Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Жемкордун бетин ачкандар сый акы алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пара алган аткаминер тууралуу маалымат жеткирген адамга сый акы төлөнүп берилет. Кыргызстанда «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди.

Мыйзам долбоорунун негизги автору - Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянова. Ал коомдо жемкорлорго карата жийиркенүү сезими калыптанган учурда гана коррупцияны жеңсе болот деп ишенет.

- Эгер коррупция менен күрөшүү мамлекетте ийгиликтүү болсун десек, жалаң эле тартип коргоо органдары эмес, жөнөкөй жарандар да күрөшүшү керек, - деди ал. - Ошол таризден алганда бул мыйзам Кыргызстан үчүн өтө керек. Анын негизги максаты – коррупция жөнүндө айткан жарандарды коргоо. Жөн эле коргоо эмес, аларга түрткү берүү.

Экс-депутат бул мыйзамды 2016-жылы башка парламентарийлердин тобу (Ө. Текебаев, Н.Никитенко, Ж.Бакчиев, Д.Бекешев, А.Өмүрбекова жана И.Масалиев - ред.) менен чогуу жазган. Аны Жогорку Кеңеш колдоп, президентке жөнөткөн. Бирок ошол кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тартып, толуктап кайра иштеп чыгууга парламентке жиберген. Ортодо комиссия түзүлүп, макулдашылган вариантына азыркы президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда кол койду.

Салянова жалпысынан кабыл алынган мыйзам жемкорлукту азайтууга өбөлгө түзөрүн, бирок ал жазган баштапкы варианттагыга караганда айрым өзгөчөлүктөр бар экенин айтты:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Мисалы, жаран арыз менен кайрылып, «мен эртең бир адамга пара берилерин билем» деп маалымат берсе жана тартип коргоо органдары акча берүүнүн үстүнөн чыкса, ошол сумманын 30% айткан адамга кетиши керек болчу. Бул биринчиси. Экинчи маанилүү учур – мисалы, мамлекеттик мүлктүн арзан сатылып кетишинин алдын алуучу маалыматты берген адамга сый акы төлөөнүн жол-жобосу да жазылган болчу. Анткени бул жерде накта акча жок. Азыркы кол коюлган мыйзамда ушул жагдайлар алынып калыптыр.

Сый акы төлөп берүүнүн механизми мыйзамда төмөнкүчө жазылган: жемкорлук сотто далилденсе өндүрүлгөн сумманын 30% тиешелүү тартип коргоо органдарына түшөт, ал эми маалымат берген адамга ошол сумманын үчтөн бири төлөнүп берилет. Демек, Салянованын айтымында, кеп 10% акча тууралуу болуп жатат.

- Кээ бир мамлекеттик органдар жемкорлукту аныктаса, келтирилген зыяндын орду толтурулса 30% ала алат деген укук бар. Мыйзамда "ошол сумманын үчтөн бири" деп жазылыптыр. Бул – 10%, - деп түшүндүрдү ал.

Жаңы мыйзам боюнча, мамлекет корголуучу адам жөнүндө бардык маалыматтын купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү болот. Ал эми анын жеке коопсуздугу он чакты пунктта кеңири жазылган. Мисалы, зарыл болсо турак жайы жана мүлкү коргоого алынат, коркунуч жаралса ошол тууралуу белги берүүчү атайын каражаттар берилет, кааласа башка жерге жашап турууга көчүрүлөт, өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү, өң-келбети, иштеген жери өзгөртүлөт.

Бул мыйзам коомчулукта башынан эле түрдүү пикирлерди жаратып келе жатат. Мисалы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров анын иштеп кетишине ишенбейт.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Бул - кезектеги элге жагынуу, элдин көңүлүн башка жакка бурмалоо саясаты, - деди саясатчы. - Коррупцияны жасап жаткан үстү жактагы да, астындагы да адамдар мыкты билет. Бирок биздин менталитетибизди, адамгерчилик деген түшүнүктөрүбүздү алып караганда кишинин кемчилигин жарыя кылган кишини жек көрүшөт. Аны киши катары көрбөй коет. Кийин элден чыгарып коет. Мына ушул жааты ал мыйзамга караганда күчтүүрөөк, биздин элде. Ошондуктан эч кандай пайдасы тийбейт. Иштебейт. Ал үчүн элдин, коомдун дүйнө таануу, кабылдоо философиясы башкача болушу керек. Ага чейин дагы бир топ, ондогон жылдар керек.

«Жемкорлук тууралуу маалыматты органдарга жеткирген адамды коом кабыл албайт» деген пикирлерге экономика маселелери боюнча талдоочу Азамат Аттокуров кошулбайт. Ал мындай адамдарды илгерки союз маалындагы НКВДнын тушунда маалымат жеткиргендер менен салыштырган комментарийлерге төмөнкүдөй жооп берди:

- Бул мыйзам керек. Бирок иштеп кетиши үчүн маалымат жеткирүүнүн формасы кандай болот, жашыруунбу же ачыкпы - ошону тескеген мыйзам алдындагы актылар керек. Ал эми НКВД учурундагыдан айырмасы – ал кезде адамдар бири-бири, кошунасы тууралуу маалымат беришчү. Жеке жарандар. Ал эми бул жерде жеке жаран мамлекеттик кызматкерге карата арыз жазып жатпайбы. Үйү, хансарайы деген сыяктуу. Коррупция мамлекеттик кызматкерлердин ишине гана байланыштуу болот да.

Жемкорлук өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги фактор экенин Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин өткөргөн Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында айткан. Ал «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп мамлекеттик органдардын ишин кескин сынга алган. Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш ишин козгогонун, бирок алардын 23% гана сотко өткөнүн белгилеген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, коррупция боюнча козголгон иштер көбөйүүдө. Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Жаркынай Азиева:

- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары коррупцияга каршы аракеттенүү тармагында 2018-жылы 490 кылмыш ишин козгоду. Ал эми 2017-жылы 413 иш ачылган, - деп маалымат берди.

Коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency International» уюмунун 2018-жыл үчүн баяндамасында Кыргызстан 2017-жылдагы 141-орундан 132-орунга көтөрүлгөнү айтылат. Бирок алган упайлар 29 бойдон калган. Уюмдун өкүлдөрү жемкорлуктан арылуунун бирден-бир негизги жолу - мамлекеттик органдардын ишинин айкындуулугун камсыз кылуу экенин белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG