Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Үмөталиев: "Ачык асман" саясаты ишке ашкан жок


Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Кыргызстандын мурдагы экономика министри, белгилүү бизнесмен жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиев "Азаттыкка" авиация тармагындагы айрым маселелер боюнча маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстандын Европанын аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салган “кара тизмеден” чыгуу аракетинен майнап чыгып жатабы?

Үмөталиев: “Кара тизмеден” чыгуу ишин биздин өкмөт ак ниет менен аягына чейин толук бүтүрө албай жатат окшойт. Себеби 2-3 авиакомпаниянын эле кызыкчылыгын көздөп, ким бийлик менен тил табышып алса, ошолор гана корголуп жаткандай. Мунун айынан биз жаңы, заманбап пайдадан айрылып турабыз. Эгер көбүрөөк инвестиция тартып, башка өнүккөн технологиялык лидерлер менен ачык кызматташууга барсак, алардын мүмкүнчүлүктөрүн алып, өзүбүздүн же биргелешкен, балким, бизде катталган компаниялардын пайда болушуна жол ачат элек. Алар Европага учууга укуктары кеңири болот деген ойлор бар эле мурдатан. Бирок бул ишке толук ашпай жатат.

“Азаттык”: Ал эми аба мейкиндигин либералдаштыруу боюнча 200гө жакын мамлекет кирген “Ачык асман” дүйнөлүк демилгесине быйыл жыл башында кошула турганыбыз айтылды эле...

Үмөталиев: “Ачык асман” саясаты – өлкөнүн асманын толук бойдон ачык деп жарыялоо. Өкмөт жана башка кызыкдар күчтөр алгач “Жок. Биз мындай саясатка каршыбыз, өзүбүздүн авиакомпаниялардын кызыкчылыгын коргойбуз” деп келатып, кийин кайра бурмалап “Ооба, макул, ачык асман жарыяладык” деп айтып коюп, бирок иштеген механизмдери мурдагы бойдон эле калган. Чындыгында биз тараптан бюрократиялык тоскоолдуктар, уруксат алуу механизмдердин баары четке кагылган эмес. Мурдагыдай эле калган. Ар бир өлкө менен келишим түзүп, аларга “Биз “Ачык асман” саясатына баратабыз” деген узак жана убара жол бар эле. Ошо бойдон эле келатат.

“Азаттык”: Эгер бул демилге ишке ашса Кыргызстан кандай пайда көрөт эле?

Үмөталиев: Эң негизгиси – эркиндиктин бешинчи же жетинчи деңгээли деп аталат, кайсы бир башка өлкөлөрдөн жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү биздин аэропортторго бюрократиясыз, коррупциясыз айлап-жылдап уруксат алып, келишим түздүрбөстөн кабыл алууга жол ачат эле. Ал эми алар өз кезегинде коммерциялык кызыкчылыгы менен тез арада келип конуп, керек болсо үчүнчү бир мамлекетке өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн алмак. Мунун бизге пайдасы – жүргүнчүлөр жана жүктөрүбүз кыска убакытта ар тарапка арзан баада жетип барып же ал жактан тез алып келгенге жакшыраак шарт түзүлөт эле. Биз кичине өлкө болгондуктан жана авиакомпаниялар жетишсиздигинен кээде Жапонияга Москва аркылуу барып келүүгө аргасызбыз. Тез жана арзан жете албай Жерди айланып эле жүрөбүз. Кыскасы, ошондой жакшы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылмак.

“Азаттык”: Дүйнөдөгү соңку окуяларга байланыштуу бул саясаттын коопсуздук жагы кайра каралып чыгышы ыктымалбы?

Үмөталиев: Коопсуздук тууралуу ишкерлердин жана коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон ассоциациялар, эксперттер 2012-жылдан бери тынбай эле айтып келатабыз. Колдогон адамдардын саны көбөйүүдө. Мурда өкмөттө вице-премьер, премьер-министр болгон жетекчилер колдойбуз деп убада берген. Бирок, биздин байкообуз боюнча, ошол колдоосу аягына чыкпай жатат. Бул адамдардын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эле эмес, социалдык-экономикалык өнүгүүбүздүн, аймакта эмес, дүйнө боюнча атаандаштуулугубуздун деңгээлин тез, кошумча каржылоосуз, бир гана чечим менен бекемдеп алууга шарт түзөт эле. Эгер биз ошондой соода жолдорубузду өнүктүрүп алсак, өлкөнүн коопсуздугуна көп пайда болмок.

XS
SM
MD
LG