Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын ТИМне нота жиберди


Москванын чекесиндеги миграциялык борбор
Москванын чекесиндеги миграциялык борбор

Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жиберген нотада Москванын четиндеги Сахарово айылында ачылган Мамлекеттер аралык миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды чечүүгө чакырган.

Билдирүүдө борбордун кеңешчилеринин кабылдамасында эле үч миңден ашуун чет элдик жаран 3-5 саат бою кезекте турганы, павильондор тыгылыш жана кымгуут экени, борбордо тартип сактоону камсыздаган «Кельт» жеке ишканасынын кызматкерлери мигранттардын кайрылууларына өтө орой мамиле жасаары, мамлекеттик мекеме кылмыш жазасын өтөөчү жайды элестеткен тикен зым менен курчалып, иттер менен кайтарылары маалымдалган. Ошондой эле борбор бир күндө кезекте турган үч миң кишинин 30 пайызын гана тейлөөгө жетишип жатканы белгиленген.

“Жогоруда айтылган фактылар миграциялык борбордун учурда эмгек мигранттарынын чоң агымын кабыла алууга жана тейлөөгө даяр эместигин көрсөтөт”, - деп жазылган Кыргызстандын элчилигинин кайрылуусунда.

Москвадагы элчиликтин кызматкерлери Сахарово айылындагы миграциялык борборго жаңы үлгүдөгү эмгек патентин берүү процесси менен таанышуу үчүн 11-февралда барышкан.

Орусия: Миграция борборундагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Жаңы миграциялык борбор Троицк аймагындагы Сахарово кыштагына жакын жайгашкан. Москвадан ал жерге жетүү үчүн 50 чакырым жол жүрүү керек. Жол кире үчүн 150 рубль төлөйсүң. Автобустар 20 мүнөт сайын саат таңкы 6.30дан баштап жүрө баштайт.

Орусия: Миграция борборунда кезек күткөн мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:07 0:00

Бул жерге келген мигрант дароо төмөндөгүдөй документтердин тизмесин алат:

1. Түстүү фото ¾ (2 даана, сыйда эмес);

2. Паспорт;

3. Миграциялык карта;

4. Паспорттун нотариалдык көчүрмөсү;

5. Тестирлөөдөн өткөнү тууралуу сертификат;

6. Саламаттыгы тууралуу дарыгердин кагазы;

7. ВИЧ-инфекциясы жоктугу тууралуу сертификат;

8. Медициналык камсыздандыруу кагазы;

9. Миграциялык каттоого турганы жөнүндө атайын документ.

Орусия: Миграция борборундагы тыгын
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00

Тестти тапшыруу баасы 500 рубль, Москванын өзүндө ага 4900 рубль төлөйсүң. Ушундан улам көпчүлүк мигранттар бул жакка агылат. Орус тилинен тест тапшырган соң үчүнчү корпуска барып, медициналык кароодон өтөсүң. Анын жыйынтыгын үч күн күтүүгө туура келет. Эгер ушул эки нерсеңди ийгиликтүү бүтүрсөң, жеринен эле медициналык камсыздоо кагазын алсаң болот. Андан кийин кайрадан акча төлөп, патент үчүн документ тапшырууга туура келет...

«Азаттыктын» кабарчысы борборго барганда көптөгөн мигранттар алгач кайсы кезекке туруп, патент алуу үчүн кайсы документтерди тапшыруу зарыл экенин билбегенине күбө болгон.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG