Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Жапаров УКМКга караштуу кызматты жоёт


Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.

Корутунду

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ишкерлер бийлик өкүлдөрүнө бир топ көйгөйлөрүн айтышты.

Садыр Жапаров: Коронавируска байланышуутуу кырдаал курч. Абал барган курчуп баратат. Ага карабай катаал карантиндик чараларды киргизген жокпуз. Анткени экономика оор абалда, кош кысым алдында калды. Биринчиден, илдет жайылып атат, экинчиден, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн кымбатчылык каптады. Ал процесс бизди дагы кыйгап өткөн жок.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерди колдошу керектигин билдирди. Ал бюрократия кылып, ишкерлердин ишин создуктурган чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.

“Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот. Министрлер ишкерлерге “мына шарт түзүп берейин” деп турушу керек. Антпесек биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Министрликтерде ишкерлердин айлап-жылдап бүтпөй жаткан кагаздары дагы деле жатат. Эски заманды унуталы. Бюрократия мындан ары да улана берсе, чиновниктер иштен кетет, керек болсо камалат”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат.

Ал ишкерлерди колдоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюларын айтты.

Садыр Жапаров: Бүгүнкү күндө экономикабыздын дээрлик 85% ишкерлер түзөт. Ошондуктан бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринен катардагы кызматкерлерге чейин катуу талап коем. Ишкерлерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүү зарыл. Биздин экономика чечкиндүү чараларды талап кылууда. Бизге тез жана көзгө көрүнө турган натыйжа керек. Бизде өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү болгон ички дүң продукциясы болжол менен киши башына 1300 АКШ долларын түзөт. Бул Евразия экономикалык аймагына кирген өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн көрсөткүч, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 9 эсе аз. Кыргызстан жакырчылыкты жеңе албай жатат. Жакырчылыктын деңгээли 25% чейин, аймактарда 40% чейин жетүүдө. Бул сан региондорду өнүктүрүү ортосунда диспропорция сакталып жатканын билдирет. Ошондуктан биз шаар жана аймактардагы киреше айырмасын азайтууга тийишпиз. Шайлоо өнөктүгү маалында бардык аймактарды кыдырдым. Бүгүнкү эл жумуш орундарын түзүүнү жана бардык тармактарда адилеттик орнотууну талап кылууда. Ошол себептен менчикти коргоо, инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо боюнча жарлыктарга кол коюлган.

Садыр Жапаров: Ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кепилдик берүүнүн олуттуу системасын түзөбүз. Түзбөсөк алар өлкө экономикасынан инвестиция салууга кызыкдар болбойт. Ишкерлер өз инвестициясынын корголушуна ишенүүсүнө шарт түзүү. Антпесе өлкөдөн капиталдын агып кетишин токтотуу мүмкүн эмес.

Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти камсыздоо зарыл:

1) Экономикалык субъекттерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берчү чараларды тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөбүздүн изоляцияда калышына жол бербөө. Соода жаатындагы өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү.

2) Экинчи милдет - мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана иш орундарын түзүү.

Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз. Ириде мамлекеттин бизнес чөйрөсүнө кийлигишүүсүн чечкиндүү түрдо кыскартабыз.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG