Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Олимп оюндарына ачылган жол

Грек-рим күрөшүнөн Олимп оюндарына жолдомо алган Мурат Рамонов. 19-март, 2016-ж. Астана.
Грек-рим күрөшүнөн Олимп оюндарына жолдомо алган Мурат Рамонов. 19-март, 2016-ж. Астана.

Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык төрт балбан Олимп оюндарына жолдомо алды.

Дагы төрт балбан коло байгелерге ээ болушту. Ошентип быйыл Бразилияда боло турган Олимп оюндарына азырынча сегиз жодомо чогулду.

Азия чөлкөмүндөгү балбандар үчүн Олимп оюндарына жолдомо бериле турган Азиялык лицензиялык мелдеш 18-марттан 20-мартка чейин Казакстандын Астана шаарында өттү. Бул турнирде Кыргызстандан барышкан грем-рим күрөшчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова олимпиадага катышууга лицензия алышты. Мелдеш жыйынтыгында кыргыз балбандары эки алтын, эки күмүш, үч коло байгеге ээ болду. Мелдештин эрежеси боюнча олимпиадага лицензия финалга чыккан спортчуларга берилди. Жалпысынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн Азия өлкөлөрүнөн 36 балбан олимпиадага жолдомо алды.

Биринен-бири өткөн балбандар

Грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев индиялык, жапониялык балбандарды жеңип, финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алды. Жанардын жарым финалдагы жапон балбаны Тайчи Ока менен болгон беттеши мелдештин биринчи күнүндөгү эң кооз күрөш деп табылды. Кенжеев атаандашы партерде турганында ыгын таап, төрт упайлык ыкманы удаасы менен эки жолу жасап мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жетти.

Кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев менен жапониялык Тайчи Оканын жарым финалдагы беттеши. 18-март, 2016-ж. Астана.

Кенжеев кийин алтын байге үчүн кытай балбаны Фей Пенг менен күрөшүп, 8:2 эсебинде жеңилип күмүш байге тагынды.

- Бул мелдешке жакшы даярдык көргөнбүз. Башкы максат олимпиадага жолдомо алуу болчу. Жарым финалда жапон балбаны менен лицензия үчүн күрөш абдан оор болду. Кудай буйруп аны утуп алдым. Бул жеңишимди Кыргызстандын элине, ата-энеме, бир туугандарыма арнайм. Эми алдыда жакшы даярдык көрүп Бразилияда жакшы күч сынашып, кыргыз желегин бийик көтөргөнгө аракет кылам.

Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан. 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып ал учурда 13-орунду алып калган. 12 жылдан кийин гана олимпиадага барууга мүмкүнчүлүк алып отурат.

XXXI Олимп оюндарынын жолдомосунун ээси, эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев. 19-март, 2016-ж.
XXXI Олимп оюндарынын жолдомосунун ээси, эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев. 19-март, 2016-ж.

Эркектер арасында эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмакта Магомед Мусаев финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Мусаев чечүүчү беттешке чейин жапониялык Такеши Йамагучини 1:1, чейрек финалда өзбекстандык Магомед Ибрагимовду 8:2, жарым финалда индиялык Сатуарт Кадианды 4:3 эсебинде утуп алган эле. Мусаев лицензия алуу кыйынчылык менен келгенин айтты.

- Индиялык балбан менен беттешкен учурда упайлардын эсеби боюнча тең келе жатканбыз.Таймашуу убактысы бүтөөргө аз калганда жолум болуп бир упай алып жеңишке жеттим. Жеңишимди Кыргызстандын элине, жалпы күйөрмандарга арнайм. Алдыда Олимп оюндарына татыктуу даярданам .

Магомед Мусаев Азия чемпиону. 2012-жылы Олимп оюндарына катышып 7-орунду алган. Мусаевдин бул ээлеген орду Лондон олимпиадасына катышкан кыргыз спортчуларынын арасынан эң жакшы көрсөткүч болгон.

Айсулуунун жеңиши

Кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта финалда монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен монголиялык Орхон Пуревдорж.19-март, 2016-ж. Астана.
Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен монголиялык Орхон Пуревдорж.19-март, 2016-ж. Астана.

Айсулуу Тыныбекова үчүн лицензия алууга жол ачкан жарым финалдык беттеш өтө оор болду. Жарым финалда түндүк кореялык Ин Сун Жонг менен беттеште калыстар Айсулуу жасаган ыкмаларды толук баалабай бушайманга салган.

- Мелдеште атаандашымдан бир тепкичке жогору болуп, мыкты күч сынашышым керек эле. Кемчиликтерге жол берип калыстардын менин ыкмаларыма туура эмес баа берүүсүнө шарт түзүп койдум окшойт. Таблону бир карасам 3:7 эсебинде түндүк кореялык Ин Сун Жонгго жеңилип жаткан экенмин. Убакыт болсо бүтөөрүнө аз калган. Тез арада утуш үчүн жок дегенде төрт упайлык ыкманы жасашым керек эле. Анткени лицензияны колдон чыгарып ийгим келген эмес. Оңтойлуу учурду таап, атаандашымды килемге таза басып жыгылдым. Мен жасаган ыкманы калыстар үч упайга баалап, таза жеңишти беришпей, күрөштү улантып коюшту. Бирок, калыстар чечимин кайрадан өзгөртүп, кайра бир упайды беришип, 7:7 эсебинде жеңиш мага ыйгарылды. Натыйжада олимпиадага жолдомо берилди.

Айсулуу Тыныбекова бир ай мурда Азия чемпиону болгон. 2012-жылы дал ушул Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алган. Ал олимпиадада 63 килограммга чейинки салмакта швециялык Хенна Юхенсонго биринчи беттешинде жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен монголиялык Орхон Пуревдорждун беттеши (58 кг. финал).19-март, 2016-ж. Астана.

Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болду. Ал чейрек финалда тажикстандык Муроджон Туйчевди 8:0, жарым финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллоевди 4:0 эсебинде жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеште казакстандык Нурмахан Тыналиевге 8:0 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып Олимп оюндарына жолдомо алды.

Эркин күрөштөн Самат Надырбек уулу, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло медаль тагынып олимпиада жолдомосунан кур калышты.

Эми Олимп оюндарына лицензия ала албай калган балбандар 21-24-апрель күндөрү Монголияда (Улан Батор) жана 6-8-майда Түркияда (Стамбул) боло турган дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышат.

Учурда Кыргызстандын эсебинде олимпиадага сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев жолдомо алышкан.

Жайкы Олимп оюндары 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүүдө. Алгачкы жолу Косово жана Түштүк Судан мамлекеттеринин спортчулары катышат.

Олимпиадага жолдомо уткан балбандар

Грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев индиялык, жапониялык балбандарды жеңип, финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алды. Алтын байге үчүн күрөштө кытай балбаны Фей Пенг менен күрөшүп 8:2 эсебинде жеңилди. Мелдештин эрежеси боюнча олимпиадага лицензия финалга чыккан спортчуларга берилет.
1/11 Грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев индиялык, жапониялык балбандарды жеңип, финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алды. Алтын байге үчүн күрөштө кытай балбаны Фей Пенг менен күрөшүп 8:2 эсебинде жеңилди. Мелдештин эрежеси боюнча олимпиадага лицензия финалга чыккан спортчуларга берилет.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Жанарбек Кенжеев.
2/11 Жанарбек Кенжеев.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Эркектер арасында эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмакта Магомед Мусаев финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
3/11 Эркектер арасында эркин күрөштөн 97 килограммга чейинки салмакта Магомед Мусаев финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 3:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Мусаев чечүүчү беттешке чейин жапониялык Такеши Йамагучини 1:1, өзбекстандык Магомед Ибрагимовду 8:2, индиялык Сатуарт Кадианды 4:3 эсебинде утуп алган эле.
4/11 Мусаев чечүүчү беттешке чейин жапониялык Такеши Йамагучини 1:1, өзбекстандык Магомед Ибрагимовду 8:2, индиялык Сатуарт Кадианды 4:3 эсебинде утуп алган эле.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев.
5/11 2016-жылдагы жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта финалда монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.
6/11 Кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта финалда монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңип алды. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Айсулуу Тыныбекова үчүн жарым финалдык беттеш өтө оор болду. Ал 3:7 эсебинде түндүк кореялык Ин Сун Жонгго жеңилип жатканда атаандашын килемге таза басып жыгылды. Айсулуу жасаган ыкманы калыстар үч упайга баалап, таза жеңишти беришпей күрөш уланган. Бирок, калыстар чечимин кайрадан өзгөртүп, Айсулууга дагы бир упай берилип, 7:7 эсебинде жеңиш ыйгарылды. Натыйжада олимпиадага жолдомо берилди. Айсулуу Тыныбекова быйыл Азия чемпиону наамына ээ болгон. 
7/11 Айсулуу Тыныбекова үчүн жарым финалдык беттеш өтө оор болду. Ал 3:7 эсебинде түндүк кореялык Ин Сун Жонгго жеңилип жатканда атаандашын килемге таза басып жыгылды. Айсулуу жасаган ыкманы калыстар үч упайга баалап, таза жеңишти беришпей күрөш уланган. Бирок, калыстар чечимин кайрадан өзгөртүп, Айсулууга дагы бир упай берилип, 7:7 эсебинде жеңиш ыйгарылды. Натыйжада олимпиадага жолдомо берилди. Айсулуу Тыныбекова быйыл Азия чемпиону наамына ээ болгон. 
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болду. Ал чейрек финалда тажикстандык Муроджон Туйчевди 8:0, жарым финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллоевди жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеште казакстандык Нурмахан Тыналиевге 8:0 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алды.
8/11 Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов күмүш байгеге ээ болду. Ал чейрек финалда тажикстандык Муроджон Туйчевди 8:0, жарым финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллоевди жеңип финалга чыккан. Алтын байге үчүн беттеште казакстандык Нурмахан Тыналиевге 8:0 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алып Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алды.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Эркин күрөштөн Илгиз Жакыпбеков, Самат Надырбек уулу, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло медаль тагынышты. Сүрөттө кыргызстандык Самат Надырбек уулу менен өзбекстандык Нодиржон Сафаровдун чейрек финалдагы беттеши. 57 килограммга чейин салмактагы балбандардын бул таймашында Самат Надырбек уулу 5:2 эсебинде жеңишке жеткен.
9/11 Эркин күрөштөн Илгиз Жакыпбеков, Самат Надырбек уулу, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло медаль тагынышты. Сүрөттө кыргызстандык Самат Надырбек уулу менен өзбекстандык Нодиржон Сафаровдун чейрек финалдагы беттеши. 57 килограммга чейин салмактагы балбандардын бул таймашында Самат Надырбек уулу 5:2 эсебинде жеңишке жеткен.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөштү. 125 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 10:0, индиялык Хайтендер аттуу балбанды 5:0 эсебинде таза жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык Даулет Шабанбайга 10:8 эсебинде утулуп, жайкы олимпиадага жолдомо ала албай калды. Финалга чыккан балбандарга олимпиадага лицензия берилет. Ал коло байге үчүн тажикстандык Фарход Анакулов менен күч сынашып, утуп алды.
10/11 Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөштү. 125 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 10:0, индиялык Хайтендер аттуу балбанды 5:0 эсебинде таза жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык Даулет Шабанбайга 10:8 эсебинде утулуп, жайкы олимпиадага жолдомо ала албай калды. Финалга чыккан балбандарга олимпиадага лицензия берилет. Ал коло байге үчүн тажикстандык Фарход Анакулов менен күч сынашып, утуп алды.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеш 18-марттан 20-мартка чейин өттү. Мелдеште жалпысынан олимпиадага 36 жолдомо ойнотулду. Учурда Кыргызстандын эсебинде олимпиадага сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев быйыл жайында Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алышкан. 
11/11 Спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеш 18-марттан 20-мартка чейин өттү. Мелдеште жалпысынан олимпиадага 36 жолдомо ойнотулду. Учурда Кыргызстандын эсебинде олимпиадага сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев быйыл жайында Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алышкан. 
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG