Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

СОЛТОНБЕК ШАРШЕНОВ: "Милийса формасын кийип машинени бекер оңдотуп"...


Солтонбек Шаршенов Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин 40 жылга жакын кыргыз филармониясында иштеген. Калык, Осмонкул, Алымкул аксакалдардын жанында жүрүп, Асанкул Шаршенов, Эстебес Турсуналиев сындуу таланттарга таалим-тарбия берген. Солтонбек аксакалдын залкарлар менен жүргөн кезиндеги окуяларынан бир шиңгил.

- Солтонбек аба, өнөрпоздор менен үзөңгүлөш жүргөн чактагы эсте калган окуялардан айтсаңыз?

- Эстебес, Асанкул Шаршенов, Сейиткулова болуп бирге жүргөнбүз. Филармониядан жаңы машина алганбыз. Асанкул экөөбүз 15 күнгө милицияга түшүп чыккандар тууралуу интермедия ойночубуз. Жаңы машинага шопурубуз суу куйбай койгон экен. Төөашуунун ортосуна келгенде машинабыз жүрбөй калды. Бир саат турабыз, эки саат турабыз, үч саат турабыз - бир да машина токтобойт.

Көпкө туруп калганыбызда балдарга айттым: “Эми мен милиция формасын кийип машина тосоюн”. Анан колума таяк алып турсам милициянын формасы укмуш экен, ала таякты көрүп биринчи эле машина көрсөткөн жериме келип токтоп калды. Бал челек тартып келаткан орус экен. Ушинтип машинабыздын мотору иштебей токтоп калганыбызды айтсам туннелге чейин тартып чыгарууга макул болду.

Экөөбүз сүйлөшүп атсак тигилер күлүп калды. “Булар эмнеге күлүп атышат?» деп сурады. «Сен аларга көңүл бурба, булар – оору адамдар, Чымкоргондон алып келатам, Майлысайга алып барам», дедим. Тиги шоопур туннелге чейин тартып чыкканга макул болду. Туннелге жеткенден кийин тигил шоопур мени таңгала карап кете берди. Ошондо байкап атпайымбы, үстүмдө милициянын көйнөгү, бутумда жөнөкөй шым. Туннелден чыккандан кийин Суусамырга түшүп, бир буфеттин жанына токтодук. Келсек бир топ жүн жүктөгөн машиналар туруптур. Күн бүркөк болчу, жаңыдан эле жамгыр жаап токтолгон.

Ал жерден жанымдагыларга: «Силер туруп тургула, мен машинаны оңдотоюн», деп жол боюндагы буфетке кирдим. Милиция формачанмын. Кирсем жүн жүктөгөн машиналардын шоопурлары чогулуп столго отуруп, алдына арак-винону жайнатып коюшкан экен. Формачан мени көрүп бөтөлкөлөрүн ката албай калышты. «Эй балдар, ушинтип отурганыңар туура эмес да, тиги Төөашууда машиналар кулап атса, силер ичип отурасыңар, мас болуп айдайсыңар, анан кулайсыңар», десем тигилер: «Ай байке, бүгүн күн жаап салды, жүн суу, бүгүн жолго чыкпайбыз, эртең жөнөйбүз», дешти. «Мунуңар болбойт, күбөлүгүңөрдү бергиле!» деп, алардын шоопурлук күбөлүгүн алып алдым. «Ай, байке, эптеп оокат кылып аткан тамагыбыздан айырбаңыз», деп кыйылышты, бирок беришти.

Шоопурлардын күбөлүгүн алып сыртка чыгып турсам артыман бирөөсү келип: «Байке, каалаганыңызды жасайлы, күбөлүктү бериңиз, ишибизден алдыртпаңыз», деп туруп калды. Мен ага биздин машинаны көрсөтүп, «ушуну оңдой аласыңарбы?» десем көрүшүп эки сааттын ичинде оңдоп коюшарын айтышты. Ошол жерде Мусаев деген директор таанышым бар эле, ошонун үйүнө кетип 2 сааттан кийин келсем биздин автобусту жүргүзүп атышыптыр. Тигилерди чакырып «мындан ары ичпей жүргүлө, ашууну көрдүңөр го», деп күбөлүктөрүн кайтарып бердим. Кудуңдап кетишти.

Кечинде концерттин алдында Эстебеске «мени концертке чыгарба, тиги шоопурлар таанып калды», десем «жок, чыгасың, бейбаш балдар көп экен бул жерде» деп көгөрүп болбой койсо болобу. Бир маалда Эстебес, «Солтоке, чык, чык, элдин баары чуулдап кетти», деп калды. Чыксам, баягы шоопурларым ичип кызып калышкан экен, бакылдашып атышат. «Эй, тынч отурбайсыңарбы!» десем бир аз токтолуп калышты. Интермедия аткарып атып кулагым чалып калды. Бирөө айтты: «өй, мынабу жанагы биздин күбөлүктү алган милициябы?» Экинчиси: «Койчу, милиция кантип артист болуп калсын», деди.

Тигилер таанып коюшту. Концерт бүткөндөн кийин тигилер келишип: «Ой байке, бизди ит кылдыңыз го. Документтерибизди алып, бизди иштетип, а сиздин документиңизди сурап койбогон бизге убал жок», дешип күлүп атышат.
XS
SM
MD
LG