Ага уруксат берген Жалал-Абад шаарынын мурунку аскер комиссарына кылмыш иш козголду.
Айрым талдоочулар армиядагы бул көрүнүштү жылма миграция менен байланыштырууда. Кыргызстанда буга чейин коңшу тажик жана өзбек жарандары ар кандай жолдор менен кыргыз паспортун алган учурлар кездешип келген.
Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Тилек Чокморовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Өзбекстандын тургуну, жарандыгын тастыктаган документи жок Сардорбек Темиров Рустам углы аскерге былтыр декабрда чакырылган:
-Тергөөдө белгилүү болгондой, 2012-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаардык биргелешкен аскер комиссариатынын комиссары Кумарбек Абдраимахуновдун жардамы менен Сардорбек Темиров Таш-Көмүр шаарынын Өзгөчө кырдаал аскер бөлүгүнө чакырылган.
УКМК 26-февралда бул иш боюнча Кумарбек Абдраимахуновго каршы кылмыш иш козгоду. Мурунку аскер комиссары “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, ишинде жасалмалуулукка жол берген”,- деп айыпталып жатат.
Коргоо министрлигинин Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Элеманов мындай мыйзам бузуу болгонун тастыктап, бирок бул кеңири тараган көрүнүш деген дооматтарды четке какты:
- Илгери армияда кызмат өтөгөнү жаткан ар бир жаран паспортун тапшырып кетчү. Аскерден келгенден кийин кайра паспортун алып, аскердик каттоого туруп, анан кетишчү. Азыр эми паспортторун эч ким тапшырбайт. Себеби биздин аскер комиссариаттарында паспорттордун баарын сактаганга шарт жок. Бирок аскерге чакырылчу уландын өздүк ишин топтоп жатканда паспортун көрсөтүп, көчүрмөсүн алып туруп, анан чакырылышы керек эле.
Элеманов өзбекстандык жигитти армияга чакырган деп айыпталып жаткан аскер комиссары ишиндеги алешемдиктерден улам өткөн жылдын этегинде кызматтан алынганын кошумчалады.
Айрым талдоочулар бул фактыны жылма миграция менен байланыштырууда. Коргоо министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Токтогул Какчакеев коңшу өзбек жана тажик жарандары ар кандай жолдор менен кыргыз паспортун алган учурлар кездешерин айтып, муну паспорт берүү системасындагы алешемдик менен түшүндүрдү:
- Бул маселенин негизги багыты аскер комиссарларында эмес. Паспорт системасын милициядан каттоо кызматына өткөрүп берген. Ошондуктан ушундай абал болуп жатат. Өзбекстандын тургуну кыргыз армиясына барып, бир жыл кызмат өтөп чыккандан кийин кыргыз паспортун алганга укуктуу болуп калат. Ошондуктан бул жеңил жол. Бүгүнкү күндө сыртка мигрант болуп кеткен кыргыздардын ордуна Тажикстандан, Өзбекстандан адамдар толуп келип атат. Үйлөрүн, жерлерин сатып алып жатат. Бул мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирип жатат.
Коргоо министрлиги бул окуядан кийин жер-жерлердеги аскер комиссарларына армияда кызмат өтөп жаткандар менен чакырыла тургандардын документтерин тактоо боюнча тапшырма берди.
Былтыр жазында Казакстанда кыргыз паспорттору менен мыйзамсыз чек арадан өтүп бараткан 6 ооган жараны кармалган болчу. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында бүгүн эле өзбекстандык кыз-келиндер кыргыз паспортторун мыйзамсыз жол менен алып сыртка иштегени барышары тууралуу да сөз болду.