Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

Кыргыз демократиясына көз караш өзгөрдү


Атыраудагы митинг, 24-апрель, 2016-жыл
Атыраудагы митинг, 24-апрель, 2016-жыл

Нааразылык акциялардан тутанган эки ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстанда Казакстандагы жер сатууга каршы митингдерге тыкыр көз салып, байкап жаткандар арбын.

Интернетте Facebook, Twitter өндүү социалдык тармактарды активдүү колдонгон айрым кыргызстандыктар ушул тушта казак жарандарынын Кыргызстанды мактап, атүгүл суктанып жазгандарын кызуу талкуулап жатат.

Асем Кенжебек аттуу казакстандык жаран өздөрүн өйдө коюп, кыргыз жарандарын келекелеп күлүп келишкенин мойнуна алып, азыр эми Кыргызстан туура жолдо баратат деп суктанып, урмат-сыйын билдирип жазганын эки күнгө жетпей жүздөгөн адам бөлүшүп, кубаттап жатышат.

7-апрель, 2016-жыл, Бишкек
7-апрель, 2016-жыл, Бишкек

Кыргызстандагы байкоочулардын баамында, Казакстандагы соңку окуялар коомчулукту ойготту. Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, өлкө сыноонун алдында турат:

- Жер маселесине байланыштуу ушунча калың эле чыгып жатса, казак бийлиги ага кандай мамиле жасайт, сын пикирлерди угабы же жокпу деген суроолор казак коомчулугу үчүн сыноо болчудай. Кээ бир казак жарандарынын Кыргызстандын басып өткөн жолун карап, “булар өз кезинде туура жолду тандаган экен, бизден ашып кетишти” деген ойлору ушунун негизинде болуп жатат. Анткени алардын азыркы түшүнүгүндө президент Нурсултан Назарбаев баштаган өкмөт элге кулак салбай жатат, ондогон шаарларда миңдеген адам чыгып жатса, бийлик аларды каралагандан башка реакция кылбай жатат. "Көрсө, элди укпай туруп жерди сатып жиберет экен" деген пикирлер пайда болууда.

Асем Кенжебектин Фейсбукка жазган билдирүүсү
Асем Кенжебектин Фейсбукка жазган билдирүүсү

Талдоочу Марс Сариев болсо Казакстан Кыргызстан баскан жолду басып өтөт деп эсептейт:

- Азыр элита менен карапайым элдин ортосунда жарака кетти. Эгер жер сатылса байлар эле жыргарын, өздөрү талаада каларын жөнөкөй эл түшүнүп калды. Экинчиден, алар чындап эле Кытайдан чочулап жатат. Эгер алар жерди узак мөөнөткө ижарага алса, коррупция, авторитаризм бар өлкөдө аларды чыгаруу кыйын болуп калат. Мына ушул эки фактор элди көтөрүп жатат. Анын үстүнө кландар, улуу жүз, кичүү жүздүн ортосунда да тирешүү башталды. Ичинен да жарака кетип жатат.

Атырау, 24-апрель, 2016-жыл
Атырау, 24-апрель, 2016-жыл

Жапониядагы Кобе университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбековдун оюнча, жерге байланыштуу жагдай шылтоо гана болду. Казакстанда коомчулуктун көзү ачыла баштады жана башка жашоону самаган, ошого жетүүнү каалаган мезгил келди:

- Демократияга, ачык, акыйкат коомго умтулуу деген бир элде бар, бир элде жок деп айтуу туура эмес. Себеби элдин баарынын эле баалуулуктары бирдей. Эгер акыйкатсыздык болсо, коррупция гүлдөсө, эл ошол системага билген ыкмалары менен каршы турат. Казакстанда Жер кодексин өзгөртүү элдин нааразылыгынын негизги себеби деле эмес. Узак мөөнөткө ижарага берүү бир катар мамлекеттерде эле бар. Экономикалык-социалдык, саясий монополиядан, бийликтин, ресурстардын бир ууч адамдын колуна топтолуп калганынан чыгып жатат.

Коомдук ишмер Эмил Каптагаев коңшулардын кыргыз элине суктана турган да, суктанууга жатпаган жактары да бар экенин кеп салды:

- Кыргыз эли акыйкаттык, эркиндик үчүн аягына чейин күрөшө ала турган эл экенин көрсөттү. Бирок улам жыгылып, улам туруп жүрүп отурганына суктануунун деле кереги жок. Анткени коом бир калыпта, революциялык эмес, эволюциялык жол менен өнүккөнүнө эч нерсе жетпейт. Эл кандай болсо да тынчтык болсун деп бекеринен айтпайт да. Демократиялык шартта эч ким эч кимди кубалабай, атпай, өлтүрбөй, жакшы шартта өнүгүп отурганы жакшы.

Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев башаламандык жана анын кесепети тууралуу сөз кылганда Кыргызстанды такай сындап өтчү. Элди ынтымакка чакырган акыркы билдирүүсүндө болсо Украинаны мисал кылды.

XS
SM
MD
LG