Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Түз ободо Украина контрчабуулун баштадыбы?

Украинада согуштун башталганына бир жылдан ашты.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда "аскердик операция" деген жүйө менен бастырып кирген.

2022-жылы 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:59

5-июнда эртең менен орус аскерлери Украинанын Херсон калаасын аткылаганда бир киши набыт болду. Ал ишканалардын биринин күзөтчүсү экенин, жумуш маалында ага ок тийгенин облустук аскердик админстрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Анын айтымында, Херсон шаарына эртең менен саат ондордо чабуул коюлду. Ал эми түнкү чабуул учурунда 47 жаштагы аял жараат алган.

Соккудан жыйырдан ашуун турак жай, гараждар, автоунаалар жана эки окуу жайынын имараты зыян тартты.

Орусиянын 3-июндагы ракета жана дрон соккусунан Украинанын Днепр калаасына жакын Подгородное шаарында эки жаштагы наристенин өмүрү кыйылган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 4-июнда "орус баскынчыларынын Бахмутка жакын жерде жүргүзгөн эки операциясы ийгиликсиз аяктаганын" кабарлаган.

12:29

Орусия Украинанын контрчабуулу башталганын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-июнга оогон түнү Донецк аймагынын түштүк багыты боюнча беш тилкеде Украина контрчабуул баштаганын билдирди. Киев эч кандай комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Украинанын куралдуу күчтөрү өз максаттарына жеткен жок жана чабуулдун мизи кайтарылды" деп ырастайт.

Украинанын контрчабуул тууралуу көптөн бери айтылып келүүдө. Май айынын соңунда украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк куралдуу күчтөрдүн контрчабуулу башталганын билдирген. Ал Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабайт, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде Донбасс менен Крымды бошотуу үчүн колдонулат деп айткан.

Твиттерге Подоляк контрчабуул "белгилүү бир күнү, белгилүү бир убакытта кызыл тасманы салтанаттуу кесүү менен" баштала турган "окуя" эместигин жазган эле. Контрчабуулга ар кайсы багыттагы оккупациялык күчтөрдү жок кылууну көздөгөн ондогон түрдүү аракеттер кирет деп билдирген.

09:40

Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород районундагы энергетикалык объекттердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков кабарлады. Бирок ал өрттөнүп жаткан объекттин чоо-жайын тактаган жок. Гладков ошондой эле жабыркагандар жоктугун, электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, өрттүн себеби дрондон жасалган чабуул болушу мүмкүн.

Мунун алдында Гладков аткылоого дуушар болуп жаткан Украина менен чектеш райондордун тургундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөгөн. Ал Телеграм-каналына эки адам мерт болгонун жазып: "Бардык калк жашаган айылдарды, оболу аткылоого кабылып жаткан Шебекински округунда жашагандар бийликтин айтканын угуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактоо үчүн үй-жайынан убактылуу чыгып кетүүсүн өтүнөбүз", – деген.

Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.

"Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын кабарлаган. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев эч кандай комментарий бере элек.

03:43

Белгороддун бийлиги элди "убактылуу" башка жакка чыгып кетүүгө үндөдү

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков аткылоого дуушар болуп жаткан Украина менен чектеш райондордун туртундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөдү.

«Кечээ Безлюдовка жана Новая Таволжанкада эки киши набыт болду. Бардык калк жашаган айылдарды, оболу аткылоого кабылып жаткан Шебекински округунда жашагандар бийликтин айтканын угуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактоо үчүн үй-жайынан убактылуу чыгып кетүүсүн өтүнөбүз", – деп жазды Гладков Телеграмга.

4-июнда эртең менен Орусия аннексиялап алган Крымдын «жетекчиси» Сергей Аксенов өткөн түнү жарым аралда абадан коргонуу системасы беш дронду атып түшүргөнүн, дагы төртөөнүн жолу буулганын билдирди.

Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги така аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.

"Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын билдирген. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев болсо эч кандай комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG