Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Жапаров УКМКга караштуу кызматты жоёт


Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.

Корутунду

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ишкерлер бийлик өкүлдөрүнө бир топ көйгөйлөрүн айтышты.

16x9 Image Айбек Бийбосунов

Президент Садыр Жапаровдун 23-июнда ишкерлер менен жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюла турганы белгилүү болду. Мамлекет башчы анын жоюлушун мындай деп түшүндүрдү.

“Акыркы кезде бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөдү. Укук коргоо жана фискалдык органдардын тар кызыкчылыкты көздөгөнүнөн улам иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калганы тууралуу фактылар да жок эмес. Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарды дегени менен пландык эмес текшерүүлөр көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай текшерүүлөр укук коргоо органдарынын өтүнүчүнүн негизинде жүрүп жатканы айтылууда. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең иликтеп, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров күч органдарына, мамлекеттик кызматкерлерге "буга чейин министрлер бизнесмендерди чуркатып жүрсөңөр, мындан кийин силер бизнесмендердин артынан чуркайсыңар" деп кайрылды.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2011-жылы 14-декабрда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенден кийин дароо түзүлүп, жемкорлук менен күрөшө турган негизги орган катары сыпатталган. Анын жетекчиси атайын кызматтын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Бирок Коррупцияга каршы күрөшүү кызматты түзүү "Конституцияга каршы келет" деген дооматтар маал-маалы менен айтылып келген. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы бул үчүн Атамбаевди айыптаган.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков аталган кызматты жоюу чакырыктарына кулак салбай келип, бирок былтыр кызматтан кетер алдында, 14-октябрда өзүнүн акыркы жарлыгына кол коюп, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматтын жойгон.

Анткен менен эки күндөн кийин, 16-октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Антикоррупциялык кызматтын жоюлушу туура болду деп эсептейт.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Антикоррупциялык кызматы Каржы полициясы менен чогуу эле жоюлушу керек болчу. Анткени бул орган ишкерлерге көп зыян алып келди. Башынан эле саясий курал болуп, атаандаштарды талкалоодо колдонула турган орган болуп калган. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы – соттор иштебеген өлкөдөгү саясий союл болчу. Акыркы мезгилде биздеги бай адамдарды камап, алардын акчасын алууга кызмат кылды. Ишкерлерге болгон басым чегине жетип, чет өлкөдөн инвестор келбей калган. Бийликтин бир жыл ичинде буга көзү жетти окшойт. Ошон үчүн бул кызматтын жоюлганы туура болду. Эми анын ордуна көз карандысыз башка орган түзүлүшү керек”.

Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын негизги атаандашы Өмүрбек Текебаевди дагы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кармаган. Атайын кызмат Дүйшөнкул Чотонов экөөнө "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренесинин негизинде айып таккан. Эки саясатчы Жээнбековдун бийлиги учурунда үй камагына чыгып, 2021-жылы 13-апрелде толугу менен акталган.

Октябрь айындагы бийлик алмашкандан кийин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын камоолору көбөйө түшкөн. Азыркы учурда Кумтөр жана башка иштер боюнча мурдагы өкмөт башчылар - Өмүрбек Бабанов, Мухаммедкалый Абылгазиев, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутат Исхак Пирматов камакта жатат.

Жемкорлукка шек саналып кармалган парламенттин азыркы жана мурдагы депутаттары, мамлекеттик кызматкерлеринен тышкары, жеке ишкерлер да көп. Алардын көпчүлүгү келтирилген чыгымды төлөп берип абактан чыгып кетишкен.

Маселен, алдамчылыкка шектелип кармалган “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси, ишкер Генрих Балян жакында эле мамлекетке 60 миллион сом төгүп, үй камагына чыкты.

Ага чейин мамлекеттик органдар компанияларын текшерүүгө алган ишкер Сергей Ибрагимов 100 млн сом мамлекетке өз эрки менен берген.

Мурда козголгон кылмыш иштери кыскарган Өмүрбек Бабанов ошол эле күнү мамлекетке 100 млн. сом жардам кылган. Бирок кийин Кумтөр иши менен камакка алынып, азыр тергөө абагында.

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом мамлекетке төгүп берди. Аскер прокуратурасы коррупцияга шекшип, “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Булар Кыргызстанда курулуш, банк, кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактык ири бизнести түптөгөн ишкерлер катары белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев март айында коррупция менен күрөштөн мамлекеттик бюджетке 4 млрд. сом түшкөнүн кабарлаган. Бул багыттагы иштер дагы улана турганын 3-февралда парламентте айткан.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Коррупция жасап коюп, эки же 15 жыл өтүп кетти деген болбойт. Ар бирин карап чыгабыз. Ким уурдаса, мүлкү же акчасы менен мамлекетке кайтарабыз. Ким кайтара албаса же уурдаган нерсесин жеп койгон болсо, ал адам түрмөгө кетет. Кимдир бирөөгө жеңилдик болбойт. Ар бирин жоопко тартабыз. Бул жерде мамлекеттик чоң кызматты ээлеген адамдар бар. Жол тармагы боюнча үч-төрт коррупциялык иштер каралып жатат. Ошондуктан бул маселелер жөн калбайт".

УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева Коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын жоюла турганын бүгүн эле укканын айтып, тергелип жаткан иштердин кайсы органга өтөрүн билбей турганын билдирди.

Азыркы учурда президенттин жарлыгы качан даяр болору, Коррупцияга каршы кызматтын укук-милдеттери кайсы органга жүктөлөрү так айтыла элек. Бирок Садыр Жапаров Башкы прокуратура ишкерлерди жана инвесторлорду коргой турган негизги органга айланышы керектигин билдирди. Ал “мындан ары Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алат” деди.

Адистер коррупцияга каршы күрөш, ишкерлерди ири суммада каражат төктүрүү жараяны ачык болбогонун сындап келишүүдө.

Андай сындардын бирине Садыр Жапаров 23-июнда ишкерлер менен жолуккан кезде өзү да жооп кайтарды.

2011-жылдан бери Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчилери бир канча жолу алмашты. Алгач бул кызматка Бектен Сыдыгалиев дайындалган, андан кийин Бөкөнбай Казаков келген. Атамбаевдин учурунда ички иштер министри болгон Улан Исраилов бул кызматты 2016-жылы кыска убакытка жетектеп калган. Андан кийин Дүйшөнбек Чоткараев башкарган. Учурда Коррупцияга каршы күрөш кызматты Бекбосун Апсатаров жетектеп жатат. Ал эми УКМКны былтыр бийлик алмашкан октябрь окуяларынан бери Камчыбек Ташиев башкарууда.

Коомдук ишмер Мүсүркул Кабылбеков президенттин Коррупцияга каршы күрөш кызматты жоюу чечимин төмөндөгүдөй анализ берди:

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

“Мен муну Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы түздөн-түз күрөш деп атабайт элем. Бирок ошентсе да анын белгилерин байкаса болот. Президент бийликке тең келген дагы бир күч бар экенин көрбөй койбойт. Бийлик деген бийлик. Сюзерен (франц. – башкы феодалдык башкаруучу) – бийликтин башында турган киши башка бирөөндө ыйгарым укуктар көп экенин жактырбайт. Ошондуктан муну Ташиевдин позициясын солгундатуу деп да кабыл алса болот. УКМКда ыйгарым укуктар канчалык аз болсо, анын таасири да аз болору турган иш. Анткени Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы анын колунда бизнеске эле эмес, бардыгына басым кылуучу рычагы болчу. Бизде бизнес кимде? Негизинен депутаттарда, анткени алардын көбү ишкерлер. Ошондуктан жазалоочу аппарат Камчыбек Ташиевдин колунда бизнеске да, саясатка да таасир этүүдө чоң мааниге ээ болчу. Эми ошого чек коюлат”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылдын алгачкы үч айында чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 112,1 миллион долларды түзгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4 пайызга аз. Ошол эле учурда өлкөдөн капиталын чыгарып кеткен ишкерлер көбөйө баштаганы, буга октябрь айларынан кийинки камоолор себеп болгону айтылып келет.


Ишкерлер менен президенттин жолугушуулары мурдагы бийликтердин учурунда да болгон. Анда дагы ишкерлерге тоскоол болгон жагдайлар жоюла турганы айтылган эле. Жеке ишкер, мурдагы айыл, суу чарба министри Тилек Токтогазиев бизнестин өкүлү катары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда ушундай жолугушууларга катышкан.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

“Жолугушуулардын болуп жатканы жакшы. Анкени ушундай иш-чаралардан президент маалымат алат. Эгерде ал жерге тандалган ишкерлер чакыртылса, мамлкет башчынын пиар кадамдарынын бири болсо, анда эч нерсе өзгөрбөйт. Бийликтин жолугушуулардан тышкары аныкталган саясаты болушу керек. Азыр коңшу Казакстан, Өзбекстанга чыгып кетип жаткан ишкерлер көп. Анткени ошол эле ишкерлер биринчи кезекте адам. Алардын ата-энесине сапаттуу медицина, балдарына жакшы билим керек. Андыктан мамлекеттик органдар комплекстүү иштеш керек. Антпесе узак мөөнөткө инвестор келбейт”.

Президенттин ишкерлер менен жолугушуусунда октябрь айына чейин жаңы салык кодекси иштелип чыгары, социалдык төлөмдөрдүн суммасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалары белгилүү болду. Мындан тышкары Соода өнөр-жай палатасы толугу менен реформа болуп, президенттин алдында Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт. Аны Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөй турганын айтты.

Данияр Аманалиев, ишкер: Акылбек Үсөнбекович, сиз "кедей өлкөлөрдүн психологиясынан арылышыбыз керек" деп айттыңыз эле. Биз азыр келечекти куруу, өнүккөн өлкө болууну артка калтырып, жөн гана кара жандын кайгысын ойлоп жашап калдык. Азыр туризмдин башка түрү өнүгүп атат. Бизде Ысык-Көлдө "цифровизациялык көчмөндөр" үчүн шаар куруу кыялыбыз бар. Биз алар келип, жашап, эс алып кеткендей шарт түзгүбүз келет. Интернет болсо алар 5-6 айга чейин жашап кетишет. Биз үчүн бул идеалдуу сегмент. Кретивдүү экономика эмне үчүн керек? Азыр бүткүл дүйнө жүзүндө жумуш орундары кыскарып жатат. Биздин мекендештер азыр Москвага такси айдаганы барып жатышат. Келечекте машинелер өзү жүрө тургандай болот. Биздин жаш муундар кийин кантип иштейт? Биздин иноваторлор сыртка кетип атат. Шарт түзсөк, алар бул жакта калмак. Кыргызстан IT продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдө 34-орунда турат. Он жыл мурда түзүлгөн Бийик технологиялар паркы өзүн актады. Убагында бул тармакка көңүл бурулган. Бул тармакта логистика акысы төмөн. Экономиканын жакшы кыймылдаткыч күнү - бул эркиндик. Ошону сактап калуу керек. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрү бул тармакты өнүктүрө элек. Биз азыр аракет кылсак, креативдүү экономиканы өнүктүрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Алмамбет Шыкмаматов: Бизде 205 мамлекеттик ишкана бар. Анын 201и жыл өткөн сайын чөгүп эле баратат. Жылыш жок. Ошол себептүү аларды инвентаризация кылып, жаңы мыйзамдын негизинде иштейт. Азыр туура эмес маалымат тарап жатат, "ишкананын баары сатылат экен" деген. Ал ишканалар мамлекеттин менчиги бойдон калат, алар рынок менен биригип иш алып барат. Бүт дүйнө ошондой иштеп жатат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирди.

“Кичи ГЭС салууга долбооруңар даяр болсо кыргыз-орус фондунан насыя алып, курулушуңарды баштасаңар болот. Фонд буга чейин насыя берүүнү токтотуп койгон. Бирок жакын арада бере баштайт”, - деди Жапаров.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Расмий маалыматка ылайык, фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG