Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:18

Шайлоо: президенттик топтун сунуштары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечилер мыйзам долбоорунун негизги максаты чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын шайлоодо добуш беришин камсыз кылуу экенин айтышты. Антсе да негизги талкуу партиялардын парламентке өтүүдөгү 9 пайыздык чегинин айланасында болду.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан.

Аталган документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзулүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында талкууланды. Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Аида Касымалиева документтин негизги максат-мүдөөсү тууралуу маалымат берди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуу, жигердүү, пассивдүү шайлоо укугун кеңейтүү. Ошол эле шайлоо күрөөсүнө байланыштуу каражат кайдан келип жатат жана башка маселелердин бардыгы жумушчу топ тарабынан кылдат иштелип чыкты».

Жарандардын шайлоо укугу демекчи, мыйзамда чет өлкөдөгү жарандарга Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде, ардактуу консулдардын консулдук округдарында түзүлгөн шайлоо участокторунда добуш берүүгө шарт түзүү каралган.

Азыркы шайлоо мыйзамдары боюнча тышта жүргөндөр Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш бере алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы өзгөртүүлөр чет өлкөдөгү жарандардын шайлоого болгон укугун кеңейтерин жана мындай тажрыйбаны башка мамлекеттер да колдонуп жатканын айтты:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Бул шайлоо участокторунун көбөйүшүнө жакшы шарт түзөт. Анткени башка мамлекеттер деле шайлоо өткөргөндө бизге кайрылышат. Мисалы, Орусиядагы президенттик шайлоодо Бишкекте жана Ошто эки өкүлчүлүк иштеди. Алар андан сырткары Тышкы иштер министрлигинен дагы төрт участокту ачууга уруксат сурашкан. Биз да ушундай эле негизде шайлоочуларга шарт түзүп атабыз».

Мыйзамды иштеп чыккандар муну менен чет өлкөдөгү жарандардын шайлоого катышуусун күчөтүүнү көздөп жатышат. Расмий маалымат боюнча миллиондон ашык жаран чет жакта жүрсө, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо анын 18 миңи гана шайлоо тизмесине катталган. Анын ичинен беш миңи эле добуш берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоо участокторундагы коопсуздук маселесине көңүл бурду.

Мирлан Жээнчороев: - Ардактуу консулдуктар мамлекеттин купуя сырын сактоо боюнча мыйзамдарга киреби? Анткени мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык маалыматтары мамлекеттик сыр болуп эсептелет.

Аида Касымалиева: - Жок.

Мирлан Жээнчороев: - Анда биз шайлоо участогун ачсак, ал жерде шайлоо боюнча купуя маалыматтарды алар кантип иштетет? Ушул маселени да карагыла да. Ал мамлекетке УКМКнын өкүлү барабы, ага канча каражат кетет?

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча президент түзгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунда президенттикке талапкерлердин күрөөсү 2 миллион сом, партиялардыкы 3 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Ал эми президенттикке талапкердин шайлоо фонду 200 миллион сом, саясий партиялардыкы 300 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Жыйында парламентке өтүү чеги тууралуу маселе да көтөрүлдү. Бирок аталган жумушчу топ бул маселени караган эмес. Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул чекти тогуз пайыздан төмөндөтүүнү сунуш кылды:

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

«Тогуз пайыз менен парламентке эки гана партия өтөт - административдик ресурсу бар партия жана акчасы көп партия. Бул жерде бир коркунуч бар. Өтпөй калган саясий күчтөр сыртта калат. Ошондуктан мамлекеттеги туруктуулукту, ынтымакты караш керек».

2017-жылы парламент Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жети пайыздан тогуз пайызга көтөргөн мыйзам кабыл алган. Ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Президент түзгөн жумушчу топ бул мыйзам күчүнө кире элек экенине байланыштуу пайыздык чекти жетиге түшүрүү мүмкүн эмес экенин эске салып жатат.

Бирок депутат Мирлан Бакиров мыйзамды өзгөртүү мүмкүн деген пикирде.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Бул чек Түркияда гана 10 пайыз, - деди ал. - Андан кийин эле Кыргызстанда тогуз пайыз. Европа мамлекеттеринде үч, эки, бир пайызга чейин бар. Ошондуктан мүмкүн болушунча сырттагы саясий күчтөрдү парламентке алып келсе болот. Биздин мыйзам долбоорубузда жети пайыз бар. Ал талкууга чыкканда ушуну коргойбуз. Мыйзамды биз сунуш кылабыз, эгер депутаттар колдосо ал иштейт».

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 25 депутат жазылган.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жалпысынан төрт мыйзам долбоору иштелип чыкты. Эки мыйзам долбоорун депутаттык топтор, үчүнчүсүн «Ата Мекен» фракциясы сунуш кылды. Ал эми төртүнчүсү президент түзгөн жумушчу топтун мыйзамы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG