Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Жаш электорат үчүн күрөш


“Президентикке талапкерлерлердин кимисин тааныйсыз?” деген суроо менен “Азаттык плюс” жаштардын арасында 50 адамга кайрылган. Көпчүлүк К.Бакиевди, А.Атамбаевди жана Т.Сариевди дурусураак билээрин айтты. Бул үч талапкер тең - саясий партиялардан көрсөтүлгөндөр. Алар жумурияттагы жаш электораттын добушун алуу үчүн кандай аракет көрүшөт?

Азыр саясий партиялардын жаш канаттары учурда шайлоого жаштарды тартуунун жолдорун издеп жаткан мезгил. Азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин келерки шайлоого көрсөткөн “Ак жол” партиясынын жаш канаты азыр үгүт иштеринин планын түзүп жатканын билдирди. Жаш канаттын мүчөсү Рустам Юсуповдун билдиришинче, 18-июндан баштап (мыйзамга ылайык, үгүт иштери ушул күндөн тарта башталат – ред.), партиянын жаштары республиканын бардык аймактарында жаштар үчүн ар кандай акцияларды уюштурганы жатат.

- Биздин жаштар комитети шайлоо компаниялары башталганда республика боюнча акцияларды, концерттик программаларды, кайрымдуулук иштердин бардыгын уюштурат. Жер-жерлерде талапкер жөнүндө жөн эле пиар жасабай, ал конкреттүү жасаган, жасай турган иштерин айтып, түшүндүрүү иштерди жүргүзөбүз. Биз ушундай багыт менен жаштарды тартуу максатын көздөйбүз.

Жакынкы күндөрдө оппозициялык маанайдагы партиялардын айрым жаштары аймактарда “Ак жол” үгүт иштерин Жогорку окуу жайларда баштап жибергенин билдиришкен. Алар үгүт иштери кол топтоо менен эриш-аркак жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Бирок Рустам Юсупов буларды жөн гана атаандаштардын чыгарган сөзү катары баалап, азыр демократиялык мамлекетте жашаган билимдүү жаштарга басым жасоо мүмкүн эмес, деп айтты.

- Андай нерселер боло элек. Коомдук пикирди жаратуу үчүн оппозиция ушундай сөздөрдү айтып жатат. Биз ошондой көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн жакында биз, жаштар, Бакиев менен жолукканы жатабыз. Ага оппозициялык партиялардын, бизнес-структуралардын жаштары катышат.

Президенттикке өз лидери Темир Сариевди көрсөткөн “Ак Шумкар” партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Урмат Акунов болсо партиянын жаштары азырынча үгүт иштери боюнча маселени карай электигин билдирди. Ал бир ай аралыгында жаштарды тартып алабыз деп мындай акцияларды уюштуруунун кажети жок дейт.

- Бир айда эле минтип жаштарды тартып алса болот, баары бизге ооп кетет дегенден алыспыз. Жасалган ишке баа берип, келечекке баам салыш керек. Бүгүнкү күндөгү дискотека, акчага алданбаш керек. Талапкердин турмушта эле жүргөн турганы, сүйлөгөнү, позициясы жаштарга сабак болуш керек. Гезитте бирди сүйлөп, анан турмушунда башканы кылса, ал жасалмалуулук болуп калат.

Депутат Бакыт Бешимовдун пикиринде, партиялардын жаш канаттары кандайдыр бир деңгээлде өздөрүнүн позицияларын айкындап, акырындап активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. “Бирок алардын саны өтө аз. Алар таза тирешүүдөн суурулуп чыкса жакшы болмок. Алардын дарамети дароо көрүнө түшмөк. Чыныгы лидер аныкталмак. Бирок Кыргызстанда андай шарт жок”, - дейт саясатчы.

- Мен позициясы бекем, курч, чочулабаган жаштарды көрүп кубанам. Мисалы, менин интернет баракчама 300дөн ашуун жаштар кирип, талкууларга катышат, өздөрүнүн көз караштарын билдиришет. Бирок андай жаштар көп болбойт, өтө аз. Азыр жаштардын жалпы массасы пассивдүү.

Жаш серепчи Атыр Абдрахманова “азыр жаштар эле эмес, чоңдор да өз позициясын билдиргиси келбейт” деген ойдо. Ал улуу муунда келе жаткан шайлоого карата ишенич жоголгонун, ошондуктан кайдыгер болуп, көпчүлүгү добуш берүүгө барбай да коюшу ыктымал экенин билдирди. Ал учурда жаштарда ишенич азырынча толук жоголуп кете элек деп ишенет ал.

- Акыркы убактарда саясатка активдүү катышкан жаштар, мисалы партиянын жаш канаттары, үчүн баалуулуктар өзгөрдү. Алар мурунукудай чоңдор эмне айтса, ошону жасоо менен гана чектелбестен, партиянын чечимдерине да таасир этүүгө аракет кылып жатышат. Өздөрүнүн позициясын бекемдеп жатышат. Бирок чоңдор аларды баягыдай эле баласынтып коюп жатышат. Анткени аларда аң сезим ошондой. Айрымдары гана алар менен эсептешет. Эгер позициясы бекем жаштар бириксе, алар бат көтөрүлмөк. Бирок калган массаны ойготууга көп убакыт керек.

ПРООНдун изилдөөсү боюнча учурда Кыргызстандын жаштарынын 18% өлкөнүн коомдук жашоосуна активдүү катышат. Ал эми Атыр Абдрахманованын айтымында, алардын ичинен 9% гана таза, мыйзам чегинде шайлоо өткөрүү мүмкүн экенине ишенет. Президенттикке негизги талапкерлер ушул жаштардын добушу үчүн кантип күрөшөөрү шайлоо күнү жакындаган сайын ачыктала берет көрүнөт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG