Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Алыс жерде иштеген ардагер акушер


Көк-Таш айылындагы төрөткананын имараты.
Көк-Таш айылындагы төрөткананын имараты.

Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Дилбар Жумабаева пенсия курагында шарты катаал алыскы айылда акушер болуп иштеп жатат.

Район борборунан 120 чакырым аралыкта жайгашкан Көк-Таштагы ооруканада жатып иштеген дарыгер күнү-түнү акушер-гинекологдун кызматын өзү жалгыз аткарууда. Алыскы аймактарда жаш медициналык кадрлардын тартыштыгы азыр да курч маселе бойдон турат.

Акушер Дилбар Жумабаеванын жумушу да, жашай турган жайы да - оорукананын төрөт бөлүмү. Ал алыскы айылга келгенине бир жылга чукулдап калды. Пенсия курагындагы дарыгер Көк-Ташта иштөөгө өз каалоосу менен келген.

Дилбар Жумабаева.
Дилбар Жумабаева.

- Былтыркы жылдын 2-февралынан тартып ушул жерде иштей баштадым. Бул менин өзүмдүн тандоом болду. 4 жыл мурда эс алууга чыгып, үйдө бош отурууну анча жактырганым жок. Ошол себептүү ушул аймакка келип, иштөөнү туура көрдүм. Ооруканадан тамактанам, болбосо жаныбыздагы ашканага барып турам. Тамак-аш, жашоо шарттан кыйналганым жок. Мени көбүрөк ойлондурганы - бейтаптардын абалы.

Төрөткананын бир бурчундагы бөлмө - Жумабаеванын жатаканасы. 2 орунга ылайыкталган төрөтканада жума сайын бирден ымыркай төрөлөт. Бугу чейин иштеген акушерлер район борборунан 10 күнгө гана кызмат сапары менен келип кетишчү. Акушер шарты катаал аймакка тажрыйбалуу дарыгерлерди тартпаса абал оор экенин айтты:

- Бул жерде гинеколог адиси жок десек болот. Мен келгенге чейин акушерлер райондон он күндөп келип кетип турушкан. Алар көбүнчө жумушунан кооптонушчу, анткени «оор абалдагы боюнда бар аялдарды кантип төрөтөбүз» деп көп ойлонушат. Жол узак, кышкысын кээде кар жааганда жабылып калат. Менде да ошол сыяктуу тобокелчилик болот. Бирок бардык оорулардын алдын алууга аракет кылам. Оор абалдагы келиндерди болсо район борборуна жөнөтөм. Бейтапканада кыз-келиндерге кеңеш берүүчү дарыгердин жоктугу чоң түйшүк болуп жатат. 4-5 килограммга чейин төрөгөн аялдарды кароо кооптуу кырдаалды жаратат. Кээде төрөттөн кийин көп кан кетип калган учурлар болот. Алардын баарына тобокелчилик менен колдон келишинче жардам бергенге аракеттенем.

Төрөткананын 2 орундукка ылайыкташкан бөлмөсү.
Төрөткананын 2 орундукка ылайыкташкан бөлмөсү.

Беш айылдан турган Көк-Таш айыл өкмөтүндө 3600 калк жашайт. Бул жакта айылдыктардын саламаттыгына кам көргөн жалгыз гана сегиз койкалуу райондук оорукананын Көк-Таш айылдык бөлүмү иштейт. Мында болгону терапия, төрөт жана балдар бөлүмдөрү гана иштейт. Оор операцияга муктаж, сөөктөрү сынган бейтаптар район борборуна барууга туура келет. Райондук ооруканага караштуу Көк-Таш аймактык түзүмдүк бөлүмдүн жалгыз дарыгери Пазилат Асыранова буларга токтолду:

- Дилбар Жумабаева келгенге чейин төрөтканада да, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда да өзүм жалгыз иштедим. Бизде стационардык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бирге жайгашкан. Анализ тапшырыш үчүн район борборуна каттоого туура келет. Төрөтканага акушер келгени менен жалгыз дарыгер бойдон калып жатам. Лаборант, гнеколог, терапевт адистери жок. Учурда айыл өкмөт менен аймакта кен казган компания жергиликтүү 3 баланы 2-курста окутуп жатат. Жумабаева алар келгенче бизде иштеп турат. Башка жактан кадрлар иштегени келбей жатат.

Бейтапкананын жуунуучу жайы.
Бейтапкананын жуунуучу жайы.

35 жылдык тажрыйбасы бар акушер Көк-Таш айылында иштеп, 8,5 миң сом маяна алат. 5 баласын таштап тоолуу айылга келген. Былтыр аймактагы 60ка жакын ымыркайдын киндик энеси болууга жетишти. 20 аял Ала-Бука районунун борборуна келип көз жарган.

- Эн оор учурлар - түнкүсүн бейтапты район борборуна жеткирүү кыйынчылык жаратат. Жеткире албагандарды ушул жерден төрөтүүгө туура келет. Жакында эле бир аял төрөттөн кийин талмасы кармап, эстен танып калды. Эмне кыларыбызды билбей, дарыгерден телефон аркылуу кеңеш сурадык. Анын тамырына ийне сайып жатып араң эсине келтиргенбиз. Ошол себептүү бул жерге тажрыйбалуу дарыгер болбосо иштеш кыйын. Мен да жакында кетейин деп турам. Бирок ага чейин бирөөнү даярдап туруп кетсемби дейм. Карылыктанбы, кечинде көзүм жакшы көрбөй калды. Түнкү төрөт учурунда кыйналган учурлар болот. Ошол себептүү жаш адистерди даярдайын деп жатам, - деди Дилбар Жумабаева.

Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Рахат Баймуратова алыскы аймактарды жаш кадрлар менен камсыздоо мүмкүн болбой жатканын айтты:

Келген жаш кадрларды кармап калуу кыйын болуп жатат. Анткени алар жашоо шарттын айынан алыскы аймактарда калып иштөөнү каалабайт.
Рахат Баймуратова.


- Учурда бизде алыскы аймактарда жана район борборунда да дарыгерлер тартыш. Кардиолог, онколог, эндокринолог жок болуп жатат. Былтыр жогорку окуу жайларына өтүнмө берип, төрт жаш адисти алганбыз. Азыр алар ординатурада окуп жатышат. Быйылкы жылга да ушунча адис алууга өтүнүч жибердик. Эң негизгиси - келген жаш кадрларды кармап калуу кыйын болуп жатат. Анткени алар жашоо шарттын айынан алыскы аймактарда калып иштөөнү каалабайт.

Ала-Бука районунда учурда ооруканаларда 12 дарыгер жетишпейт. 57 дарыгердин ону жашы улгайганына карабай иштеп жатышат. Көк-Таш айылы район борборунан 120 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG