Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Мигранттар абалы жөнүндө баяндама чыкты


Казакстандагы кыргызстандык мигранттарынын абалы тууралуу баяндама.
Казакстандагы кыргызстандык мигранттарынын абалы тууралуу баяндама.

18-июлда бир нече эл аралык уюм кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Орусия менен Казакстанда жүргөн мигранттар дуушар болгон негизги кыйынчылыктар тууралуу маалымат жана тийиштүү мамлекеттик органдарга багыттаган бир катар сунуштар камтылган.

Баткен облусунун тургуну Чолпон Бадыева (аты-жөнү өзгөртүлгөн) бир жыл мурун Орусияга барып, документтери жасалма чыгып, алты айдан кийин кайра Кыргызстанга депортацияланган. Аны Орусияга тааныш эжеси чакырып, тийиштүү документтерди жасатууга убада берген. Алды бешке чыгып калган үч баласын айылдагы кайын журтуна таштап кеткен Чолпон өз окуясын айтып берди:

- Бир тууган деле эмес, жөн эле тааныш эжем чакырган, "жумуш бар, иштеп кет" деп. "Паспортуң менен эле келе бер, калганын өзүм бүтүрүп берем" деген. 2017-жылы мартта баргам. Бир айдай жумушсуз жүрдүм. Документтерди эжемдин бир таанышы бүтүрүп бермей болду, батир таап берди. Бир айдан кийин бир кафеге идиш жуугуч болуп орноштум. Жакшы эле иштеп жаткам. Кийин 1-2 жолу полиция документ текшергенде каттоом жасалма болуп чыкты. Биринчи, экинчи жолу кармалганда эжем полицияга акча төлөп, алып чыгып, жардам берген. Үчүнчү жолу кармалганда полиция бөлүмүнө алып кетишти, ошол жактан депортация болуп кеттим, - деди Чолпон. Ал Орусияга аттанып жатканда ал жактан эмгектенүүгө кандай документтер керек экенине кызыгып көрбөгөнүн мойнуна алды. Чолпонго окшогон мигранттар Орусия жана Казакстанда жүз миңдеп саналат.

Кыргызстандын жана Казакстандын укук коргоочулары 18-июлда Бишкекте мигранттардын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, бир катар маселелерге токтолду. Мигранттардын эмгек боюнча жана адамдык укуктарынын бузулуп жатканына эмгек келишими түзүлбөгөнү, алар барган өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жана жашаган жерине каттоого турууга милдеттендирген мыйзамдар таасир этери баса белгиленди.

“Эл аралык укуктук демилгелер” фондунун жетекчиси, юрист Айна Шорманбаева кыргызстандыктар Евразия Экономикалык Биримдигинин келишиминин негизинде Казакстанда эч кандай уруксат берүүчү документтерсиз эмгектенүүгө укуктуу болсо да мыйзамсыз эмгек келишими жок иштеп жүргөн мигранттар дагы эле көп экенин айтат:

"Эл аралык укуктук демилгелер" фондунун жетекчиси Айна Шорманбаева.
"Эл аралык укуктук демилгелер" фондунун жетекчиси Айна Шорманбаева.

- Биринчиден, эмгек келишими жок иштеп жаткан мигранттардын эмгек укуктары аткарылаарына эч ким кепилдик бере албайт. Келишими жок болсо ал Казакстанда бир айдан ашык кала албайт. Ал ай сайын чек арадан чыгып, кайра кирип турууга аргасыз болот. Аны билген чек арачылар мигранттардан акча талап кылышат. Экинчиден, коррупция фактору Казакстандын миграция кызматында системалуу түрдө орун алып келет. Биз маектешкен дээрлик бардык мигранттар акча бермейинче иштеп күн көрүү мүмкүн эмес экенин айтышты. Мигранттардын абалын оорлоткон үчүнчү фактор - бул жашаган дарегине милдеттүү түрдө каттоого турууну талап кылган жобо. Миграция кызматы квартал сайын рейд жүргүзөт. Эгер рейд учурунда мигрант конокто же башка даректе жүргөн болсо, ага "катталган даректе жашабайт экенсиң" деп айып тагылышы ыктымал.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан менен Казакстандын мигранттар тууралуу статистикалык маалыматтар бири-бирине таптакыр окшошпой келгенине көңүл бурду:

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова.

- Казакстандын Ички иштер министрлигинин 2015-жылдагы маалыматында Казакстанда 114 миң кыргызстандык мигрант бар деп айтылат. 2017-жылы "алардын саны 100 миңден 150 миңге чукулдайт "деп берилген. Ал эми Кыргызстандын расмий маалыматына ылайык бул сан болгону 35 миңди түзөт. Эмне себептен статистикалык маалыматта мындай чоң ажырым болуп жатат?

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы укук коргоо уюмдары жарыялаган баяндамага камтылган айрым маалыматтар апыртылып берилген деп эсептейт. Аталган кызматтын тышкы миграция боюнча бөлүм башчысы Улан Шамшиев статистикадагы айырманы “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Биз чектеш мамлекет болгондуктан Казакстанга барган эмгек мигранттарыбыз каттоого тургандан кийин деле тез-тез өлкөдөн чыгып турушат. Казакстандын мыйзамдары боюнча каттоого туруп, бирок кийин чек арадан өтсөңүз ал каттоо жараксыз болуп калат. Ошондо бир эле жаран каттоого туруп, чыгып киргенден кийин кайра каттоого турса, ал эки киши катары эсептелип калат. Ошондуктан дайым айырмачылык болуп келген. Биз бул баяндамадагы пункттар менен макул эмеспиз. Кыргыз мигранттарынын абалы анчалык оор эмес. Биз ЕАЭБге киргенден бери мигранттарыбызга бир катар жеңилдиктер киргизилген. Алар тууралуу эмнегедир баяндамада сөз болгон жок. Баяндаманы жарыялардын алдында эч бир бийлик органдарын чакырып койгон жок. Бир тараптуу болуп калды.

Мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган “Инсан Лейлек” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева тышка чыгып жаткан мигранттардын укуктук сабатсыздыгын негизги мүшкүл катары белгиледи:

"Инсан Лейлек" өкмөттүк эмес уюмунун лидери Гүлнара Дербишева.
"Инсан Лейлек" өкмөттүк эмес уюмунун лидери Гүлнара Дербишева.

- Казакстан жана Орусияга кетип жаткандар достору, туугандары жана тааныштары аркылуу эч кандай миграциялык даярдыгы жок кетип жатышат. Биз ошого басым кылып жатабыз. Мамлекеттик эмес уюмдар гана эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектептерде миграция сабактарын өтүп же миграция тууралуу маалыматты бериши керек.

Учурда расмий маалыматка ылайык Кыргызстандын 640 миңдей жараны Орусияда, 35 миңдей жараны Казакстанда эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Бирок башка маалыматтарга таянсак бул көрсөткүч бир нече эсе көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG