Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Казак бийлиги активисттерге "тузак" жайды


Жер сатууга каршы чыккандардын митинги. Апрель, 2016-жыл. Казакстан.
Жер сатууга каршы чыккандардын митинги. Апрель, 2016-жыл. Казакстан.

Казакстанда активисттер кысым күчөп, кармоолор көбөйдү. Өлкөнүн түрдүү аймактарында жер сатууга каршы пикирин ачык айтып жүргөн ондон ашуун адам камакка алынды.

Кармалгандар 21-майда тынчтык митингине катышуу ниетин билдиришкен эле.

Казакстандагы кармоолорго камтама болгон эл аралык Freedom House уюму расмий Астанага кайрылып, активисттерди бошотууга чакырды. Өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюму да бийликтин жарандарга карата мындай мамилесине тынчсыздануу билдирген болчу.

Апта башынан бери Казакстандын ар кайсы аймактарында бери дегенде 12 киши кармалып, үч суткадан он беш күнгө чейин камакка алынды. Арасында жөнөкөй жарандар, белгилүү укук коргоочулар жана саясатчылар бар.

Колго түшкөндөрдүн бири - сенаттын мурдагы депутаты Валихан Кайсаров. Ал Астанадагы үйүндө эки саат бою мыйзамсыз тинтүү жүргөнүн “Азаттык” радиосуна айтып берди:

- Мен кечки саат тогуздардан өткөндө үйгө келсем, бир Газель, бир УАЗ, дагы эки жеңил автоунаа менен келишти. Бронежилет, каска кийип алышкан. Иттер менен келишиптир. Колдорунда мени кармоого же үйүмдү тинтүүгө прокуратуранын санкциясы да, соттун чечими да жок.

Кайсаровдун айтымында, күч кызматкерлеринин колунда “санкциясыз тинтүү өткөрүүгө уруксат берген токтом” деген кагаз болгон. Анда экс-депутат үйүндө “мыйзамсыз курал-жарак сактап жатканы” жазылган.

17-майдан тарта Казакстанда камакка алынгандар убактылуу кармоочу жайларга киргизилип, камак мөөнөтү ар кимге ар кандай белгиленди. Алматыда беш адам, анын ичинде укук коргоочу Бахытжан Төрегожина 15 суткага, Астанада активист Максат Илясулы он суткага камалган. Ал президент Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы менен түзүлгөн жер реформасы боюнча комиссиянын ишине катышкан. Оролдо акын жана жарандык активист Жанат Есентаев үч суткага, ал эми Атырауда жергиликтүү активисттер - Макс Бокаев менен Талгат Аян да 15 суткага темир тор артына киргизилди.

Ошондой эле Алматы райондор аралык соту шаар тургуну Мөлдүр Адылованы «социалдык тармактарда көпчүлүктү жер маселеси боюнча митингге чакырган» деген айып менен 15 суткага камады. Мөлдүр Адылова бул айып менен макул эместигин билдирип, «Казакстандын патриоту катары жер маселесине байланыштуу жеке пикирин билдиргенин» айтты.

Казакстан: камалган активисттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Социалдык тармактардын колдонуучулары да өз баракчаларына "жер маселеси боюнча" пикир жазган соң полиция менен прокуратурага суракка чакырып жатышканын билдирүүдө.

Тинтүүлөр активисттердин үйлөрүндө гана эмес, бейөкмөт уюмдарда да жүрүп жатат. Батыш Казакстан облусунда “Аброй” коомдук уюмунун кеңсеси тинтүүгө алынды. Бирок полиция анын чоо-жайы боюнча комментарий бере элек. Уюмдун өкүлдөрү жер сатууга каршы көз карашын билдиришкен.

Үйлөрдө жана уюмдарда жүргүзүлгөн тинтүүлөр жазылган видеолор интернетке байма-бай чыга баштады.

Борбор Азияда демократия орнотуу фондунун директору, саясат таанучу Толгонай Үмбеталиева күч кызматкерлеринин аракетин мыйзамсыз атап, аларды сотко берүүгө мүмкүн экенин белгилейт:

Жер сатууга каршы чыккан активист Бахытжан Төрегожина 15 суткага камалды
Жер сатууга каршы чыккан активист Бахытжан Төрегожина 15 суткага камалды

- Мыйзам бузуу аракети жок болсо, жарандарды кармап темир тор артына киргизүүгө эч кимдин акысы жок. Мисалы, активисттер айтып жаткан митинг өтө элек. Адамдар нааразылык акциясына чыга элек. Бирок аларды кармап кетишүүдө. Бул мыйзамсыз! Бул адам укугун гана эмес, мамлекеттин мыйзамдарын да бузуу болуп саналат.

Үмбеталиева кармалгандар арасында жайкын тургундар көп экенин белгилеп, бийликтин өз жарандарына карата мамилеси эл аралык адам укуктарын сактоо нормаларына дал келбейт деген пикирин ортого салды.

- Кармалгандар арасында жөнөкөй жарандар бар. Алар белгилүү активисттер эмес, же кандайдыр саясий кыймылдын мүчөлөрү да эмес. Атырауда же башка облустарда өткөн нааразылык акциясына чыккандарды байкап көрбөдүкпү, дээрлик баары жайкын тургундар. Бийликтин аларга карата туруму түшүнүксүз болуп турат.

Активист Макс Бокаев (солдо) жарандык туруму үчүн 15 суткага камалды
Активист Макс Бокаев (солдо) жарандык туруму үчүн 15 суткага камалды

Ал тапта мамлекеттик телеканалдарда жер сатууга каршы чыккан активисттерди “мекен саткыны” аташып, аларды “АКШ каржылап жатат” деген каралоо күч алууда. Бирок бул маалыматты бышыктаган далил же факт келтирилбейт.

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин активисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырып, аларга тагылган айыптарды алып салууга үндөдү.

- Бийликтин активисттерди айыптоосу жана тынч жыйынды болтурбоо аракети казак өкмөтү башкача ойлонууга жол бербестигин көрсөтөт,- деди аталган уюмдун чукул кырдаалда жардам көрсөтүү жана эл аралык демилгелер боюнча вице-президенти Роберт Херман. Мурдараак ушул өңдүү кайрылууну БУУ да жасаган болчу.

Казакстандын бир катар шаарларында өткөн айдын соңунда жер сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Мындан соң президент Нурсултан Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө 2017-жылга чейин мораторий жарыялап, өкмөткө жер реформасы боюнча комиссия түзүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG