Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37
10-март, 2020-жыл.
10-март, 2020-жыл.

Зомбулукка каршы акциянын талабы

Акция Уркуя Салиевага арналып тургузулган эркиндик монументинин алдында өттү. Ага миңге чукул киши катышты.

10-мартта Бишкекте 8-марттагы аялдардын жүрүшүндөгү окуяга нааразы болгон жүздөгөн кишилер акция уюштурушту.

Алар бийликтен Баш мыйзамдагы жарандар укугун сактоого, 8-марттагы тынч акциянын катышуучуларына чабуул жасагандарды жазалоону талап кылышты.

Экс-президент Роза Отунбаева баш болгон белгилүү укук коргоочулар, активисттер катышкан иш-чарада ички иштер министрин кызматтан алуу талабы дагы айтылды.

Бишкектеги Уркуя Салиевага арналып тургузулган эркиндик монументинин алдында өткөн акция Кыргызстандын гимнин ырдоо менен башталды. Миңге чукул киши катышкан акцияда эч кимге сөз берилген жок.

Чогулгандар алып баруучуларды кайталап "Биз укуктук мамлекетти колдойбуз", "Мамлекетим", "Баш мыйзамды бил жана аткар!", "Эгер мамлекет мени укпаса, тынчтык митинги менин укугум!", - деп кыйкырып турушту.

Зомбулукка каршылар күч колдонууну айыпташты

Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды. Акция саат 12:00до башталды. 
1/13 Уркуя Салиева атындагы «Революция каармандарынын» эстелигинин жанында аялдардын укуктарын коргоо акциясы өтүп, анда «Зордук-зомбулукка каршы!», «Эки жүздүүлүккө каршы!» деген өңдүү ураандар чакырылды. Акция саат 12:00до башталды. 
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
 Акциянын катышуучулары өкмөттү чукул жыйын өткөрүп, «8-марттагы укук бузууну жана башка укуктук чектөөлөрдү жакшылап иликтеп, милициянын аракеттерине укуктук баа берүүгө» чакырышты. 
2/13  Акциянын катышуучулары өкмөттү чукул жыйын өткөрүп, «8-марттагы укук бузууну жана башка укуктук чектөөлөрдү жакшылап иликтеп, милициянын аракеттерине укуктук баа берүүгө» чакырышты. 
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
3/13
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
&nbsp;Аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция&nbsp;тынч өттү. Уюштуруучулар бийликке&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/30478930.html" target="_blank">бир нече талабын</a>&nbsp;айтты.
4/13  Аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция тынч өттү. Уюштуруучулар бийликке бир нече талабын айтты.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
Тилектештигин билдирип, экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы вице-премьер-министр <strong>Мира Жангарачева, </strong>&laquo;Үмүт-2020&raquo; кыймылынын жетекчиси <strong>Ширин Айтматова,</strong> белгилүү жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты.
5/13 Тилектештигин билдирип, экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы вице-премьер-министр Мира Жангарачева, «Үмүт-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова, белгилүү жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
6/13
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
7/13
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
8-мартта Бишкекте &laquo;Аялдардын шериктештик маршы&raquo; өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/30475607.html" target="_blank">үзгүлтүккө учуратып</a>, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен.&nbsp;Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.
8/13 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
9/13
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
Акцияга милиция көз салып турду.&nbsp;
10/13 Акцияга милиция көз салып турду. 
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
Ырчы Тата Улан да акцияга оз оюн билдирип чыкты.&nbsp;
11/13 Ырчы Тата Улан да акцияга оз оюн билдирип чыкты. 
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
8-марттагы акцияны айыптаган аялдар тобу бүгүнкү митингге да келип, катышуучулар менен кайым айтышты. Милиция алардын ортосуна түшүп, ажыратып жатты.
12/13 8-марттагы акцияны айыптаган аялдар тобу бүгүнкү митингге да келип, катышуучулар менен кайым айтышты. Милиция алардын ортосуна түшүп, ажыратып жатты.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
13/13
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
Артка
Алдыга

“#Reакция” деп аталган митингдерде “Өлкөдө баары жаман, жада калса балкондо чоңойгондор чыкты” деген өзгөчө ураандарды көтөрүп чыгып белгилүү болгон Айбек аттуу шаар тургуну бул сапар “Чырды эмес, сүйүүнү козгогула” деген жазууну кармап турду.

"Мен өз позициямды билдирүү үчүн келдим. 8-мартта өтө жаман иш болду. Бүгүн көп киши келгенине кубанып турам. Зомбулук дал ошол 8-март күнү болду. Бул өтө өкүнүчтүү болду”, - деген ырчы Салтанат Аширова жаштар өз позициясын эркин айтып чыгууга укуктуу экенин белгиледи.

“Биз зомбулукка каршыбыз. Жаштар өзүн сарсанаа кылган маселени митингге чыгып айтканды билиши керек. Аң-сезимдүү жаштар болбосо келечек туңгуюк. Келечек жаштардын колунда эмеспи”.

Акцияга экс-депутат Роза Отунбаева, Мира Жангарачева, Чолпон Жакупова, Нурбек Токтакунов, Ширин Айтматова ж.б. коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, саясатчылар катышты.

Экс-президент Роза Отунбаева журналисттерге жооп берип жатып, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтан кетиши керек деген пикирин билдирди.

“Мен ички иштер министри отставкага кетиши керек деп эсептейм. Дүйнөлүк медиа бул көрүнүштү жазып жаткандан кийин кетиши керек. Биз сөз эркиндигине жетүү үчүн он жылдап иштегенбиз. Эми биз ошол эмгекке бутун сүрткөнгө жол беришибиз керекпи? Он жылдап демократиялуу коомго баруу үчүн күрөшкөнбүз. Бир күндө ошол абройду төккөнгө, Кыргызстанды каралаганга жол бербешибиз керек".

Митингде айтылган дооматтар боюнча Ички иштер министрлигине байланышууга болгон аракетибизден майнап чыкпады. Өкмөт акцияда экс-президенттин министрдин кетишин талап кылганы боюнча комментарий бере элек.

Митингдин алдында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев “биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген” деп, жарандарды тынч акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырган.

“Акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл. Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырган. Акцияга каршы болуп келгендер да болду.

Маселен, өзүн "Ала-Тоо айымдары" экологиялык коомунун мүчөсү деп тааныштырган Жыпаргүл Баргыбаеваны тынч жыйындын катышуучулары "Уят" деп кыйкырып сүйлөтпөй коюшту. Баргыбаева 8-марттагы жүрүштөгү калпакчан жигиттердин аракетин колдой турганын айтып, аялдардын жүрүшүн уюштургандар кыргыз коомуна жат көрүнүштү жайылтып жатат деп айыптады.

“Феминисттер, ЛГБТлар, коомдук уюмдар кыргыз элибиздин баалулуктарыбызды тебеледи. Биздин каада-салтка каршы көрүнүштөрдү нерселерди көрсөтүп жатат”.

Бул сапар милиция эки тараптын жаатташуусуна жол берген жок. Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде аялдардын укугун жактаган Феминнале иш-чарасынан кийин кызматтан кеткен Мира Жангарачева 8-марттагы окуяны кескин сындап, чагымчыл топтор атайын даярдалып жатат деп эсептейт.

Жангарачева акцияларга каршы шектүү топтордун колдонуу күч алса, алдыдагы саясий жарыштарда кесепети оор болорун эскерти.

“Азыркыдай өзүм билемдикти токтотпосо. Муну масштабдуу алган оор болот. Алдыдагы шайлоодо саясатчылар жанагындай даярдалган жигиттер менен тирешет. Ким уюштурса дагы кызматтан кетиши керек, чагымга барган балдар жоопкерчиликке тартылышы керек".

Жарандардын нааразылык акциясына бийлик өкүлдөрү же парламент депутаттары келген жок. Уюштуруучулар чагымдын алдын алуу үчүн акция бүтөрү менен катышуучуларды тарап кетүүнү суранды.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок аны калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарып үзгүлтүккө учураткан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. "Сорос" фонду марштын уюштуруучуларына карата милициянын аракетин айыптады. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алды деп билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG