Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Рублдин артынан теңгенин куну кетүүдө


Теңгедеги Назарбаевдин сүрөтү.
Теңгедеги Назарбаевдин сүрөтү.

АКШнын Орусияга өткөн жумада киргизген санкциялары рублдин кунун кетирди. Рублдин артынан казак теңгесинин да курсу төмөндөп жатат. Бийлик бул утурумдук көрүнүш экенин айтып, элди шашылыш кадамга барбоого чакырууда.

Акча базарында теңгенин куну кете баштаганы тууралуу кабар казак өкмөтү үчүн күтүүсүз болду. Теңгенин арзандашы жөнүндө алгачкы маалыматтар 10-апрелде Астанада өкмөттүн жыйыны өтүп жатканда чыга баштаган.

Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов АКШ Орусияга киргизген санкциялардын таасири канчалык болору эки-үч күндө билине баштайт деп эсептейт:

- Биздин экономикага тийгизген таасирин баалаш үчүн бул жагдай эки-үч күндө кандай өнүгө турганына карашыбыз керек. Базар мындай нерселерге жактырбай мамиле кылат. Айрыкча саясатка байланган иштерде. Эгер рубль токтобой, дагы арзандай берсе, анда биз таасирин сезебиз.

11-апрелде Орусияда бир доллардын баасы 80 рублден ашты. Доллардын курсу болсо 64 рублдан өттү. Бул - 2016-жылдын жазынан бери долларга жана еврого карата рублдин эң катуу арзандашы. Ал эми 11-апрелде Казакстанда бир доллар 335 теңгеден сатылды. Эки күн мурда эле ал 320 теңге болчу.

Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев элди шашылыш чечим кабыл албоого чакырды:

- Курс дагы өсүп же төмөндөшү мүмкүн. Мен ушул учурда элге шашылыш чечим кабыл албоого кеңеш берет элем.

Данияр Акышев.
Данияр Акышев.

Өткөн жума күнү АКШ орусиялык 24 адамга, анын ичинде кеминде беш миллиардерге, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияга санкция киргизген болчу. Анын натыйжасында орусиялык 50 олигарх баалуу кагаздар базарынан жоготкон сумма 16 миллиард долларга жетти. Маселен, “Русал” компаниясынын ээси Олег Дерипаска эң чоң жоготууга учурап, бир миллиард доллардан ашуун акчасынан айрылды. “Русалдын” акциялары дээрлик 50% түштү.

Алматылык экономист Муктар Тайжан Орусия башында турган Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгон Казакстандын экономикасын мындан башка да жагымсыз окуялар күтөт деп эсептейт. Ал улуттук экономикадагы Орусиянын таасирин азайтыш керек экенин кошумчалады:

Муктар Тайжан.
Муктар Тайжан.

- Биз өзүбүздү чөгүп бараткан “Титаникке” байлап алганбыз. Мунун кандай зарылчылыгы бар? Биз өзүбүздүн андан ажыратышыбыз керек. Канча эрте болсо, ошончо жакшы. Биздин элита буга азырынча даяр эмес. Айла жок Евразия Экономикалык Биримдигинин табийгый жол менен Советтер Союзу сыяктуу өзүнөн-өзү ыдырашын күтөбүз.

Казак теңгеси акыркы жолу 2014-жылы февралда арзандаган. Анда өкмөт теңгени мурдагыдай колдоп туруу саясатынан баш тартып, аны акча базарында эркин коё берген. Саналуу күндөрдө теңге долларга карата кескин арзандап, башкача айтканда, бир доллар 155 теңге болуп жатса, кийин 300 теңгеге чыгып кеткен.

Анда да Батыш мамлекеттери Украинанын чыгышындагы кырдаалдан улам Орусияга санкция киргизген учур болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG