Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Балдар үйүнөн качкан өспүрүм арыз жазды


Военно-Антоновкадагы балдар үйү
Военно-Антоновкадагы балдар үйү

Военно-Антоновкадагы балдар интернатынан 16 жаштагы өспүрүм үчүнчү ирет качып кетти. Ал тарбиячылар менен интернаттагы айрым балдардан ыдык көргөнүн айтып, Башкы прокуратурага арыз жазганы кабарланды.

Милиция учурда Данил Ходыревди издеп жатат.

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар интернатынын 16 жаштагы тарбиялануучусу 11-апрель күнү түштөн кийин качып кеткен. Ага чейин бир күн мурда өспүрүм интернаттан уруксатсыз чыгып, жетим балдардын укугун коргогон коомдук фондго барып, тарбиячылар менен интернаттагы өзүнөн улуу балдар аны ур-токмокко алып, кемсинтип жатканын айтып кайрылган.

Аталган фонддун директору Игорь Беляев өспүрүмдүн кайрылуусунун негизинде Башкы прокуратура менен Билим берүү министрлигине арыз жазылганын билдирди:

Игорь Беляев.
Игорь Беляев.

«Ал бизге 10-апрелде кайрылган. Өзү келип, биз ага юридикалык жардам беришибизди өтүндү. Биз анын арызын кабыл алдык. Анын айтымында, тамак ичип жатканда стакан менен башка урган учурлар болгон. Тарбиячылар менен тарбиялануучуларга каршы даттанып жатат. Мындай нерсеге көз жуумп тура алган жокпуз. Бирок далилибиз жок болгондуктан кимдир-бирөөнү айыптоодон алысмын. Бүгүнкү күндө бала ал жерге баргысы келген жок. Качып жүрөт».

Учурда өспүрүмдүн кайда экендиги белгисиз. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова бала изделип жатканын айтты.

Военно-Антоновкадагы балдар интернатынын жетекчиси Аскар Масылов өспүрүмдүн дооматтарын четке кагууда. Ал баланын жүрүм-туруму өтө начар экенин айтып, ушуну менен үчүнчү ирет качып кеткенин кошумчалады:

Аскар Масылов.
Аскар Масылов.

«Эми бул бала менен көп иштедик. Эч окугусу келбейт. Эч нерсе кылгысы келбейт. Мугалимдерди кадимкидей сөгөт. Бул жердеги 116 баланын бири менен да дос эмес. Өзү теңдүүлөр менен эч сүйлөшпөйт. Кечээ Билим берүү жана илим министрлигинен комиссия келди. Алар кетер замат «Силер ким элеңер?», «Мага эмне кыла аласыңар?» деген бойдон автобуска түшүп качып кетип калды».

Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, интернаттагы жагдайды иликтеп жатат. Мекеменин мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Өмүрканова бала өткөөл куракта экенин белгилеп, мындай учурда балдардын психологиялык абалы туруксуз болуп, ар кандай кадамдарга барышы мүмкүн экенин айтты:

«Качып кетип өзүнө көңүл бурдургусу келип жатат. Бул бала 14 жашында интернатка түшкөн. Эки жыл боло элек. Көнө албай жатат десек болот. 11 жаштан 16 жашка чейин балдарда өткөөл курак болот эмеспи. Азыр министрлик комиссия түздү. Бала сыртта эркин жүрүп көнүп калган экен. Бул окуя биздин көзөмөлгө алынды».

Дайынсыз болуп жаткан 8-класстын окуучусу Данил Ходырев тууралуу анын классташтары буларды айтышты:

Военно-Антоновкадагы балдар үйү.
Военно-Антоновкадагы балдар үйү.

- Түшүнгүсү келсе көп сабакты жакшы окуйт. Бирок эч нерсе кылгысы келбейт. Мүнөзү болсо жөн жүрбөйт. Баарына тийише берет. Кээде өзүнөн кичүүлөрдү сабап деле коёт.

- Аны менен сүйлөшсөң жакшы эле бала. Бирок сабак учурунда сейилдеп жүрө бермей адаты бар. Мугалимдер аны урушуп гана койбосо, урбайт деле.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Данил Ходырев Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө турмуштук оор кырдаалга байланыштуу соттун чечими менен 2014-жылы алып келинген. Анын атасы каза болуп калган. Апасы уулунан баш тартып койгон. Турмуштагы бир тууган эжеси менен катташпайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG