Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Кобаниге абадан курал таштоо сынга кабылды


Кобани шаарынын алыстан көрүнүшү.
Кобани шаарынын алыстан көрүнүшү.

Ирактагы Күрт автономиялуу аймагынын парламенти күрт аскерлеринин Сириянын Кобани шаарына жиберилишин колдоду. Ал арада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кобани шаарын коргогон күрт согушкерлерине АКШнын абадан курал-жарак таштоосун айыптады.

Ирактын Күрдистан аймагынын парламент спикери Юсеф Мухаммад Садык 22-октябрда парламентте сүйлөгөндө Кобаниде «Ислам мамлекети” тобунун экстремисттери менен бир айдан бери күрөшүп жаткан күрттөргө көмөк көрсөтүү үчүн пешмерга аскерлерин жиберүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Кобаниге барчу пешмерга күчтөрүнүн саны канча экени жана алар качан кетери азырынча белгисиз.

Ирактагы күрт расмийлеринин бири Хемин Хаврами Твиттердеги баракчасына аскерлер оор курал-жабдык менен чопкутталып жөнөтүлөрүн жазды. Себеби, буга чейин Кобанинин коргоочулары мыкты куралданган радикал топ менен күрөшүү үчүн оор бронеминометтор керектигин билдиришкен.

Ал арада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириянын чек арасындагы Кобани шаарын коргогон күрт согушкерлерине Кошмо Штаттардын абадан курал-жарак, дары-дармек таштоосун туура эмес деп сындады:

- Жасалган иш туура аткарылган жок. С-130тан Күрт демократиялык партиясынын согушкерлерине багытталып ыргытылган курал салынган таңгактардын айрымдары «Ислам мамлекети» тобунун колуна түшүп калды. Бир нече күндөн бери өз сайтында жайгаштырган видеодо алар таңгакты ачып, ичиндегилерин көргөзүп атышат, – деди президент Эрдоган.

Бул маалыматты Пентагон да ырастап, Сириядагы күрт аскерлерине багытталган эки таңгак курал-жабдык “Ислам мамлекети” тобунун экстремисттеринин колуна түшүп калганын билдирди.

Пентагондун өкүлү, полковник Стив Уоррендин айтканы боюнча, атайын жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин 28 таңгактын экөө радикал топтун колуна түшкөн. Кобанидеги кырдаалга баа берип жатып Пентагондун маалымат катчысы, контр-адмирал Жон Кирби шаардын басымдуу бөлүгүн күрт күчтөрү ээлеп турса да, радикалдык уюмдун согушкерлери мурдагыдай эле коркунуч туудуруп жатканын белгиледи:

- Тынымсыз аба соккулар жана күрт күчтөрүнүн жерден жасаган басымы "Ислам мамлекети” тобунун шаарды басып алуусуна бөгөт коюу үчүн эбегейсиз чоң иш болду. Бул ийгиликке жетишүү дегенди билдиреби? Мен азыр эч нерсе деп айта албайм. Биз үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп турабыз.

Шаршембиде Анкарадагы маалымат жыйында Эрдоган ирактык күрттөрдүн аскерлери - пешмергаларды Кобаниге жардамга Түркия аркылуу өткөрүүнү сунуш эткен. Президент Эрдоган Кобаниде азыр карапайым эл жоктугун, эки миңдей гана согушкер калганын белгиледи.

- Эми кимдин кантип колдогону ачыкка чыгууда. “Мунун баары күрттөргө жеткен жок, бирок алар анын бир бөлүгүн алды” десе логикалуу болот. Буга ынанып болбойт, муну жасоонун бир кыйла акылдуу жана бир кыйла ишенимдүү жолдору бар. Талылуу маселеге келгенде, ишти аткаруу керек деп эле мындай кадамга бара албайсыңар, - деп кошумчалады түрк президенти.

Ирак жана Сириянын көп бөлүктөрүн ээлеп алган "Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүп жаткан Кошмо Штаттар башында турган ал аралык аскерий операциялар 22-октябрда да уланды. Ирактын түндүгүндөгү Байжи шаарынын тушунда коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынан 25 согушкер набыт болду.

Ал арада полиция жана медиктердин айтымында, Багдадда миналанган эки автоунаа жарылып, бери дегенде 28 адам набыт кетти.

Атайын зат коюлган автоунаалардын жардырылышы акыркы күндөрү баш калаа Багдадда күчөп бараткандай. Мындай зобун иштердин көбү үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн басымдуу бөлүгүн ээлеп алган экстремисттер өз моюнуна алууда.

XS
SM
MD
LG