Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Шайлоо алдында кырдаал чыңала баштады


Иса Өмүркулов ага каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп жар салууда
Иса Өмүркулов ага каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп жар салууда

Социал-демократтар партиясы (СДП) өз депутаты Иса Өмүркуловду бийликтин басмырлоосуна бербей тургандыгын айтып чыкты. Алардын ишениминде, бийлик шайлоо алдында күрөштү курчутууга аракет кылууда. Муну алар айыптай тургандыктарын айтып, “саясий куугунтуктоолордун ашынган фактылары шайлоонун эркин, таза өтүүсүнө жол бербейт” дешти.

Буга чейин каржы полициясынын өкүлдөрү Иса Өмүркулов “Темир жол” башкармасын жетектеп турган кезде казакстандык жарандан пара алган жана мамлекеттик казынага каржылык зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши ачылгандыгын кабарлашкан. Кылмыш иши 2009-жылдын 26-мартында козголгон.

Иса Өмүркулов өзүнө карата ачылган бул иш туурасында 2-апрелде гана кабардар болгонун билдирди. “Билбейм, мага расмий түрдө эч ким айткан жок. Буга чейин да менин мурунку иштеген жерлеримди текшерип эле жүрүшкөн. Бирок бир да жолу мени чакыртышкан эмес”, - деген эле И.Өмүркулов “Азаттыкка”.

Бүгүн Социал-демократтар фракциясы тараткан билдирүүдө “президент демократиялуу шайлоону каалабай турганы, жарандардын, биринчи кезекте, оппозиция лидерлеринин эркиндиктери менен укуктарын бузуп жаткандыгы” белгиленди. “Иса Өмүркуловго кысым көрсөтүүгө жол берилбейт” деп айтылды анда.

Алар президенттин мындай саясаты шайлоонун адилет өтүшүнө жол бербей тургандыгын эскертишти: “Булар стабилдүүлүктү өз колу менен бузуп, өзгөчө кырдаал түзүүнү ойлоп жатышат, - деп айтты “Азаттыкка” фракциянын төрагасы Бакыт Бешимов. - Буга чейин айрым мыйзамдарга толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген. Ошол жерде эгер өзгөчө кырдаал түзүлсө, армияны пайдалануу мүмкүндүгү бар. Алар азыр ошондой ой менен жүрүшөт. Алар шайлоо 50 пайызга эле таза өтсө, бийликтин талапкери өтпөй калаарын билип жатышат. Ошондуктан өзгөчө кырдаал түзүп, булар бийликти сактап калганы жатышат. Биз менен бийлик эсептешкиси келбесе, биз эсептеше турган абалга жеткиребиз”.

Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) лидерлеринин дагы бири Исмаил Исаков бүгүн уулуна да “аскердик кызматтан качты” деген кине менен кылмыш иши козголгондугун билдирди. Ага бул туурасында өзүнө байланыштуу сот процесси учурунда аскер прокурору кабарлаган. Генерал Исмаил Исаков муну бийликтин ыплас иш аракетинин дагы бир далили катары эсептей турганын айтты:
“Азыр булар эптеп бийлигин сактап калууга тырмышып, жанталашып колдон келгендин баарын жасап жаткан учуру. Эртедир-кечтир алар мыйзам, эл, Кудай алдында жооп берээр күнү жакындап калганы өздөрүнүн көзүнө көрүнүп калды деп ойлойм”.

Президенттик “Ак Жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаковдун ою боюнча, таза адамга эч ким эч нерсе деп айта албайт. Кандайдыр бир негиз болгон үчүн азыр оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери козголуп жатат деп эсептейт депутат.

“Таза адамга бийлик деле статья таба албайт эле, иш козгой албайт эле, - деди Б.Абдрасаков “Азаттыкка”. - Анын үстүнө оппозициянын ичинде ар кандай кишилер бар. Арасында өкмөттүн жемин жеп калган кишилер да бар. Алардын кимисин чукусаң, бир нерсеси чыгат. Оппозиция болуш үчүн таза, бийликте иштебеген адам болуш керек. Ошондо мындай иш козгоп, коркутуу-үркүтүүлөр болмок эмес”.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “президенттин айткан сөзү менен кылган иши бири бирине дал келбей жатат” дейт: “Конституцияда ар бир адам өз оюн, көз карашын чагылдырганга укуктуу болгону менен, оюн билдирсе эле түрмөгө түшүп калып жатат”. Политолог мындай аракеттер жакшы жыйынтыкка алып келбей турганын айтат.

“Мисалы, эмне үчүн анда Өмүркуловду “Темир жолдо” иштеп жатканда эле иш козгоп, камап кое алган эмес? Качан гана булар такшалып, көздөрү ачылып, элдин кызыкчылыгы деген эмне экенин түшүнүп, ошол жакка багыт алганда, тамырына балта чабылып калып жатат. Адамды канчалык кыйнап, канчалык басмырласаң, ошончолук өжөрлүк оргуштап, акыры көңтөрүлүшкө алып келет”, - деди ал “Азаттыкка”.

Бул арада экс-депутат Замирбек Парманкулов ачкачылык жарыялады. “Саясий куугунтукка каршы күрөш” комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев ачкачылык жарыялаган Парманкуловго кылмыш иши анын президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришине байланыштуу саясий негизде ачылды деп билдирди.

Экс-депутат Замирбек Парманкуловго каршы эки кылмыш иши 2004-жылы болгон окуя боюнча “ээнбаштык кылган” деген жана быйыл кафедеги чатак боюнча “президенттин наамына акаарат келтирген” деген кине менен ачылып, азыр Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жатат. Топчубек Тургуналиев төрт жыл мурунку окуя боюнча кылмыш ишин козгоого экс-депутаттын саясий көз карашы гана түрткү берди деген бүтүмгө келгендигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG