Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

БУУ Кыргызстанда абал дале кооптуу экенин эскертти


Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын түштүгүндө тополоң дагы кайталанып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар деп эскертти. Анткен менен өлкөдөгү убактылуу өкмөт 27-июнга белгиленген референдумду баары бир өткөрүүнү туура көрдү.

Бириккен улуттар уюмунун эскертүүлөрүнө карабай, Кыргызстан этностор аралык кагылышуу болгон аймактарда өзгөчө кырдаалды алып салууну ниет кылууда.

Бул тууралуу өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева бейшембиде жалпы элге кайрылуусунда айтты.

“Өзгөчө абал киргизилген аймактарда 26-июндан тарта коменданттык саат алынып салынат, - деди Отунбаева. - Ошол эле учурда ал жерлердеги тургундардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн тийиштүү чаралар көрүлөт”.

Аскерлер 27-июнда коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жума күнү алдын ала добуш беришти.

Натыйжа

Референдумда өлкөнүн Конституциясынын жаңы варианты добушка коюлат. Эгер ал жактырылса, президенттин ыйгарым укуктары кыскарат, көбүрөөк укук парламентке берилет. Бирок парламенттин өзүндө да жалгыз партия шайлоодо 50% ашуун добуш алышына жол берилбейт. Демек, Жогорку Кеңеште бир партия үстөмдүк кыла албайт.

Отунбаева бейшембидеги кайрылуусунда элди референдумга сөзсүз катышууга чакырды. “Анткени Конституция кабыл алынмайын, өлкөдө мыйзамдуулук жана тынчтык болушу мүмкүн эмес”, - деди ал.

Ошентсе да түштүктө көптөр референдумга карата терс мамиледе экендигин билдиришүүдө.

Коопсуздук кооптондурат

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму коопсуздук абалы опурталдуу болуп тургандыгын эске салуу менен, түштүккө кыска мөөнөттөгү байкоочуларын жибербей тургандыгын билдирди.

Бейшембиде Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын жардамчысы Оскар Фернандез-Таранко Ош менен Жалал-Абадда абал бир топ эле тынчып калганына карабай, “этникалык кагылышуулар кайра башталып кетиши мүмкүн деген ушак тарап жатканын” билдирди.

Кыргызстандагы кырдаал уюмдун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында талкууланды. Фернандез “кагылышуулар кайра жанданып кетсе, анын Кыргызстанга да, жалпы регионго да таасири болоорун” эскертти.

Өлкөдөгү окуяларды бейшембиде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен АКШнын мамлекет башчысы Барак Обама Вашингтондогу жолугушуусунда да талкуулашты.

Экөөлөшүп эптей алышабы?

Кыргызстанда бул эки өлкөнүн тең аскерий базалары бар. Ошондуктан өлкөгө жибериле турган гуманитардык да, дипломатиялык да жардамды эки президент биргеликте координациялоону эп көрүштү.

Медведевдин айтымында, жумурияттагы саясий кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши ажеп эмес.

“Шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда мамлекеттин алдында турган милдеттерди чече ала турган өкмөт куралат го деген үмүттөбүз, - деген Медведев, - Андай болбосо, Кыргызстан артка кетет. Керек болсо, бөлүнүп-ыдырап кетиши да мүмкүн, - деп айтты. - Биз баарыбыз андай кырдаалда бийликке радикалдар келип калышы ыктымал деп чочулап турабыз. Наавада ошондой болуп кетсе, биз Кыргызстанда Ооганстандагыдай эле маселелерди чечүү менен убара болуп калабыз”.

Медведев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жетекчиси катары, зарыл болсо, аймакка аскер күчтөрүн да киргизүүнү караштыраарын кыйытты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG