Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:28

Күйдүргүдөн корккон элдин талабы


Өзгөн райондук ветеринардык лабораториясынын кызматкерлери. 29-март, 2019-жыл.

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мал базар мурда ылаңдаган малды дарылоочу жай болгонун, ага жакын жерде күйдүргүнүн очогу бар экенин айткан жергиликтүү эл район жетекчилигине кайрылды.

Мындан улам айыл тургундары менчик мал базарды башка аймакка жылдырууну талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик атайын комиссия айтылган аймакты текшерип, күйдүргүнүн белгисин таппаганын айтууда.

Куршаб айылында үч гектардай жерди ээлеген колхоздун эски дан кампасы мал базар катары 2016-жылдын октябрь айында иштей баштаган.

Ветеринар Шарабидин Бегматов мал базардын аймагы мурда ылаңдаган малды дарылоочу жай болгонун, өлгөн жандыктын тарпы ошол жерге көмүлгөнүн айтты:

Шарабидин Бегматов
Шарабидин Бегматов

"Базардын ичиндеги бул жерде мурда ылаңдаган малды дарылоочу жай болгон. Совхоздун төрт түлүгүн ушул жерге алып келип дарылап, андан кийин Оштогу эт комбинатына жөнөтүп турушкан. Азыр ал жерде базарга келген эл тамактанып жатат. Мал дарылоочу жайга келген жандыктар мына бул короолордо турушкан. Короонун артында өлүккана болгон. Өлгөн малды ошол чуңкурга ыргытышкан. Ал жерде азыр таш заводу бар".

Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Данияр Маматалиевдин айтымында, район аймагында күйдүргүнүн 144 чордону катталган. Ушу тапта алардын 71и бетондолуп, айланасы тосулуп, турган орду атайын картага түшүрүлгөн. Калган 73 чордонду жаан, сел жууп кеткен.

Куршаб айылындагы мал базарга жакын жердеги күйдүргүнүн чордонун текшерген комиссиясынын курамында болгон Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкери Абдыллабек Абдыкадыров буларды айтты:

Абдыллабек Абдыкадыров
Абдыллабек Абдыкадыров

"Комиссиянын мүчөлөрү менен барып, адистер төрт жерден анализ алган. Аны лабораториядан текшергенде күйдүргүнүн (Сибирь жарасынын) белгилери табылган эмес. Биз корутунду жазып бергенбиз. Азыр мал базар турган жерде мурда ылаңдаган малды дарылоочу жай болгон. Бирок ал жерде жугуштуу оорулар дарыланган эмес. Күйдүргү менен ооруган мал адатта терең чуңкурга көмүлүп, зыянсыздандырылат".

Күйдүргү чордону деп айтылып жаткан жердин топурагын Өзгөн райондук ветеринардык лабораториясы да текшерип чыккан. Мекеменин жетекчиси Нурлан Рахманов текшерүүнүн корутундусунда күйдүргү аныкталбаганын маалымдады.

"Өтө кылдат эки ирет текшердик. Бирок ылаңдын белгилери аныкталган жок".

Бирок жергиликтүү тургун Манап Кошиев бир кезде райондук санитардык-эпидемиологиялык станцияда иштеп турганын, ошол жылдары азыр мал базарга жакын аймактагы "күйдүргүнүн очогу бар" деп айтылган жерди дезинфекциялап турганын айтууда.

Манап Кошиев
Манап Кошиев

"Мен иштеп жүргөндө ал жерди көп жолу дезинфекция кылгам. Күйдүргүнүн очогу барын бизге орус мал доктурлар көрсөтүп кетишкен. Ал жерге мал базар ачардан мурда ойлонушса болмок".

Ветеринар Шарабидин Бегматов болсо тийиштүү мекемелерге, жергиликтүү бийликке, президентке кайрылса да коопсуздук чарасы көрүлбөй жатканына капа.

"Кайрылбаган жерим калбады. Мен ветврач катары канча чуркадым. Кулак салган киши жок. Текшерип "эч нерсе чыкпады" деп жатышат. Ал жерди билген кишилер азыр да тирүү. Мал базардын жанындагы арыктан суу агат. Аны эл ичип жатат. Оору чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Күнүмдүк жашоо менен алагды болуп, келечекти ойлобой жатабыз. Бийликтегилер качан гана оору чыканда аракет кылышат окшойт".

Мал базардын ээси Тажидин Ахунов Өзгөн райондук ветеринардык лабораториясынын корутундусуна таянып иштеп жатканын айтууда.

"Мага Өзгөн райондук ветеринардык лабораториясы, ветеринардык башкармалык “ал жерде күйдүргүнүн очогу жок” деген корутунду берген. Ошонун негизинде иштейм".

Куршаб айылындагы мал базар
Куршаб айылындагы мал базар

Куршаб айылында ар аптанын ишемби күнү мал базар болот.

2018-жылдын август айында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда ооруканага жаткырылган 12 адамга “Сибирь жарасы” (күйдүргү) диагнозу коюлган.

Өзгөн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Данияр Маматалиев билдиргендей, күйдүргү кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен кеселдеген малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулуусу шарт. Оорунун очогу жүз жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу шарт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG