Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Дайыны 78 жылдан кийин табылган жоокер


1942-жылы Украинанын түштүгүндө немистердин колуна туткунга түшүп, концлагерге бара жаткан советтик аскерлер. Маалыматтарга караганда, 1942-жылы 45 000 советтик жоокер туткунга түшкөн.
1942-жылы Украинанын түштүгүндө немистердин колуна туткунга түшүп, концлагерге бара жаткан советтик аскерлер. Маалыматтарга караганда, 1942-жылы 45 000 советтик жоокер туткунга түшкөн.

9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына 75 жыл болот. Миллиондогон өмүрдү алган согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыр да кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев 78 жылдан кийин согушка кетип дайыны чыкпай калган атасынын бир тууган иниси Кудайберген Кыдыралиевдин кайда, качан өлгөнү тууралуу маалыматты тапты. 17 жашында согушка аттанып, Польшада фашисттердин концлагеринде курман болгон Кудайберген Кыдыралиев тууралуу баяндайбыз.

Баласын күткөн Канымгүл эне

Кудайберген Кыдыралиев, дагы бир аты Ормон 1942-жылы 10-октябрда Ат-Башыдагы аскер комиссариатынан согушка чакырылган. Ага чакыруу апасы экөө талаада иштеп жүргөн жеринен келип, жашы жаңы гана 17ге толгондо согушка аттанган.

Жаңыдан белгилүү болгон маалыматтар боюнча, ал экинчи Украин фронтунда согушуп жүрүп, 1943-жылдын 14-декабрында Кировоград шаарында немистердин колуна туткунга түшөт. Ошондон кийин дайынсыз кетип, айылда калган жалгыз апасына кат да, кара кагаз да келбей калат.

"Ошентип 78 жылдан кийин дайыны билинип отурат. Бир кызыгы ушунча жыл дайынсыз кеткен адамдын дайыны билингенде жаман кабар да жакшы кабарга айланып кетет экен. Мен агамдын бир туугандарына, эжелериме сүйүнчүлөдүм", - деди Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев.

Кудайберген Кыдыралиев үй-бүлөдө эки бир тууган болгон. Анын агасы Дүйшө Кыдыралиев да согушка барып келген. Дүйшө Кыдыралиевдин уулу Шайлообек Дүйшеев.

17 жаштагы уулу Кудайберген Кыдыралиевди согушка жөнөткөн Канымгүл Жанузакова баласын өлөр өлгөнчө күтүп жүрүп кайтыш болгон. Дайынсыз кеткен уулунан кат-кабар келбей, аны "тирүү" деп күтүп, “мына быйыл күздө келет” деп атайын козу байлап баккан күндөрү да болгон экен. Чоң апасынын колунда чоңойгон акын Шайлообек Дүйшеев Канымгүл энеси уулун кантип күтүп, зарлап жүрүп өткөнүн өзүнүн “Агындылар” китебинде да жазган.

Шайлообек Дүйшеев.
Шайлообек Дүйшеев.

"Менин “Агындылар” китебимде Ормонун ташы деген бар. Ошондо энем мени тезек тергени ээрчитип чыгып, талаага барганда ары-бери айланып эле бир жерди издей берчү. Көрсө ошол жердеги ташты издечү экен. Балам ушул ташка күрмөсүн чечип, жазданып жата калчу эле деп, ташты эстеп, ташты эстеген сайын баласын эстеп, айта берчү. Ормо ошол жерде жүргөндө кабар келип, аны ошол жерден согушка алып кеткен экен. Кийин энем "согушка кете турган жашта эмес эле, жашын чоңойтуп эле алып кеткен" деп айтып калчу. Атасынын аты Кыдыралы. Кыдыралиев Кудайберген. Ормо деп эркелеткен аты. Айылда Кыдыралиев деген кишилер болчу. "Ошонун баласы кетмек, менин балам кетип калды. Ал жок болуп калып муну алып кетти" деп эле ыйлай берчү. Энем байкуш ошол ташты сылаган сайын баласынын маңдайынан сылап аткансып элестетип, улам бир козу байлап, анысы кой болуп, анан кайра дагы бир козу байлап келет, уулум келет, уулум келсе той берем деп жүрүп, акыры өзүнүн да көзү өтүп кетти. Энемдин көзү өтүп кеткенден кийин дайынсыз кеткен уулун издеген деле киши болгон жок. Мен жаш болчумун. Эки эжем деле үмүтүн үзүп коюшкан".

Канымгүл Жанузакова “кара кагаз келген жок, уулум тирүү” деп, согуш аяктагандан кийин да 17 жыл күтүп жүрүп, 1962-жылы каза болгон.

Кудайберген (Ормон) Кыдыралиевдин 1942-жылы согушка кеткендиги жөнүндө жазылган журнал.
Кудайберген (Ормон) Кыдыралиевдин 1942-жылы согушка кеткендиги жөнүндө жазылган журнал.

78 жылдан кийин дарегине жеткен кара кагаз

Согушка кеткен бойдон дайыны чыкпай калган Кудайберген Кыдыралиевдин 78 жылдан кийин кайда, качан өлгөндүгү тууралуу маалымат жакында билинип отурат.

Ал тууралуу маалыматтарды Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Улан Сатиев өзүнүн чоң атасынын бир туугандарынын дайынын издеп жатып таап алган. Андагы маалыматтар боюнча Куудайберген Кыдыралиев 1942-жылы 10-октябрда согушка кетип, согушуп жүрүп, 1943-жылы 14-декабрда Украинанын Кировоград шаарында туткунга түшкөнү, туткунда жүрүп 1944-жылы июнь айында каза болгону жазылган.

"Туткунга түшкөндө немистер карточка ачкан экен. Ал жерде кайсы күнү туткунга түшкөнү, каза болгон күнүнөн бери, тек жайы тяншандык кыргыз деп жазылыптыр. Ошол карточкада 1943-жылы 14-декабрда Украинанын Кировоград шаарында туткунга түшкөнү, 1944-жылы июнь айында каза болгону жазылган. Тянь-Шань облусу, Ат-Башы району Ойтерскен айылы деп жазылып турат. Жанузаков Кадыралы деп немистер атасынын атын да жазыптыр. Болгону сүрөтү гана жок экен. Жада калса колдорунун издери да бар экен", - деди Улан Сатиев.

Кудайберген (Ормон) Кыдыралиевдин качан туткунга түшүп, качан өлгөндүгү тууралуу 1944-жылы жазылган маалымат баракчасы.
Кудайберген (Ормон) Кыдыралиевдин качан туткунга түшүп, качан өлгөндүгү тууралуу 1944-жылы жазылган маалымат баракчасы.

Улан Сатиев Кудайберген (Ормон) Кыдыралиевдин кайсы согушта согушканы тууралуу да маалыматты издеп тапкан.

"1943-жылы Кировоградда согушуп жаткан жеринен тукунга түшкөн экен. Биз 1943-жылы Кировоградда кайсы аскер бөлүгү (войска) согушканын карап көрсөк Экинчи Украиналык фронт экен. 1943-жылдын 20-декабрына чейин олку-солку болуп, бирде немистер чабуулга чыгып, бирде биздикилер чабуулга чыгып жатып, 20-декабрда биздикилер чечүүчү чабуул коюп, ошондон баштап немистер артка чегине баштаганы жазылыптыр. Ошол олку-солку болуп турган учурда бул киши туткунга түшүп калган экен. Немистер туткунга түшкөндөрдүн качан туткунга түшкөнүн, күнүн, саатын, тек-жайын так жазышыптыр. Эгер ушул маалыматтар жашырылбай эле өз убагында ачыкка чыкканда жакшы болмок. Анткени канчалаган ата-энелер, ага-апалар балдарынын, бир туугандарынын дайынын билбей, сыздап жүрүп өтүп кетишти".

Акын Шайлообек Дүйшеев Кудайберген Кыдыралиевдин үй-бүлөсүнө анын согушта дайынсыз жоголду деген кара кагаз жөнөтүлгөн болушу мүмкүн экенин, бирок ал кагаз апасына жетпей калган айтат.

"Дайынсыз жоголду деген кара кагаз келген экен. Бирок андай кагаз келгенин эч кимибиз уккан эмеспиз. Ал кара кагаз энеме жетпей калса керек. Жолдон балким жоголуп кеткендир, ким билет. Аны менен бир тууган эки эжем бар. Ормо (Кудайберген Кыдыралиев) акем бала бойдон кеткен. Тукуму да калбады. Улан таап чыккан документтерден карасак, 1923-жылы туулган деп жүрөт. 1923-жыл эмес, ал жылы Кудайбергендин агасы, менин атам Дүйшө төрөлгөн. Ал да согушка барып келген. Немистердин жазган документтеринде 1925-жылы туулган деп жүрөт. Ошондон ойлодум, чыныгы туулган жылы (1925-жыл) ушул болсо керек деп. Атамдан эки жаш кичүү экен. Ошондо жашын чоңойтуп туруп согушка алып кетишкен экен".

Документтерде жазылган маалыматтарга караганда, Кудайберген Кыдыралиев 1944-жылы июнь айында Польшанын аймагындагы 319 деп аталган концлагерде, туткунда жүргөн жеринде каза болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG