Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Москва Астанадан жер сурады


Байкоңурдагы космодром, 15-декабрь, 2017-жыл
Байкоңурдагы космодром, 15-декабрь, 2017-жыл

Москва Астанадан Байкоңурдан учурулган ракета калдыктары үчүн кошумча жер сурап жатат. Казак өкмөтү ракета ташыган спутниктин калдыктары үчүн жаратылыш коругунун аймагын берүүнү ылайык көрүүдө. Бул болсо казак коомчулугунун каршылыгын жаратты.

Орус өкмөтү казак бийлиги менен Байкоңурдан учкан ракеталардын калдыктарына кошумча жер алууну сүйлөшүүдө.

Учурда «Союз-2» ракеталарынын калдыктарына Костанай облусунун Жангелдин районунан жер бөлүп берүү каралууда.

Бул аймакта «Алтын талаа» жаратылыш коругу жайгашкан. Ал жерди сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан сайгактар байырлайт. Үч жыл мурун бул аймактагы жаныбарлар массалык түрдө кырылган эле.

Байкоңур космодрому.
Байкоңур космодрому.

Казакстандын коргонуу жана аэрокосмостук өндүрүш министри Бейбут Атамкулов ракетанын калдыктары түшкөн аймакта экологиялык абал өзгөрбөйт деп ишендирүүдө:

- Эгерде чечим кабыла алынса, үч жылда жети гана жолу ракета учурулушу мүмкүн. Анда жаңы, экологиялык жактан таза, кычкылтектүү керосин менен иштеген кыймылдаткыч колдонулат. Экологиялык коркунуч болот деген, чынын айтсам, бул - жөн эле фобия. Мына, 60 жылда 2,5 миңдей ракета учурулду.

Азырынча Астана "Роскосмос" менен келишимге жетише элек. Казак бийлиги чечим кабыл алуудан мурун жергиликтүү калк менен жолугушуп, пикирин угууга убада берди.

Ал эми көз карандысыз эксперт Мухтар Тайжан Астана менен Москва сүйлөшүп жаткан жаңы келишимди көйгөйлөрдүн башаты катары көрөт:

- Орусия менен түзүлгөн келишимдерде биз кемсинген, оторчулук замандагыдай абалда турабыз. Буга чейин 70 жыл эч кимге айтылбай эле ракеталар кулап жатты. Жезкаган, Маңгыстау облустарында. Ал жакка Оренбургдан ракета атылганын силер билесиздерби? Эч ким билбейт. Алар Жаңы жерден биздин Сарашаганга ракета учуруп жатышат. Баллистикалык ракеталарды.

Муктар Тайжан.
Муктар Тайжан.

Ракета учкандан кийин жерге түшкөн калдыктары үчүн буга чейин Караганды жана Актөбө облустарында атайын жер бөлүнгөн. Москва кошумча сурап жаткан жер "Союз-2" ракетасын космоско ташыган жасалма спутниктин калдыктары үчүн керек.

Былтыр июнда Караганды облусунда Байкоңурдан учкан ракетанын калдыктарынан бир адам каза таап, бирөө өрттөн жабыркаган.

Орусия Байкоңур космодромун 1994-жылдан бери пайдаланат. Казак космодромунун бир жылдык ижара акысы 115 миллион доллар. 14 жылда Орусия Казакстанга 2,6 миллиард доллар төлөп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG