Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Жаңы-Өзөндө шайлоо болот


Казакстанда Конституциялык кеңеш Жаңы-Өзөндө чукул абал болгондуктан, шайлоо өтпөйт деген бүтүмүн чыгарган эле. Президент Нурсултан Назарбаев бул чечимге вето койгондон кийин кеңеш кайра шайлоого макул болду. Оппозиция Жаңы-Өзөндөгү шайлоо мыйзамдуу күчкө ээ болоорунан күмөн санап жатат.

Aйдарбаев Куандык – Жаңы-Өзөндүн тургуну. Ал ушул 15-январга белгиленген парламенттин төмөнкү палатасына шайлоодо добуш берүүгө ниеттенип жатат.

Өткөн аптада Конституциялык кеңештин чечими күчүндө калганда, Айдарбаев добуш берүүгө катышпай калмак.

16-декабрда Жаңы-Өзөндөгү толкундоолордо полиция ок атып, 17 киши набыт болгон эле. Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер курмандыктардын саны мындан алда-канча көп деп жатышат.

Казакстандын батышындагы шаарда чукул абал жаңы киргизилгенде, Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык кеңешке кайрылып, Жаңы-Өзөндө шайлоо өткөрүүгө болоор-болбосун тактап берүүнү суранган.

6-январда Конституциялык кеңеш Баш мыйзамдын негизинде бул шаарда шайлоо өткөрүлбөсүн деген өкүм чыгарган. Бирок бул чечим президенттин ветосунан өтпөй калды. Конституциялык кеңештин жетекчиси Игорь Рогов президенттик ветону колго салганда аны күчүнөн кетирүү үчүн жетиштүү добуш чогултулбай калганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын орун басары Владимир Фоос 11-январда "Конституциялык кеңеш президенттин ветосун жокко чыгара албагандыктан Жаңы-Өзөндө парламентке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо мурда пландалгандай эле 15-январда өтөт" деди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Куандык Турганкулов президенттин чечимин комментарийлөөдөн баш тартты.

Жаңы-Өзөндө шайлоо өткөрүү чечимин укук коргоочу Амангелди Шорманбаев күмөндүү кадам деп баалады. "Чукул абал маалында бул шаарда үгүт ишин жүргүзүү мүмкүн эмес, ал эми шаарга кирүү үчүн комендатурадан уруксат алыш керек. Андай уруксат болгон күндө да үгүт иштерине 3-4 күн эле калып жатпайбы", - дейт ал. Мыйзамда үгүт өнөктүгүнө бир ай бөлүнгөн.

Ал эми оппозициядагы социал-демократиялык "Азат" партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов ондогон киши окко учуп, же дайынсыз жоголуп жаткан шаарда үгүт жүргүзүүнүн өзү адеп-ахлакка жатпай калабы деп чочулайт. "Азаттыктын" Казак кызматы менен маегинде ал Жаңы-Өзөн жайгашкан Маң-Кыштоо аймагында анын партиясы 16-декабрга чейин эле иш жүргүзүп келгендигин белгилеп, "эл кимге добуш беришти билет" деди.

Жаңы-Өзөндөгү окуялар президенттин беделине канчалык шек келтиргенин айтуу кыйын, бирок бул шаардын тургуну Aйдарбаев Куандык «Азат» партиясынан жакында үч мүчө президенттик "Нур Отанга" өткөндүгүн бүт өлкөдө жар салып жатышканда, Жаңы-Өзөндө "Нур Отандан" чыккандар көп экендигин билдирди.

Айдарбаев ошондой эле чукул абал 31-январга чейин узартылган шаарда кандуу окуялардан кийинки тергөө, камакка алуулар элдин жүрөгүнүн үшүн алып койгондуктан, азыр жарадарлар да ачыкка чыкпай жаткандыгын бышыктады. Анын пикиринде, курмандыктардын саны бийлик ырастагандан бир-нече эсе көп болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG