Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

Кыргыз-тажик чек арасы: Бишкек бекеттерди азыр ачпайт


Чек арадагы аскер. Баткен. (архивдик сүрөт)
Чек арадагы аскер. Баткен. (архивдик сүрөт)

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу маселеси этап-этабы менен караларын билдирди.

Мунун алдында айрым тажик маалымат каражаттары Согд облусунун башчысына шилтеме кылып кыргыз тарап менен чек араны ачуу тууралуу макулдашылганын жазган. Анда мындай макулдашуу өткөн айда Кыргызстандагы жолугушууларда кабыл алынганы айтылган.

Расмий Бишкек 2021-жылы апрель айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин өткөрмө бекеттерди бир тараптуу жапкан.

Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Раджоббой Ахмадзода менен ай сайын жолугуп турат.

Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда тараптар чек арада жаралган маселелерди жеринде ыкчам чечүү, чыр-чатактарга жеткирбөө жана тынчтыкты бекемдөөгө аракет кылып жатканы белгиленген.

Өткөн айда алгач Бишкекте, анан Чолпон-Ата шаарында Баткен, Тажикстандын Согд, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары Кыргызстанда жолукканы, үч тараптуу кездешүү чек ара аймактарында коопсуздукту камсыз кылууга багытталганы көрсөтүлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу маселеси этап-этабы менен каралары жазылган.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси - бул мамлекеттик деңгээлде, эки тараптуу чечилүүчү маселе, учурда өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда. Ошондуктан биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу, экинчи кезекте чек араны ачуу маселесин этап-этабы менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турат", - деп жазылган маалыматта.


Мунун алдында "Озоди" радиосу Согд облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзодага шилтеме кылып кыргыз тарап менен дээрлик эки жылдан бери жабык турган өткөрмө бекеттерди ачуу келишими жетишилгенин жазган. Ага чейин аталган облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы бекеттер ачылышы ыктымал экенин маалымдашкан.

Согд облусунун жетекчисинин орун басары Даврон Зохидзода июль айындагы Кыргызстандагы үч тараптуу жолугушууда чек араны этап-этап менен ачуунун алкагында алгач бекеттерди чек аралаш райондордун ишкерлери үчүн ачып, андан кийин жарандарга уруксат берүү маселеси коюлганын маалымдаган.

Баткен округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев өткөрмө бекеттери жабык тургандыктан бир топ ыңгайсыздык жаралганын танбайт. Бирок депутат чечимди кабыл алуудан мурун өтө кылдат мамиле кылууга чакырууда.

Нурлан Ражабалиев.
Нурлан Ражабалиев.

"Бул маселеге өтө кылдат мамиле жасап чечишибиз керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин саясаты ушул жолдо жүрүп жатат. Демек, ал туура болсо керек. Биз үчүн биринчи кезектеги чек ара маселеси чечилбегендиктен кесепети кандай болуп жатканын көрүп турабыз. Туура кадамдар жасалып жатканына ишенем. Кандай болбосун бул маселелер тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен чечилиши керек. Эгер оюбуз бир жерден чыгып, чек араны чечип алсак, түз өнүгүү жолуна түшөт элек. Болбосо кыйнала беребиз. Чек араны азыркыдай кармап туруу деле, балким, маселени чечүүнүн бир ыкмасы катары дагы каралып жатса керек. Биз аны туура түшүнүшүбүз керек. Бир аз сабырдуулук керек. Албетте, ыңгайсыздыктар көп. Эки коңшу өлкөнүн соода-сатыгы бир болгон, кыз алып, кыз беришкен. Биздин көптөгөн этникалык кыргыздар ошол жакта жашайт. Анын үстүнө, жашырганда эмне, соңку жагдайлардан улам алардын жашоо-шарты бир аз начарлап калган. Бирок азыркы жагдай керектүү кадамдардын бири болушу керек", - деди Ражабалиев.

Кыргызстан 2021-жылы жазындагы чек ара жаңжалынан кийин өткөрмө бекеттерди бир тараптуу жапкан. Талдоочу Хаиталы Айкыновдун пикиринде, өткөрмө бекеттерди ачуу тажик тарап үчүн көбүрөөк керек болуп турат.

"Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын көбү эле качып чыкты. Айрымдары үйлөрүн сатты, сатпаганы ошол бойдон калды. Бирок алардын туугандары, карым-катнаштары ошол жакта. Чек ара бекеттери жабык болгондуктан мыйзамсыз жолдор менен кирип-чыккан учурлар бар. Чек аралаш аймактарда соода-сатык мамилелери болгон. Бирок өткөрмө бекеттерди чек ара маселелери чечилгенде гана ачабыз деген позицияны кармап турганыбыз оң. Чек ара ачылып, эки тараптуу мамиленин болушу бизге караганда тажик тарапка көбүрөөк зарыл. Алардын Согд облусунун эли биз менен, Өзбекстан менен соода-сатык кылып келген. Ошондой эле алар биз аркылуу башка мамлекеттерге да учуп жүргөн. Анын баары токтоп калып, бизге караганда алар көбүрөөк кыйналып жатат. Бул чек ара маселесинин чечилишине кандайдыр бир таасир этет деп ойлойм".


Өткөн айда өкмөттүн жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев алты айдын жыйынтыгын чыгарып жатып, кыргыз-тажик чек арасында чыр катталбаганын билдирген. Анда чек араны бекемдөө иштери тууралуу маалымат берген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Садыр Нуркожоевичтин чек ара маселесинде "дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечүү" деген бир гана позициясы бар. Биз бул тапшырманы болгон аракетибиз менен аткарып жатабыз. Алты ай ичинде Тажикстан менен чек ара чырлары катталган жок. Ушундай эле тынч болсо экен. Мамлекеттик чек аранын 361,5 чакырымында зым тартылып, инженердик жабдуулар өткөрүлгөн. Анын 12,6 чакырымы быйыл тартылды. Жыл аягына чейин 70 чакырым чек ара тилкеси бекемделет. 2020-жылга чейин 15-17 чакырымга эле зым тартылып келген. Биз болсо 70 чакырымга зым тартып жатабыз", - деген Ташиев.

Садыр Жапаров былтыр жыл соңунда Баткенге барганда 2023-жылдын май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниетин билдирген. Бирок быйыл апрель айында бул жаатта иштер жай жүрүп жатканын, тараптар картага байланыштуу орток пикир таба электигин айткан. Анда Тажикстан айрым тилкелерди 1924-жылкы карта менен чечүү сунушун берип жатканын, бул "юридикалык да, моралдык жактан да туура эмес экенин, кыргыз тарап 1958-жылдагы карта менен такталышы керек" деп эсептерин белгилеген.

“Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде "бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели" деген сунуш киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, - деген Жапаров.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов июнь айында "Биринчи радиодогу" маегинде Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен соңку жолугушуусунда чек араны чечүү тууралуу сунуш бергенин айткан, бирок ал сунуштарды чечмелеген эмес. Расмий Дүйшөмбү ага кандай жооп бергени азырынча белгисиз.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.


Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

Андан бери эки тарап дипломатиялык жана чек ара боюнча сүйлөшүүлөрүн улантып келе жатканын расмий кабарлашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG