Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Мигрант кыз-келиндердин ролу тууралуу эссе-иликтөөлөргө сынак жарыяланды


Москвадагы кыргызстандык мигрант Сайрагүл Сатыбалдиева. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадагы кыргызстандык мигрант Сайрагүл Сатыбалдиева. Иллюстрациялык сүрөт.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду коомдун өнүгүшүнө жана тынчтык курууга салым кошкон мигрант кыз-келиндердин иши тууралуу эссе-иликтөөлөргө сынак жарыялады. Сынаккка журналисттер жана блогерлер катыша алат.

Сынак Эл аралык миграция уюму, Эл аралык эмгек уюму жана БУУнун «Аялдар» долбоору менен чогуу жүргүзүп жаткан «Коомдун тынч жана инклюзивдүү өнүгүшү үчүн миграциядагы кыз-келиндердин укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» деп аталган долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө.

Сынакка учурдагы мигрант аялдын портрети; мигрант кыз-келиндердин экономикалык, интеллектуалдык жана инфратүзүмдүк салымы, миграцияда жүрүп келип, мекенинде иш орундарын түзүү менен ийгиликке жетишкен мигрант аял, мигрант эне, ийгиликтүү мигрант кыз, мигрант тынчтык куруучу аял, үй-бүлөсүнө жана айылына (шаарына) салымы бар мигрант келин; мигрант кыз-келиндердин коомду жана тынчтыкты куруу аракетин колдоого алган жергиликтүү бийлик же үй-бүлөнүн иши тууралуу макалалар кабыл алынат.

Мындан тышкары мигрант кыз-келиндердин коомду өнүктүрүү жана тынчтык куруу аракетинин бааланбашы, коопсуз миграцияга салымы жана коронавируска каршы күрөшүүдө мигрант кыз-келиндердин ролу тууралуу макалаларга да орун берилет.

Сынакка макалалар видео, аудио жана текст түрүндө маалымат каражаттарына 2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 28-февралына чейинки аралыкта жарыяланган түрүндө кабыл алынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG