Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:58

Президент Нурсултан Назарбаев 2050-жылга чейин Казакстанды дүйнөдөгү өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кошкусу келет.

Казакстандын 76 жаштагы президенти Нурсултан Назарбаев соңку он күндө эки жолу элге кайрылуу жасады. Ал ыйгарым укуктарын парламент жана өкмөт менен бөлүшөрүн жар салгандан көп өтпөй, 31-январда жаңы өнүгүү стратегиясын жарыялады.

Эл башы өлкөнүн Советтер союзу ыдырагандан кийинки телчигүү мезгилин биринчи жаңылануу, 2030-жылга чейинки стратегиясын жана Астананын борбор калаа катары калыптанышын экинчи жаңылануу деп атап, эми “үчүнчү модернизацияга” кезек келгенин билдирди. Ал үчүн президент артыкчылык бериле турган беш максатты атады: эң биринчиси - экономиканы жаңы технологиялар менен жабдуу, экинчиси - бизнес тармагын кеңейтүү, үчүнчүсү - макроэкономикалык туруктуулук, төртүнчүсү - адамдык капиталды өстүрүү жана акыркысы коррупцияга каршы күрөш, коопсуздук.

Назарбаев жаңы стратегиясы жарыялаардан бир күн мурда мамлекеттик телеканал аркылуу кыскача түшүндүрмө берген эле:

- Үчүнчү модернизациянын эң башкы максаты – экономиканы технологиялык жактан жаңыртуу. Санарип технологиялардын негизинде жаңы келечектүү тармактарды түзүшүбүз керек. Бизнес тармагын кеңейтип, ишкерчилик үчүн шарт түзүү да маанилүү. Ал үчүн мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу зарыл. Бизнеске тоскоол болгон жагдайларды болушунча азайтышыбыз кажет. Өнүгүү моделинин ичинде айыл чарба, транспорт жана логистика тармактары да бар.

Астана шаары
Астана шаары

Назарбаевдин планы боюнча, Казакстан 2050-жылга чейин дүйнөдөгү 30 өнүккөн өлкөнүн катарынан орун алып калышы керек. Алдыңкы 33 жылдын ичинде чакан жана орто бизнестин өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү 50 пайыздан кем болбошу зарыл. Мындан тышкары Кытай менен жетишилген келишимдердин негизинде казакстандыктар үчүн 20 миң жумуш оруну түзүлүүгө тийиш.

Планга ылайык, 9 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен инфляциянын деңгээлин бара-бара 3-4 пайызга түшүрүү мерчемделүүдө. Ал эми адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн 2019-жылдан тарта 10-11-класстын окуучуларына айрым сабактар англисче өтүлмөй болду.

Казак президенти жаңы стратегияны ишке ашыруу үчүн өкмөткө толгон тапшырмаларды берди. Өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев баштаган аткаминерлер эл башынын буйругун дароо эле элге түшүндүрүүгө киришип, иш башталганын өкмөттүн жыйынында көрсөтүүгө ашыкты.

Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңгелик банкнот.
Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңгелик банкнот.

Казакстандын 25 жылдык тарыхында бул сыяктуу бир катар программа, пландар жарыяланган. Алардын соңкуларынын катарында “Нурдуу жол”, "Стратегия-2050" программалары бар.

Сынчылар мындай пландар толук аткарылбаганын, мунайга көз каранды болгон бул өлкөнүн экономикасы жетиштүү либералдашпаганын, коррупциянын деңгээли дале жогору бойдон калып жатканын белгилеп келишет. Маселен, Transparency International уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Казакстан жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында, тактап айтканда, 176 өлкөнүн ичинен 131-болуп турат.

Казакстандык саясат таануучу Толгонай Умбеталиева бул жолку пландын мурдагылардан айырмасына токтолду:

- Бул жолку кайрылуу коомдогу маселелерге жакыныраак болду. Мурунку пландар фантастикадай угулчу. Азыр жерге дагы жакын сыяктуу сезилди.

Өткөн аптада казак президенти Конституцияны өзгөртүү аркылуу, ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламент жана өкмөткө берерин, өзү “жогорку арбитр” болорун жарыялаган. Эксперттер жаңы өзгөртүүлөр өлкөнүн демократиялашуусуна анчейин салымын кошпостугун дароо айтып чыгышкан.

Эми мураскору азырынча белгисиз эл башынын соңку өнүгүү стратегиясынан кандай майнап чыгарын убакыттын таразасы көрсөтчүдөй.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG