Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

А.Анарбаев: Улуттарды жараштырууга ондогон жылдар кетиши мүмкүн


Арслан Анарбаев
Арслан Анарбаев

Кыргызстанда Курманбек Бакиев президенттик кызматтан кулатылгандан бери өлкөнүн Вашингтондогу дипломатиялык миссиясын Арслан Анарбаев жетектеп келатат. Кыргызстандын өзүндө Анарбаев учурунда Акаевдин да, Бакиевдин да өкмөттөрүндө иштеген. Кыргызстандын элчиси “Азаттыктын” кабарчысы Ричард Солаштын айрым суроолоруна жооп берди.

Элчи Арслан Анарбаев Кыргызстан үчүн АКШ менен кызматташтык тышкы саясаттагы негизги приоритеттерден экенин баса белгиледи.

“Апрелдеги ыңкылап кыргыз-америка мамилелерине терс таасир эткен жок. Биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди аткарып келатабыз. Регионалдык коопсуздукту сактоодо жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда Кошмо Штаттары да Кыргызстанды өзүнүн өнөктөшү деп эсептейт деп ойлойм, - деди элчи.

Арслан Анарбаев Кыргызстанда Орусиянын да, АКШнын да аскерий базаларынын кала бериши туура деп эсептейт. Анын ишениминде, эки база бири-бирине алакыт болбойт.

"Манас" аба майданындагы Транзиттик борбор, 15-апрель, 2010
“Манас” аба-майданындагы Транзиттик борбордун учактарын күйүүчү май менен камсыздоодо Вашингтондон жөнөтүлгөн акчанын көпчүлүк бөлүгү учурунда Бакиевдердин эле чөнтөгүнө түшчү деген сын айтылды эле. Бул тууралуу сүйлөп жатып, элчи азыркы кыргыз бийлиги мындан аркы операциялар ачык болооруна ишендиргенге аракет кылды.

“Мен сизге ачык эле айтайын, “Манас” базасы жалпы региондогу коопсуздукту камсыз кылып жатканы үчүн эле эмес, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө да опол тоодой колдоо болуп жатканы үчүн маанилүү. Анткени ижара акыдан жана күйүүчү майдан өлкөнүн бюджетине накталай акча түшүп турат. Бакиевдин тушунда ал иштерде көз боемочулук болгон-болбогонун мен так айта албайм. Аны азыр жүрүп жаткан иликтөөлөр көрсөтөт. Бул суроо АКШнын Конгрессинде талкууланып, Мамлекеттик департамент, Пентагон да маалыматтын ачыктыгы жөнүндө суроолорго жооп берилишин талап кылышты. Азырынча ал толук чечиле элек, - дейт элчи. - Бирок кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөр позитивдүү чечилип жатканын билем. Бул дегеним – мындан ары күйүүчү майдын сатылышы жана андан түшкөн киреше жөнүндө маалымат ачык болот”.

Андан ары июндагы улуттар аралык кагылыш жөнүндө суроого жооп берип жатып, элчи Анарбаев кырдаалды толук көзөмөлгө алуу дале оор болуп жатканын жашырбады.

"Эки улут бири-бирине, күч органдарына ишене албай турушат". Сүрөттүн автору - Ширин Айтматова. Ош, июнь-2010
“Биз азыр өлкөдө кырдаалды 100% көзөмөлгө алып турабыз деп толук ишеним менен айта албайм. Буга объективдүү себептер бар. Маселен кыргыз, өзбек улутундагы элдер бири-бирине, укук коргоо органдарына ишенбей турушат. Билесизби, Кыргызстандын түштүгүндөгү абал, чындап айтканда, түтөп турган отко окшош: үйлөсөң, дүрт этип кетет. Андан Кудай сактасын. Албетте, Убактылуу өкмөт азыр абалды көзөмөлгө алыш үчүн колдон келген бүт аракетин жасап жатат. Бирок азыр абал араң эле тургандай.

Ошон үчүн, - дейт элчи, - азыр эң оболу жабыркаган элди зарыл нерселер менен камсыз кылыш керек. Үйлөрүн куруп, дары-дармегин берип, тамак-ашын толукташ керек. Ал эми эки улуттун ортосундагы мамилени оңдогонго дагы ондогон жылдар кетиши мүмкүн”.

Өлкөдө тынч жашоого жетишиш үчүн, элчинин ишениминде, алгач парламенттик шайлоо да тынч, демократиялык жол менен өтүшү зарыл.

“Бул шайлоону аман-эсен өткөрүп алуунун саясий мааниси канчалык чоң экенин баарыбыз эле билебиз. Анткени мамлекетибиздин тагдыры биз шайлоону кандай өткөрө алаарыбызга жараша болот. Мени аша чаап кетти дебеңиз, чындап эле мамлекетибиздин тагдыры чечилгени турат, - деди деди Кыргызстандын Вашингтондогу дипломатиялык миссиясынын башчысы Арслан Анарбаев. - Ошон үчүн азыр президент, өкмөттүн баардык мүчөлөрү шайлоону ачык-айкын, эларалык стандарттарга ылайык өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Өзүңүздөр деле билесиздер, биздин мамлекетте адатта парламентке шайлоолор бейстабилдүүлүккө алып келчү өзгөчө эмоционалдуулук менен коштолот. Ошондуктан азыр башкы максат – коомдук тартипти сактап, элдин тынчтыгын сактоо”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG