмес” деп айткан жайы бар. Бирок Путиндин казак мамлекеттүүлүгү тууралуу сөзү Казакстанда чоң талкууну пайда кылган. Назарбаевдин казак хандыгынын 550 жылдыгын жарыялоого Путиндин ошол сөзү таасир эткенин айрым серепчилер айтып жүрүшөт.

Алматылык серепчи Айдос Сарым буга чейин “Азаттыкка” “Назарбаевге чейин казак мамлекеттүүлүгү болгон эмес деген ойду журттун санаасына сиңирип келген бийлик өтө ашыкча кетип калганын эми гана түшүнгөн сыяктуу” деп айткан эле.

Путиндин сөзү анын үстүнө Украина менен Орусиянын мамилелери кырды бычак болуп турган учурда айтылган. Ушундай эле ойду айткан Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновский «Эхо Москвы» радиосуна маек берип жатып, «Украинадан кийин эми Казакстанды басып алабыз» деп балп эттирген.

Бирок Жириновскийдин сөзүнө саясий баа берилүүсү керек деген казак депутаттары Путиндин сөзүн укмаксанга салышкан.

Казакстандык тарыхчы Мамбет Бейбиттин оюнча, Путин жогорудагы кепти айтпаса да 2015-жылы казак хандыгына 550 жыл толуп жатканы мурдатан белгилүү болчу.

- Путиндин антип айтканы - анын биздин калктардын тарыхын билбегени. Биздин жерде мамлекеттүүлүк идеясы Орусиядан мурда болгон. Андай сөздөр айтыла берет. Биз ага көңүл бурбашыбыз керек. Узак тарыхта биздин азыркы аймагыбызда бир эмес, бир канча мамлекеттер болгон. Ошолордун бир айкын көрүнүшү бул - Карахандар мамлекети. Анын курамында кыргыздар да, казактар да болгон. Ал эми 15-кылымдагы казак мамлекети андан мурда болгон мамлекеттердин түз жана логикалык-идеялык уландысы деп ойлойм.

Казак хандыгынын мааракелик иш-чарасына тушташ Астанада түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити да өттү. Ага Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери, ал эми башка түрк мамлекеттеринин министрлери жана өкүлдөрү келген.

Казак хандыгынын 550 жылдыгын белгилөө бир катар коомдук-саясий жана маданий иш-чаралар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG