Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Өкмөт башчысынын өктөм дымагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2019-жылы аткара турган мамлекеттик программалары менен долбоорлорун жарыялап, аларды аткарыш үчүн тиешелүү тармактык жетекчилердин жеке жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи.

Өкмөт башчысы эң эле негизги маселе катары «Манас» аба майданы, «Кыргыз темир жолу» жана «Кыргыз почтасы» сыяктуу ири мамлекеттик ишканаларды башкаруунун түрүн өзгөртүп, аларга жеке инвестицияларды тартууну тапшырды.

Талдоочулар болсо эгерде мамлекеттик ишканалардын аты эле өзгөрүп, холдингдик башкаруу тутумунда кала берсе, анда чет элдик инвестиция тартууга мүмкүн болбой тургандыгын жана абал өзгөрүүсүз каларын эскертишти.

Эски-жаңы тапшырмалар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтердин жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин кеңейтилген жыйынында алдыдагы беш жылда жана 2019-жылы аткарыла турган иш-чараларды тизмектеди.

Ал биринчи кезекте билим берүүнүн сапаты менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну талап кылды. Абылгазиев быйыл ар бир облуста заманбап спорт имараттарын куруу милдетин койду. Ошондой эле ал аймактагы жана ар бир тармактагы экономикадагы «өсүү чекиттерин» аныктоо зарыл экенин белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөттүн жетекчиси министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнөн тартып ар бир жогорку мамлекеттик жетекчиге чейин инвестициялык долбоорлор боюнча милдеттер коюла турганын айтты:

«Биз азыр анын жоболорунун баарын иштеп чыктык. Бул биздин өзүбүздүн программада жазылган. Мындан сырткары, биздин өкмөт аткара турган иш-чаралардын беш жылдык планын кабыл алдык. Беш жылдык планды ар бир жылга бөлүп чыктык. Анда ар бир жылы кандай иштерди аткара турганыбыз көрсөтүлгөн. Эми сиздер биз менен макулдашып өзүңөр аткара турган планыңар болушу керек. Ар бир жетекчиге конкреттүү түрдө инвестия тартуу боюнча тапшырма даярдайбыз. Ошентип ар бир мамлекеттик жетекчи бөлүнгөн тармак же аймак боюнча өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгып, көзөмөлдөп, ага жооптуу болот. Бизде ошондо гана иштин жыйынтыгы көрүнөт».

Премьер-министр «Манас» аба майданы, «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз почтасы» жана «Кыргыз көмүр» сыяктуу мамлекеттик ишканаларды холдингдик башкаруу тутумуна өткөрүү маселеси бышып жетилгенин билдирди. Анын айтымында, бул ири мамлекеттик ишканалардын заманбап жана сапаттуу кызмат көрсөтүшүн камсыз кылыш үчүн аларга натыйжалуу башкаруу киргизүү зарыл болуп турат. Ошондуктан аларды жаңылаш үчүн чет элдик инвестицияларды тартыш керек.

Жеке башкарууга берүүнүн артыкчылыгы

Экономикалык талдоо боюнча адис Сейтек Качкынбай мамлекеттик ири ишканаларды башкаруу чет элдик же ата мекендик жеке менчик компанияларга өтмөйүнчө алардын өнүгүшү кыйын деп эсептейт.

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

«Мамлекеттик ишканалар холдинг болуп кайра түзүлсө, алардын аталышы эле кагазда өзгөрүп, мазмуну өзгөрбөй калабы деп чочуйм, - деди Сейтек Качкынбай. - «Манас» аба майданына инвестиция тартуунун бирден-бир натыйжалуу жолу - аны чет элдик бир компаниянын башкаруусуна өткөрүп бериш керек. Ошондо анын иши жакшырып, Кыргызстан аркылуу өткөн учактар көбөйөт. Аба майданынын инфраструктурасы жаңыланат. Чет элдик авиакомпанияларды бизге чакырган «Ачык асман» программасын киргизүү жетишсиз. Аларды заманбап тейлеген аба майданы болушу зарыл. Ал эми «Кыргыз темир жолун» башка бирөөнүн башкаруусуна берүү маселесинде ойлонуш керек. Себеби Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна байланыштуу биздин темир жолду алып, ага көзөмөл жүргүзүүгө Орусия да кызыгып жатканы боюнча сөздөр бар. Бул биздин эл аралык темир жол тутумуна кошулушубузга жолтоо болушу мүмкүн».

Кыргызстанда учурда толугу менен мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын саны - 878. Алардын 90 пайыздан ашууну өз алдынча экономикалык иш жүргүзө албай калгандыктан кудуретсиз деп табылган. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча азыркы мезгилде 98 гана мамлекеттик ишкана иштейт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт чыгашалуу мамлекеттик ишканалардан арылышы керек экенин айтканы бар.

«Мамлекеттик ишканаларыбыз азыркы кезде мамлекеттен судсидия алганына карабастан жеке менчик ишканалар менен теңтайлаша иштей албай жатат. Себеби аларда натыйжалуу башкаруу жолго коюлган эмес. Бирок рентабелдүүлүгү төмөн болсо деле биздин мамлекеттик ишканалардын жетекчилери өздөрүнө чоң маяна чегерип алышкан. Биз андай өзүн актабаган ишканалардан арылышыбыз зарыл», - деген эле ал.

Өкмөт буга чейин 2020-жылга чейин менчиктештирүү программасына кире турган 28 мамлекеттик мүлктүн тизмесин парламенттин кароосуна сунуш кылган. Анда жеке менчикке сатыла турган мамлекеттик мүлк төрт тизмеге бөлүнгөн. Мында акционердик коомдордогу мамлекеттин үлүштөрүн сатуу жана ишканалардын мамлекеттик үлүшүн сактоо менен алардын чарба жүргүзүү формасын өзгөртүү жагы камтылган.

Буга чейин менчиктештирүү программасына кирип, бирок сатылбай келген мамлекеттик мүлк объектилери кайрадан тизмеге кошулду. Алардын арасында «Кыргыз көмүр» жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканалары да бар.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев менчиктештирүү программасына кирген мүлк тууралуу буларга токтолду:

«2018-2020-жылдардагы менчиктештирүү программасына 28 мамлекеттик мүлк объектиси киргизилип, өкмөттүн токтому менен бекитилди. Анда тогуз акционердик коомдогу мамлекеттин үлүштөрүн сатуу, борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасын акционердик коомго айлантуу жана анын 49 пайыз акциясын сатыкка чыгаруу тууралуу сунуш киргизилип жатат. Алты мамлекеттик ишкананын 100 пайыз үлүшүн сактоо менен аларды акционердик коомго айлантуу жагы каралды. Мамлекетке тиешелүү 12 мүлктүк комплекс жана мүлктүн тизмеси да көрсөтүлдү».

Мамлекеттик ишканаларды же алардын кайсы бир үлүшүн сатуу боюнча өкмөт иштеп чыккан менчиктештирүү программасын Жогорку Кеңеш карап, талкуулап, бекитет. Мыйзам боюнча ГЭСтер, аба майдандары жана темир жолдору сыяктуу стратегиялык объектилер толук менчиктештирилбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG