Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Казакстанда митингчилер камалды


1-май, 2019-жыл.
1-май, 2019-жыл.

2-майга караган түнү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын соту ондогон адамды административдик жоопкерчиликке тартты. Анын ичинде «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деп Алтынбек Орынтай уулу менен Алимжан Избасаров беш суткага камалды.

Акцияга катышып, камакка алынгандардын адвокаты Бауржан Азановдун айтымында, административдик жазага тартылгандардын көбүнө «укук коргоо органынын өкүлүнө баш ийген жок» деген айып коюлган. Сотто прокурор митингчилерди тароого чакырганда алар талапка баш ийбей койгону айтылган.

Нааразылык акциялары 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн. Алматыда жана Нур-Султанда акциялар алардын катышуучуларын жапырт кармоо менен коштолду. Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Алматыда жана баш калаада 80 адам кармалган. Журналисттердин эсеби боюнча, Алматыдагы акцияларга эле бери дегенде 300 адам катышты. Жөө жүрүшкө катышкандардын саны 200дүн тегерегинде болду. Укук коргоочулардын маалыматына караганда Алматыда кармалгандардын саны жүздөн ашат.

1-май, 2019-жыл.
1-май, 2019-жыл.

29-апрелде Башкы прокуратура «социалдык тармактардагы жана мессенжерлердеги чакырыктарга» байланыштуу уруксат берилбеген митингге чыккандар жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.

Ал арада Казакстандын Ички иштер министрлиги да билдирүү таратты. Министрликтин билдирүүсүндө акциялардын катышуучуларына «позицияларын жана ойлорун эркин, ачык айтуу мүмкүнчүлүгү берилгени», ага карабай айрымдар «өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнү» жана «коомдук тартипти бузганы» айтылат. Кармалгандарга эми «укуктук баа берилет».

Мунун алдында Казакстанда экстремисттик деп таанылган жана сот тарабынан тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» аттуу кыймылдын лидери, чет өлкөдө жашаган Мухтар Аблязов казакстандыктарды президенттик шайлоону бойкоттоп, митингге чыгууга үндөгөн эле.

1-майда акцияга чыккандар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Алар «Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – менин спикерим эмес», «Уят!», «Бойкот!», «Менин тандоо укугум бар!», «Саясий туткундарга эркиндик», «Чал, кет!» деп ураан чакырышкан.

Саясат таануучу Султанбек Султангалиев 1-майдагы митинг бийлик өтө оор абалда турганын көрсөттү деп эсептейт. Султангалиевдин баамында, бийлик репрессиялык ыкмалар мындан ары натыйжа бербей турганын жана бийликтин аброюна шек келтирерин түшүндү.

«Коом эки жүздүүлүктөн чарчады, эл кооз сөздөрдү эмес, реалдуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат, - деди ал. - Өлкө демократияга багыт алган саясий реформаларды күтүп жатат. Ондогон, жүздөгөн активисттерди камаса болот, бирок алар миңдеген адамдардын нааразылыгын жаратат. Заман өзгөргөнүн түшүнүш керек. Өлкө репрессиялардын жана башаламандыктын кучагында калбашы үчүн бийлик өкүлдөрү болуп жаткан окуяларга биринчи кезекте адекваттуу баа берип, кризистик кырдаалдан чыгуунун туура жолдорун издөөгө тийиш».

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөт. Ага 8 талапкер катышканы турат. Арасында утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев да бар. Токаевдин талапкерлигин «Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынын атынан​ көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG