Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Алматыдагы өрттөн кыргыз ишкерлери жапа чекти


Казакстан -- Өрт чыккан базар, Алматы, 17-ноябрь, 2013.
Казакстан -- Өрт чыккан базар, Алматы, 17-ноябрь, 2013.

Казакстандын Алматы кааласындагы "Кулагер” жана “Арал” базарларындагы өрттүн айынан көптөгөн кыргыз ишкерлеринин товары күйүп кетти. Бул окуя тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын Алматыдагы өкүлү Туратбек Аманбаевди сөзгө тарттык.

"Азаттык": Туратбек мырза, 17-ноябрдагы Алматыдагы “Кулагер” жана “Арал” базарларында өрт чыкканы дайын болду. Бул базарларда кыргыз жарандары соода кылары айтылып жүрдү эле. Өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жокпу?

Аманбаев: Тилекке каршы, бул өрттөн жабыр тарткан кыргызстандыктар көп болду. Себеби базардын өрт чыккан бөлүгүндө соода кылган кыргыздар көп болчу. Кечээ биз таңдан кечке чейин ошол жерде жүрдүк. Бардык товары, акчасы күйүп кеткен кыргызстандык жөнүндө угуп жаттык.

"Азаттык": Ал эми өмүрүнө коркунуч келип, жараат алгандар болгон жокпу?

Аманбаев: Бул боюнча так маалымат жок. Бир адамдын буту сынды деп жатышат, ал кайсы жактын жараны экенинен маалыматыбыз жок. Бирок түтүнгө ууланган адамдар болуп жатты. Болгон товары күйүп кеткендиктен абдан кайгырып, депрессияга түшкөндөр көп.

"Азаттык": Мына ошол товарлары күйүп кетип, жабыркаган кыргызстандыктардын санын тактай алдыңызбы?

Аманбаев: Азырынча так санын эсептегенге мүмкүнчүлүк боло элек. Бирок менин жеке эсептөөм боюнча 300-400гө жакын кыргызстандык соодагер жабыр тартты деп ойлойм. Андан да көп болушу мүмкүн. Себеби өрт чыккан базарларда жергиликтүү тургундар менен катар соода кылган кыргызстандыктар көп эле.

"Азаттык": Алардын товарлары толугу менен күйүп кеттиби?

Аманбаев: Ооба, үлгүрбөй калышты. Өрт таңга маал тутанып, өтө тездик менен жайылып кетти.

"Азаттык": Бул базарларда эмне сатылчу эле?

Аманбаев: Негизинен Казакстан, Алматы боюнча бут кийимдер дүңүнөн сатылчу.

"Азаттык": Эми мамлекеттик органдар тарабынан жардам көрсөтүлчүдөйбү?

Аманбаев: Жардам жөнүндө такыр сөз жок. Себеби бул базарлар жакынкы аралыкта жабылат деген эскертүүлөр берилип, сөз жүрүп жаткан. Бирок бүгүн Кыргызстандын Алматыдагы консулу келип, ал-абалыбыз менен таанышып кетти.

"Азаттык": Буга чейин да күздүн башында ушул эле базарларда өрт чыкса керек эле?

Аманбаев: Ооба, күздүн башында бул базарлардын карама-каршысындагы бут кийим саткан базарда өрт чыккан. Бирок анда жабыркаган кыргызстандыктар аз болчу. Ал эми бул базарда соода кылгандардын басымдуу бөлүгү кыргыздар.


Базардагы өрттөн сүрөт баян, Алматы, 17-ноябрь.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG