Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Имиш кеп эт базарды дүрбөлөңгө салды


Казакстандыктар кабылган күйдүргү илдети Кыргызстанда да пайда болду деген маалыматты тиешелүү мекемелер расмий төгүндөштү. Ошол эле учурда соодагерлер социалдык тармактар аркылуу тараган имиштерден улам эт базарларда баа түшүп кеткенин айтып жатышат.

Ош базарында эт саткан жайдын ветеринардык лаборатория жетекчиси Алмаз Жунушбаев буларды айтты:

- Эт алып кеткендер Ош базарына келип “эт жебейбиз, азыр күйдүргү тарап жаткан экен" деп көтөрүп келип жатышат.

Ушундай шектенүүдөн улам учурда Бишкекте эттин баасы түшүп, соода мурдагыдай болбой калганын эт сатуучулардын бири Нурболот айтып берди:

- Эттин баасы түшүп, соода жок. Буга чейин койдун этин 280-290 сомдон сатчу элек. Учурда 240-260 сомдон сатып калдык.

Эт саткандардын дагы бири Бурулча буларды кошумчалады:

- Ош базарына келип бир келин "күйдүргү чыкты, ооруп жаткандар бар экенин теледен көрсөттү" деди. Мен өзүм эч качан телевизор көрбөйм. Бирок азыр бизде бул оору жок. Себеби бизди ветеринар дарыгерлер тыкыр текшерип турушат. Эгер күйдүргү чыкса, анда биринчи эле эт сатуучулар өлөбүз.

Мал догдур, Нарын облусу. 2015-жыл
Мал догдур, Нарын облусу. 2015-жыл

Ветеринар Алмаз Жунушбаевдин айтымында, малдын коркунучтуу ылаңына байланышкан имиштер эт базарды дүрбөлөңгө салды:

- Күйдүргүдөн эки адам каза болду, бир нече адам оор абалда жатат деген маалыматты “Мир” телерадиокомпаниясынын жаңылыгынан уктук эле. Анан бул жактан ал окуяны биздикилер интернетке чыгарып, Whatsapp аркылуу таратып жиберишиптир. Ал маалыматта Ош базардан эт албагыла деп айтылыптыр. Бизде баары эл ветеринардык көзөмөлдөн өтүп жатат. Маалымат тарагандан кийин өзүбүз Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага чалып текшердик. Мындай маалымат жок экен.

Бир апта мурун жергиликтүү маалымат каражаттары “РИА Новости” маалымат булагына шилтеме кылып, Казакстандын Караганда облусунда күйдүргү ылаңы чыкканын жазган. Бул маалымат Whatsapp тиркемеси аркылуу тарап, анда ылаң Кыргызстанда да пайда болгону айтылган.

Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин боюнча республикалык борбор мындай маалыматты төгүндөдү. Мекеменин жетекчи орун басары Болот Усенбаев:

- Бул атайын жасалдыбы же кокусунанбы, айтор, жаман окуя болуп калды. Whatsapp аркылуу жиберилген эскертүүлөр Казакстандын Караганда облусундагы окуяга тиешелүү болчу. Бул жактан ошону көчүрүп алып таратып жиберишти. Чындыгында учурда кооптонууга эч кандай негиз жок. Бизге ветеринарлар да маалымат берип жатат, азыр малдын арасында да бул ылаң катталган жок.

Адистин айтымында, күйдүргүнүн ичеги-карынды жабыркаткан оор түрү адам өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн. Кыргызстанда акыркы он жылда андай коркунучтуу түрү каттала элек:

- Быйыл жазында үч учуру катталган. Жалал-Абад облусунан эки адам ооруп келип дарыланып чыгышкан. Оштон, Алайдан да бир учуру катталып, алар өз учурунда дарыланып сакайышкан. Бизде 20 жылдан бери тери оорусу түрүндө гана жолугуп жатат. Башка түрлөрү кездешкен жери жок.

Буга чейин Казакстандын Караганда облусунун Шет районунун Эркиндик айылында күйдүргү менен ылаңдаган уй этинен илдет жуктурду деген сегиз адам ооруканага жаткырылып, алардын экөө каза тапканы айтылган. Жергиликтүү адистер кошуна Казакстандан күйдүргү ылаңы келиши ыктымалдыгын четке кагып, муну Кыргызстан кошуна өлкөдөн уй этин импорттобой тургандыгы менен түшүндүрүшүүдө.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG