Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:12

Германияга кетпей калган студенттер


Иллюстрациялык сүрөт.

Жaйкысын Германияда иштеп келүүнү каалаган жүздөгөн студенттер быйыл виза ала албай жатышат.

Жумуш берүүчүлөр менен келишим түзүп, тил үйрөнүүгө жана жумуш таап бергендерге бир топ акча төлөгөн студенттер тез арада бул маселени чечип берүүнү суранышууда. Студенттер келишимде көрсөтүлгөн убакта жумуш ордуна бара албаганы үчүн жумуш бергендер алардан баш тарта баштаганын да айтып жатышат.

Клара Джурабаева башка студенттердей эле быйыл жайкысын Германияда иштеп келүүнү пландаган. Бирок немис тилин үйрөнүп, жумуш берүүчү менен келишим түзгөнүнө карабай ал жакка кете албай жатат. Ал визага кириш үчүн кезек алууга мүмкүн болбой жатканын айтып, Ош шаарында азыр өзү сыяктуу студенттер көп экенин кошумчалады:

Клара Джурабаева.
Клара Джурабаева.

«Ош шаарында 500 студент кетпей калды. Биз Германиядагы жумуш берүүчү менен келишим түзгөнбүз. Ар бир студентке чакыруу келген. Ошол келишимди түзүш үчүн ар бир студент 100 евродон 300 еврого чейин акча төлөгөн. Бизге негизи үч айга келишим түзүлгөн. Июнь айында бара алган жокпуз, элчиликтен жок дегенде июль-августка - эки айга виза ачып берүүнү суранат элек».

Клара башка студенттер менен ушул маселе боюнча Кыргызстандагы Германиянын элчилигине кайрылганда майнап чыкпаганын билдирди. Биз элчилик менен байланышканда бул боюнча өздөрүнүн сайтына кулактандыруу жарыяланганын, ошол жерден маалымат алууга болорун айтышты. Элчиликтин сайтында виза алыш үчүн кайрылгандар быйыл жылдагыдан көп болуп жаткандыктан улуттук жана Шенген визасын алыш үчүн кезекке турууга бош орун жок экендиги жазылган.

Германия элчилигинин сайтындагы кулактандыруу.
Германия элчилигинин сайтындагы кулактандыруу.

Ал арада келишимдин негизинде июнь айынан баштап чакыруу жиберген германиялык жумуш берүчүлөр кыргызстандык студенттерден баш тарта баштаганы айтылууда. Клара Джурабаева:

«Кээ бирлери баш тартып жатышат. 150 студенттен үч айга келе албадың деп баш тартып коюшту», - деди.

Ош шаарындагы «Немис Академиясы» окуу борборунун жетекчиси Самара Джурабаева борбор виза алуу маселесине киришпей тургандыгын айтууда. Ал виза маселесинин кечигишине студенттердин өздөрүнүн камырабастыгы да себеп болушу мүмкүн экенин билдирди:

Самара Джурабаева, «Немис Академиясы» окуу борборунун жетекчиси.
Самара Джурабаева, «Немис Академиясы» окуу борборунун жетекчиси.

«Термин (виза алууга кезекке туруу) боюнча биз эч кандай жоопкерчилик алган эмеспиз, биз - окуу борборубуз. Терминди ар бир студент өзү алышы керек. Биздин окуу борборубузда окуган студенттерге мен «алдын-ала январь айында алып койгула» деп айтканмын. Себеби немистерде документтик иштер эки-үч ай мурун жасалат. Ошондуктан «эки-үч ай мурун брондоп койгула» дегем. Анан азыр башка окуу борборлорунун студенттери чакыруу келип, «эртең кетебиз» дегенден кийин, «эми брондош керек» деп бир жума калганда «паника» кылып жатышат. Жайда кетем дегенден кийин аны өздөрү алдын-ала пландаштырып, брондоп койсо болот эле».

Анткен менен айрым студенттер визага кирүүгө эртелей уруксат алганына карабастан Германиядагы жумуш берүүчүсү жиберген чакыруу кагазынын түп нускасы кеч келип калып, кезегин өткөрүп жиберген учурлар да кездешүүдө. Мындай кырдаалга Роза Манасова туш болгон.

Роза Манасова.
Роза Манасова.

«Менин терминим 13-майга бар болчу, - дейт ал. - Бирок мен ошол күнү бара албай калдым, себеби чакыруумдун түп нускасы келбей калды. Ал 14үндө кечинде келди. Эртеси күнү барсам «болбойт» деп киргизбей койду. Башка мамлекеттерде ошол чакыруунун көчүрмөсү менен кирсе болот экен. Бизде деле былтыр көчүрмөсү менен кирип, түп нускасы келгенде алып келип берсе болот болчу. Бирок быйыл андай кылбай коюшту».

Азыр күн сайын виза алыш үчүн кезекке турууну акмалап күткөн Роза элчилик жандуу кезек кылып, визага кирбей калгандардын ордуна документи даяр студенттерди киргизип, аларды жайкысын ишсиз калтырышпаса деп үмүттөнөт.

«Виза борбору негизи күн сайын 20 адамды кабыл алыш керек, - деди ал. - Бирок мен ошол жерде үч күн катар карап отурдум, биринчи күнү үч адам кирди, экинчи күнү алты адам кирди, үчүнчү күнү да эки же үч адам кирди. «Биз ошол келбей калган студенттердин ордуна кирип чыга берели, документтерибиз даяр» десек, «базада силер тууралуу маалымат жок, киргизе албайбыз» деп коюп жатышат. Былтыр да ушуга окшогон кырдаал болгон, бирок мынча көп студент калган эмес. Бизди жандуу кезек менен киргизишкен».

Иштегиси келген студенттердин маселесин Жогорку Кенештин депутаты Жанарбек Акаев парламентте көтөрдү. Ал Тышкы иштер министрлигинен:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Германияга барса жумушу даяр. Бирок эмнегедир быйыл ушул маселе чоң көйгөй болуп жатат. Ушуну эске алып мүмкүн болушунча тез арада дипломатиялык алакалардын баарын колдонуп ушуну чечип берсеңиздер», - деп өтүндү.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бул боюнча жакын арада Германиянын элчиси менен сүйлөшүүлөр болоорун айтты:

«Бул маселе көзөмөлдө. Ушул күндөрү биздеги фактуранын баарын топтоп койдук. Ошонун негизинде биз Германиянын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырып, элчинин көмөк көрсөтүшүн суранабыз».

Жай мезгилинде Германияга барып иштеп келген студенттердин так саны белгисиз. Айрым окуу борборлорунун жетекчилеринин божомолунда жылына 1500гө жакын студент барып келет. Көбүнчөсү сатуучу, официант сыяктуу тейлөө кызматтарында эмгектенишет. Студенттердин маалыматына таянсак, алар бир сезондо орто эсеп менен 2000-3000 еврого чейин акча чогултуп келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG