Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17
Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушту. 23-июнь, 2021-жыл.

Жапаров УКМКга караштуу кызматты жоёт

Президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда ишкерлер бийлик өкүлдөрүнө бир топ көйгөйлөрүн айтышты.

Ишкерлер менен президенттин жолугушуусу.

Министрлер кабинети ишкерлерге 50 бизнес-долбоор сунуштады

Президент Садыр Жапаровдун 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жыйынында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Министрлер кабинетинде 250 инвестициялык долбоор бар экенин билдирди.

Ал энергетика, айыл чарба тармагында даярдалган 50 долбоорду ишкерлерге сунуштады.

Шыкмаматов Камбар-Ата ГЭСи, Каракол кичи ГЭСтери жана Таластагы соода-логистикалык борборду куруу үчүн даярдалган долбоорлорду тааныштырды.

29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу айтылат.

УКМКга караштуу антикоррупциялык кызмат жоюлат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюлат. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

“Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, - деди Жапаров.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлган болчу. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган.

Президенттин эл менен жолугушуусу. (Түз эфир)

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG