Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Отунбаева "арифметикадан саясат жасабоого" чакырды


Кыргыз президенди дүйнөлүк экономикалык форумда. Вена, 8-июнь.
Кыргыз президенди дүйнөлүк экономикалык форумда. Вена, 8-июнь.

Кыргызстандын президенти жетектеген делегация Венада Европа жана Борбор Азия боюнча дүйнөлүк экономикалык форумга катышты.

Ушул эле күнү Роза Отунбаева Австриянын президенти Хайнц Фишер, канцлери Вернер Файман баш болгон өлкө жетекчилери менен жолугушуп сүйлөшүү өткөрдү.

Дүйнөлүк экономикалык форумда Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, дүйнөдө бардык өллөлөрдүн экономикалары бири-бирине көз каранды болгон шартта кызматташтык, байланыштарды бекемдеп, тоскоолдуктарды жоюу жолдору талкууга алынды.

Форумга катышкан кыргыз парламентинин экономика жана каржы комитетинин жетекчиси Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдиргендей, Венадагы жыйында дүйнө лидерлери, белгилүү экономисттер 2012-жылдан тарта НАТОнун антитеррордук күчтөрү Ооганстандан чыгарыла баштаса, Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч келбейби, тынчтыкка доо кетпейби деген тынчсызданууларын айтып жатышат. Ошол эле учурда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары ар түрдүү деңгээлде өнүгүп жатканы, ортодогу айырмачылык өтө чоң экени сөз болду.

Борбор Азиядан бул талкууга Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан вице-премьер, министрлери катышты.

Дүйнөлүк экономикалык жыйында Роза Отунбаева негизинен Кыргызстандагы парламенттик системанын артыкчылыктарына басым жасады. Бул система өлкө экономикасын көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыздоодо кыйла ыңгайлуу экенине токтолуп, мисалга кыргыз экономикасын көзөмөлдөп башкарууга ушу тапта оппозициялык күчтөр кызуу катышып жатканын кошумчалады.

Австриянын президенти Фишер менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Отунбаева Кыргызстандын түштүгүндө былтыр июнда болгон коогалуу окуяларга токтолуп, алардын тегерегинде азыркыга дейре 3 миңден ашуун кылмыш иши ачылганын, бирок 167 кылмыш иш гана аягына чыгарылып сотко өткөрүлгөнүн, ошондуктан азырынча мындай иште арифметикадан саясат жасабай туруу керектигин эскертти.

Кыргыз президенти “Хьюман Райтс Уотч” жана “Эл аралык мунапыс” уюмдарынын шаршембиде жарыяланган баяндамаларына токтолуп, шашылыш тыянак чыгарып, саясат жасаганга ашыкпай туруу зарыл экенин белгиледи. "Бардык өлкөлөр өз башынан түрдүү сыноолор өткөрүшөт. Кыргызстан үчүн түштүктөгү коогалаң анык сыноого айланды", - деп басым жасады ал.

Кантсе да, Кыргызстандагы кырдаал турукташып баратканына ишенээрин, кыргыз өкмөтү эки улутту элдештирип, өлкөдө бейпилдик орнотууга бар күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

Венадагы жолугушуу-жыйындарда кыргыз президенти эки тилде - англис жана немис тилдеринде баяндама жасап, суроолорго жооп берип жатты.

Шаршембиде кечинде Отунбаева баш болгон Бишкектик расмий делегация Кыргызстандын Австриядагы элчилигинде чогулган 50дөй жердештери менен жолугушуп маектешти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG