Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Токаев «Курманжан Датка» тасмасын мактады


Kazakhstan\Almaty -Kyrgyzstan -- Poster "Kurmanjan datka". 12Oct2014
Kazakhstan\Almaty -Kyrgyzstan -- Poster "Kurmanjan datka". 12Oct2014

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» деген басылмада жарык көргөн макаласында мамлекеттик мекемелерге жана телеканалдарга тарыхый окуяларды чагылдырууга көңүл бурууга чакырды.

«Албетте, каржы маселеси да чечилиши керек. Бирок көп акча коротпой эле сапаттуу тасмаларды тартса болот. Кыргызстан көп каражатты сарптабастан жогорку деңгээлдеги фильмдерди жаратса болорун ачык көрсөттү. Кеп «Курманжан датка» тасмасы жөнүндө болуп жатат», - деди Токаев.

Казакстандын президенти өлкө тарыхында эгемендиктин баасын көрсөткөн көп окуялар бар экенин белгилеп, Семипалатинскидеги өзөктүк полигондогу сыноолорду, «Алаш-Орда» кыймылынын ишмердүүлүгүн, 1921-1922-жылдардагы ачарчылыкты мисал келтирген.

Токаев бул өзгөчө өсүп келе жаткан муун үчүн зарыл экенин билдирген.
«Өсүп келе жаткан муун, биз эгемендикке кандай жол менен жеткенибизди эстен чыгарбашы керек», - деп кошумчалады президент.

«Курманжан датка» – Кыргызстанда мамлекеттин буюртмасы менен 70 миллион сомго тартылган тасма. Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан бул фильм көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган жана казак тилине да которулган.

XS
SM
MD
LG