Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Дүйнөлүк гезиттер эмне дешет?


Кыргызстандагы кырдаал тууралуу жазган дүйнөлүк гезит-журналдар соңку күндөрү алдыдагы референдум, түштүктөгү гуманитардык жагдай жана чет-элдик аскер күчтөрүн киргизүү темаларына көп кайрылышты.

Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоң-тоз кандуу кагылышууларды токтотуу үчүн эмне үчүн эларалык коомчулук убагында ыкчам аракет көрбөгөнү ушул күндөрдө дүйнөлүк прессада кызуу талкууланып жатат.

АКШдагы Foreign Policy басылмасында бүгүн “Кыргызстанды сактап калганга али да кеч эмес” деген макала басылды. Анын негизги мааниси – Ошто кыргыз-өзбек болуп кагылышып жаткан учурда дүйнө кан төгүүнү токтотуу үчүн тийиштүү чара көрө албады же көрүүнү каалаган жок.

Басылма Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды Судандагы, Шри-Ланкадагы Конго, Кения жана дагы бир топ кыргынды баштан кечирген өлкөлөрдөгү окуялар менен салыштырып, аларга да дүйнө көзүн жумуп койгонун эске салат.

Мына ушуга үндөш макаланы Орусиядагы “Независимая газета” бүгүнкү санында басты. Анын автору Александр Караваев эмне үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери ушул учурда өлкөгө киргизилбегенине таң калганын жашырбайт. “Албетте, кыргыз өкмөтүнүн статусу, летигимдүүлүгү боюнча суроолор бар. Орусия жаманатты болбойлу деген мамилесин да түшүнсө болот. Бирок Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери акыркы 5-6 жылдан бери мына ушул өңдүү конфликтти чечиш үчүн машыгып жүрүшпөдү беле? Эми бассейнге суу толтурулгандан кийин эмне үчүн сүзгүчтү сууга түшүрбөй жатышат?”, - деп суроо коет автор.

Британиядагы эларалык маселелер боюнча институт Chatham house бүгүнкү макаласын “Бийлик вакууму” деп атады. Анда Борбор Азиядагы “демократиянын аралчасы” катары таанылган өлкө соңку жылдары “эң бейстабилдүү мамлекетке” айланганы айтылат. Макалада жазылгандарга караганда, соңку окуялар башка күчтөр тарабынан башталып, күчөтүлгөнү айтылганы менен, аймактагы кыргыздар менен өзбектер ортосунда конфликт бар экенин ачык көрсөттү. “Бирок, - дешет макаланын авторлору, - Борбор Азиянын кенедей бул жерине этникалык кагылышууну ал жакта авторитардык өкмөттүн жоктугун билгендер атайылап уюштурушту”. Chatham house бул конфликт эми региондун башка аймактарына жайылат дегенге кошулбайт. Анткени аймактагы дээрлик бүт мамлекеттер өздөрүндө Оштогу окуялар жөнүндө дээрлик маалымат беришпейт, өздөрүнүн чекарасын бекемдешти.

Дүйнөлүк медиада өзгөчө басым 27-июнга белгиленген референдумга да жасалып жатканы байкалууда. Москвадагы “Коммерсант” гезити бүгүнкү санында “Азыр референдумду кандай болсо да өткөрүп алууну жергиликтүү убактылуу өкмөт эле эмес, АКШ менен Орусия да колдоп жатышканын” жазды.

Референдум демекчи анын өтүшүн каалабаган айрым күчтөр өлкөдө үчүнчү ыңкылапка даярданып жатышканы тууралуу да орус гезиттеринде кеңири жазылууда. Ошол эле “Коммерсант” 22-июнда бул тууралуу утурумдук өкмөттүн айрым мүчөлөрү кеңири айтып жатышканын билдирди.

“Время новостей” басылмасы да 21-июндагы макаласында бул темага кайрылып, “Ушундай маалда референдумду өткөрүү канчалык зарыл?” деген суроону Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысынын орун басары Кубатбек Байболовко узатканын, ал “азыр бийликте башка жолу калбаганын айтканын” жазды.

Мындан сырткары, соңку күндөрү дүйнөдөгү гезиттер, маалымат агенттиктери Нариманда болгон аскерий операция жөнүндө да көп жазышты. Associated Press маалымат агенттиги Human Rights Watch эларалык уюмунун азыр Ошто жүргөн өкүлү Анна Нейстатка шилтеме жасап: “Кара-Суу районунун Нариман айылындагы атайын операцияда 2 адам өлүп, 20 ашууну жаракат алганын, аскерлер өзбек аялдарды да уруп, баалуу буюмдарын тартып алышты”, - деп жазды. Укук коргоочу Нейстат “Калктын дээрлик жарымы сыртка кетип калган, паспорттору жоголгон ушундай учурда булар кантип референдум өткөрүшөөрү белгисиз” деп билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG