Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Оппозициянын «Позициясы»


Түштүктө ушул айдан тарта «Позиция» деген өзбек тилиндеги гезит чыга баштады. Оппозициялык маанайдагы басылманын жетекчилиги укук коргоо кызматкерлери гезитти окурманга жеткирбөөнүн амалдарын көрүп жатышат деп билдирди. Серепчилер болсо басылманы президенттик шайлоодо өзбек электоратынан колдоо табууга аракет кылган оппозициянын “утурумдук гезити” деп эсептешүүдө.

Бириккен Элдик кыймылдын соңку аракеттерин, оппозиция лидерлеринин маектерин баскан «Позиция» гезити май айынан тарта өзбек коомчулугуна кенен тарай баштады. Ар жума сайын 5000 нускада жарык көрө баштаган басылманын директору, «Ата-Мекен» партиясынын Жалал-Абад облустук төрагасы Асылбек Текебаев гезит жакынкы күндөрү орус жана кыргыз тилдеринде да жарыкка чыгаарын билдирди.

- Гезит азырынча өзбек тилинде гана чыгып жатат. Жакынкы күндөрү ушул эле басылманы кыргыз жана орус тилинде чыгаруу алдында турабыз. Учурда редакция тажрыйбалуу журналисттер менен толукталып бүттү.

А.Текебаевдин айтымында, укук коргоо кызматкерлери «Чү» дегенде эле гезитти окурмандардын калың катмарына жеткирбөө аракеттерин көрө башташты. Журналисттерге коңгуроо чалышып, гезит таркаткандардын артынан аңдып, жадагалса, гезитти күркөлөрдөн дүңүнөн сатып алып жатышат, дейт Текебаев:

- Шайлоонун шайтан оюндары башталып, биздин гезитти таратып жүргөндөрдүн да артынан калбай аңдып жатышат. Мисалы, Базар-Коргондогу, Сузактагы күркөлөрдөн гезитти саттырбай да жатышат экен. Ошто болсо укук коргоо кызматкерлери гезитти окуп жаткан адамдын колунан да жулуп алып жатышыптыр. Азыркы бийлик, албетте, элге туура маалымат жетишин каалабайт.

Араван районунун тургуну Кадыр Хамидов «Позиция» гезитинин алгачкы санын окуп, Чүйдөгү курултай, оппозициянын бирдиктүү талапкери тууралуу маалыматты эми укканын айтты.

- Мен бул гезиттен Кыргызстандагы саясий кырдаалды, оппозициянын билдирүүлөрүн, бийликтин кемчиликтерин окудум. Чынында Оштогу өзбектер оппозициянын программаларынан, алардын иш-аракеттеринен такыр кабарыбыз жок болчу. Мына, маселен, Чүйдө чоң курултай өткөнүн эми билип жатам. Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин маектери да жарык көрүптүр.


Жергиликтүү серепчилер болсо бийликти кескин сындаган өзбекче басылманын шайлоо алдында жарык көрүшүн келаткан президенттик шайлоодо оппозициянын упай топтоо аракети катары баалап жатышат. Талдоочу Касым Калыкулов:

- Муну мен шайлоо алдындагы кезектеги “шоу” деп ойлойм. Бул гезит кимдир бирөөнү жаман көрсөтүп, кимдир бирөөгө упай алып келүү максатында ачылган гезит. Оппозиция өзбек улутундагылардын упайын шайлоодо өздөрүнө оодарууга аракет кылып жатат.

Бирок мындай пикирди колдобогон коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, чыныгы саясий кырдаалдан маалыматсыз өзбек улутундагыларга оппозиция аргасыз ушундай ыкма менен идеясын жеткирүүдө деген пикирде:

- Өзбек улутундагылар буга чейин оппозициянын иштеринен кабарсыз болуп келишти, билгенге мүмкүнчүлүгү да жок болчу. Бийликчил телеканалдар окуяларды бир жактуу гана көрсөтүшөт. Бийликтин кетирген кемчиликтерин алар билишчү эмес.

Ошентип эми эле жарыкка чыга баштаган оппозициялык маанайдагы «Позиция» гезити коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Анын жетекчилиги гезитке басылган ар бир материалды дыкат текшерип, айтор, бийликке жаза тайуудан сактанып турушкан чагы. Буга чейин К.Бакиев бийлигин кескин сынга алчу «Де-факто», «Алиби» гезиттери жабылып, Жалал-Абаддагы «Сентябрь» телеканалы да ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгону бар.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG