Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кобаниге чабуул басаңдады, бирок...


Кобани шаары соңку бир айдан бери “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн символуна айланды.
Кобани шаары соңку бир айдан бери “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн символуна айланды.

АКШ армиясынын акыркы билдирүүсүнө караганда, учурда Кобанинин басымдуу бөлүгүн күрт күчтөрү көзөмөлдөп жатат.

​Ошондой эле согушкерлер акыркы бир нече күндөн бери ал жерде алдыга жыла албай калды.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби Вашингтондогу басма сөз жыйында белгилегендей, Кобаниде кырдаал чыңалган бойдон турат, бирок АКШнын аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун чабуулун басаңдатып, күрт күчтөрү өз турумдарын кармоодо:

- Биз Кобанидеги кырдаал дагы деле жакшы эмес жана белгисиз, ал согушкерлердин карамагына өтүп кетиши ыктымал деп санайбыз. Шаарды коргоп жаткан күрт күчтөрү биздин ишенимибизде анын басымдуу бөлүгүн ээлеп турат. Аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун шаардагы чабуулун, алардын коркунуч жаратуу жөндөмүн басаңдатты. Бирок бул шаар эми коркунуч алдында эмес дегенди туюндурбайт.

Пентагондун өкүлү шаардын кээ бир бөлүктөрүндө согушкерлердин туруму “кубаттуу” бойдон калып жатканын кошумчалады.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби
Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби

Жон Кирбинин айтымында, АКШ “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирак менен Сирияда абадан жүргүзүлгөн операцияларга азыркыга чейин 424 миллион доллар коротту. Бул АКШ тараптын эсебинде, аба соккулары менен байкоо иретиндеги учууларга күнүнө 7, 6 миллион доллар кетип жатат дегендик.

Кобанидеги күрт күчтөрүн колдоо үчүн АКШнын аскерий учактары өткөн түнү да рейд жасады. Мунун алдында 20 - октябрда жүк тарткан аскерий учактар абадан курал-жарак, дары-дармек таштаган эле.

Бирок Британияда жайгашкан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уруш жүрүп жаткан аймактардагы активисттерге таянуу менен ошол ташталган курал-жарактардын кеминде бир таңгагы согушкерлердин колуна түшүп калганын маалымдады.

Шейшембиде интернетте пайда болгон видеодо «Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери алардын колуна тийген таңгактан граната жана башка ок-дарыларды чыгарып жатышканы көрсөтүлгөн.

Пентагондун басма сөз катчысы, контр -адмирал Жон Кирби АКШ абадан таштаган 28 таңгак жүктүн бирөөсү «Ислам мамлекетинин» колуна тийип калышы ыктымалдуулугун жокко чыгарбады. Анын айтымында учурда америкалык адистер интернетте тараган видеонун чын-төгүнүн изилдеп жатышат.

​Өзү «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлеринин колуна америкалык курал-жарак буга чейин да тийген эле. Алар муну быйыл жайда Ирактын бир катар аймактарын басып алган кезде качууга аргасыз болгон жергиликтүү жоокерлерден тартып алышкан.

«Ислам мамлекети» тобунун 20-октябрдагы аёсуз чабуулдарынан жана жанкечтилердин кол салуусунан кийин Кобаниде уруш бир аз басаңдап калганын күбөлөр жана байкоочулар да айтышууда.

Апта башында Түркия Кобаниге Ирактын Күрт автономиясынан аскерий жардам алардын аймагы аркылуу өтүшүнө макулдук берген.

XS
SM
MD
LG