Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:23

Алфавит реформасы кайра талкууга түштү


Латын арибиндеги кыргыз алфавитинин Бахтияр Шаршеев сунуш кылган варианты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында «Кыргыз латын алфавитинин» долбоору талкууланды. Ага илимий интеллигенция өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча демилге - эгемендик алган жылдардан бери эле байма-бай көтөрүлүп келаткан темалардын бири. Акыркы жылдарда бул демилге кайрадан кызуу талкууга түшүп, дүйнөлөшүү мезгилинде латын тамгасына өтүү мезгил талабына айланганы айтыла баштады.

Бул тууралуу жыйында өзүнүн долбоору менен тааныштырып жатып Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова айтты:

Гүлзура Жумакунова.
Гүлзура Жумакунова.

«Алфавиттин эл аралык жетик мүнөзүн камсыз кылуу дегенде заманбап эл аралык байланыш процессинде ашыкча кыйынчылык тартпастан ошол процесске үн кошо билүү эске алынды. Кыргыз коомчулугу латын жазуусуна азыр эле туш келип жаткан жок. Элибиз 1929-1940-жылдар аралыгында 10 жыл латын графикасын колдонуу тажрыйбасына ээ. Түрктөрдүн орток жазуу системасынын ичинде болуу маселеси 1990-жылдардан бери эле айтылып келатат».

Жумакунова өзүнүн долбоору «Интернет айдыңындагы арип» катары заманбап технологиялык жаңылыктарга ыңгайлашканын, чаржайыттыкка жол бербей, бир тамга бир тыбыштан турарын жана санарипке оңой түшөрү менен өзгөчөлөнөрүн кеп кылды.

Окумуштуулар учурда Кыргызстан КМШнын курамындагы түрк тилдүү элдердин ичинен кирилл тамгасын колдонгон жалгыз өлкө экенин айтып жүрүшөт. Казактар, азерилер, түркмөндөр, өзбектер латын тамгасын кабыл алып, учурда этап-этабы менен ушул арипке өтүү жолунда. Мисалы, казактар Нурсултан Назарбаевдин 2018-жылдын 19-февралындагы жарлыгына ылайык 2025-жылга чейин латын алфавитине толук өтүүнү көздөп турат.

Ал эми Кыргызстанда латын тамгасына өтүү боюнча демилге буга чейинки өлкө башчыларынан колдоо тапкан эмес. Мисалы, Курманбек Бакиев өз кезегинде мындай реформага көп чыгым керек болгондуктан ага өтүү зарыл эмес деп санаган. Алмазбек Атамбаев болсо «түрк тилдүү татарлар менен башкырлар орус жазуусунда эле жазып атышат» деген жүйө менен латын арибине өтүүнү колдогон эмес.

90-жылдардан бери латын тамгасына өтүү боюнча демилге көтөрүп жүргөн Тынчтыкбек Чоротегин «бул иш көп чыгымга учуратат» деген пикирлерге жооп кайтарды:

Тынчтыкбек Чоротегин.
Тынчтыкбек Чоротегин.

«Акча кетеби же кетпейби дегенде... Виртуалдык маселелерди тактоодо, мисалы «Ж тамгасын мындай жазалы, Ч тамгасын мындай жазалы» деген чечимди кабыл алууда ага чака тыйын да кетпейт. Биз эң башында ушундай маселелерди чечип алышыбыз керек. Кыргыз өкмөтү алгач өзүнүн алфавитин тактап алса эле дүйнөдөгү кыргыздар кааласак да, каалабасак да эгемен мамлекетте тастыкталган тамга менен Интернет барактарын, китептерин чыгара баштайт. Алар бизден бир тыйын сурабайт».

Чоротегин мында эч ким кирилл жазмасына тыюу салбай турганын, бирок аны латын, араб алфавитинин кыргызча варианттарына шайкеш келтирүү абзел экенин, азыркы максат латын алфавитин тез арада тартипке салуу экендигин кошумчалады.

Бул демилгени жактаган окумуштуулар латын арибине өтүүнүн муктаждыгы катары дүйнөлүк маалыматтын 70 пайызы латын тамгасында жазылганын, Интернеттин тамгасы, түрк тилдүү элдер менен жакындашуу процессин тездетерин айтышат. Алар буга чейин чечилбей келе жаткан кыргыз тилинин грамматикалык маселелерин ушундай жол менен биротоло чечип алууга мүмкүн экенин, дүйнөдө латын тамгасын колдонгон эл саны көптүгүн да жүйө келтиришет.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири Алтынбек Сулайманов сөз болуп жактан маселени колдой турганын айтып, бийлик бул жагынан коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин кошумчалады:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Кремлди же Москваны караган мамлекеттик башкарууда отургандар, ал эле эмес эл арасында да ушундай көз карашта жүргөндөр да бар. Мындай көз караштар менен күрөш үчүн коомдук талкууларды көбөйтүш керек. Окумуштуулар эгер латын арибин киргизсе биз соцтармактарда аны колдоно башташыбыз керек. Турмушта пайдалануу көбөйгөндө өзүнөн өзү акырын өтүп кетебиз».

Буга чейин депутат Каныбек Иманалиев кыргыз жазмасы 2030–2040- жылдарда латын алфавитине өтүшү керек деп санаса, филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев өлкөдө латын тамгасына өтүүнү эрки күчтүү киши гана ишке ашыра ала турганын айткан.

Азыркы тапта Бахтияр Шаршеев менен Гүлзура Жумакунованын долбоорлорунан тышкары, латын алфавитин тактоо боюнча башка да атаандаш долбоорлор бар. Учурда адистер калайык жана илимпоздор, адистер, санарип технологдору ошолорду ачык талкуулашы керек экенин, Жогорку Кеңеш бир вариантты тандап, чекит коюшу зарыл болорун айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (90)

XS
SM
MD
LG