Баяндама өлкөдө 11 журналист камалып, "Клооп" сайты бөгөттөлүп, "24.kg" агенттигинин кеңсесине мөөр басылган учурда жарыяланды. Мындан сырткары өлкөдө бир нече оппозициячыл саясатчы камакка алынып, сот жараяндары жүрүп жатат. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
Freedom House (FH) эл аралык уюмунун 29-февралда жарыяланган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик абалы начарлап баратканы айтылган. Баяндамада белгиленгендей, дүйнөдө эркиндик деңгээли 18-жыл катары менен төмөндөп баратканы байкалууда, дүйнө калкынын бештен бир бөлүгү жашаган 52 өлкөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелүүдө.
Ал эми 21 өлкөдө эркиндик абалынын жакшыруу тенденциясы байкалган.
Кыргызстандын жалпы баллынын төмөндөөсү 12 деген көрсөткүчкө жетип, төртүнчү жыл катары менен "эркин эмес" деген өлкөлөрдүн катарына кошулду. Былтыр аталган уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун жазган.
Абал начарлаган өлкөлөрдүн арасында Тажикстан, Орусия, Ооганстан, Түркия, Азербайжан да бар.
Freedom House (FH) уюмунун бул баяндамасы Кыргызстанда 11 журналист камалып, социалдык тармактарга пикирин эркин билдирген блогер, активисттер суракка чакырылып, айрым эркин медианын ишине чектөө киргизилип жаткан учурга туура келди. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тууралуу дагы учурда талаш-талкуу жаралып жаткан учур. Мындан сырткары бийликке сын айткан ондогон саясатчылар камакка алынды.
Медиаэксперт Гүлзада Медералиева сөз эркиндиги жаатында өлкөдөгү абал жыл сайын начарлап баратканын айтып, эркин ой-жүгүрткөн адамдарды камоо менен элди коркутуу мүмкүн эмес экенин белгиледи:
"Тилекке каршы, биз төмөндөп эле баратабыз. Эң ириде 11 журналисттин камакка алынышы өтө жагымсыз окуя болду. Андан сырткары Олжобай Шакир камакта отурат. Деги эле эркинирээк ой жүгүрткөн адамдардын баарын камай берсе, каякка барабыз? Бул жакшы көрүнүш эмес. Минтип отурсак, Түркмөнстанга айланабыз. Мындай болбошу керек.
Кыргыздар - эзелтеден эркиндикти сүйгөн калк. Бийлик ушинтип кете берсек болот десе жаңылышат. Коомдогу бук бир күнү "тарс" жарылып кетиши мүмкүн. Андай болбой эле койсун, бирок ошого өздөрү алып баргандай болуп жатат".
"Кыргыз Туусу" басылмасынын редактору Мырзакат Тыналиев өлкөдөгү сөз эркиндиги жана Freedom House уюмунун баяндамасы тууралуу комментарий берип, журналисттердин арасында кээде аша чапкан учурлар бар деген пикирин айтты:
"Абсолюттуу эркиндик АКШнын өзүндө деле жок болсо керек. Белгилүү бир нерселерге мыйзам менен чектөө коюлган учурлар бар. Бизде "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынганы жатпайбы. Ал жерде дагы сөз эркиндигине коркунуч келтирет дегендей чоң талаш жүрүп жатат. Негизи мыйзам кабыл алынар алдында талаш-талкуу болгон туура, ал эми мыйзам кабыл алынгандан кийин ал аткарылышы керек. Freedom House мындай баяндамаларды дайыма эле жасап келет. Сурамжылоо кайсы критерий менен жасалды, кимдерден сурады, ошол дагы маанилүү. Ак жерден соттолдум, журналисттик ишмердигим үчүн жапа чегип жатам десе, албетте, тескери деп айтат. Ошондуктан мунун деле бир жактуу баа бере турган изилдөөсүнө ишенүү туура эмес деп ойлойм. Алардын айткандарын деле акыркы инстанциядагы чындык деп кабыл алганга болбойт. Мамлекеттин коопсуздугу, адамдын жеке турмушу, диний темалар бар да чектен чыкпай турган. Бизде баары эле чектен ашып кетпедиби".
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров парламенттин жыйынында Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, документти иштеп чыгууда ал элдин кирешесине, экономикага кандай таасир бере турганын эске алууга чакырган:
"Сөз эркиндиги индекси жогору өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болот. Мунайга бай Сауд Арабиясы, Оман, Бахрейн өлкөлөрүнүн сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчү начар болгонуна карабай экономикасы жакшы экен. Башка мамлекеттерде сөз эркиндиги бар болсо гана экономикасы өнүгүп, инвестор келет экен. Сөз эркиндиги бар өлкөдө коррупция да аз болот. Башкача айтканда, сөз эркиндиги - коррупцияга каршы негизги курал”, - деген ал.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстандын "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарынан чыкпай жатышы эл аралык аренадагы аброюна таасирин тийгизет деп эсептейт:
"Бул насыя жана гранттык колдоолорго чоң таасирин тийгизет. Авторитардык өлкөлөрдү колдоо көп учурда азаят. Кыргызстан тышкы карыз боюнча Кытайга көз каранды. Карыздын теңинен көбү ушул өлкөдөн алынган. Ал эми грантты көбүнесе Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, Федералдык резервдик кызмат сыяктуу институттар берет. Алар бизге колдоосун азайтып коюшу мүмкүн. Учурда Кыргызстандын өзүндө акча болгону менен, биз инфратүзүмдү оңдоо, экономикалык, социалдык жактан ушундай каржылоого дагы муктаждыгыбыз бар".
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Фридом Хаус" уюмунун быйылкы отчетунда жалпысынан 195 өлкө камтылган. Дүйнө калкынын дээрлик 38% “эркин эмес”, ал эми 42% “жарым-жартылай эркин”, 20% гана “эркин” деп бааланган өлкөлөрдө жашап жатканы, шайлоолордогу бурмалоо, согуштар, адамдардын пикирин ачык билдирүү укугунун чектелиши негизги көйгөй болуп жатканы белгиленди.
Кыргызстан 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жападан жалгыз “жарым-жартылай эркин өлкө” деген макамын сактап келип, 2021-жылы “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Андан бери бул тизмеден чыга албай келет.