Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Жалал-Абад: үй куруудагы башаламандык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу алты үйдүн курулушу мыйзамсыз башталгандыгы аныкталып, тийиштүү тараптар аны токтотуу боюнча сотко кайрылганы жатат.

Ага Аба кодексинин талаптары жана айрым мыйзамдар бузулганы себеп болууда. Ишкерлер тийиштүү мамлекеттик органдардын эскертүүлөрү мыйзамсыз экендигин айтып, курулуш иштерин токтотушкан жок. Бул багытта алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылганы жатышат.

Шаар аймагында өткөн жылдын күз айларынан тартып башталган алты жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун токтотуу боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жеке ишкерлерге эскертүү берди.

Инспекциянын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Эмилбек Мурзалиев эскертүүгө баш ийбеген жеке компаниялардын үстүнөн сотко материалдар даярдалып жатканын айтты:

Ишкерлер көп кабаттуу турак жай курууда тийиштүү тараптардан уруксат кагаздарын алышкан эмес жана биздин башкармалыктан да каттоого алынган эмес.

«Ишкерлер көп кабаттуу турак жай курууда тийиштүү тараптардан уруксат кагаздарын алышкан эмес жана биздин башкармалыктан да каттоого алынган эмес. Өткөн айдагы текшерүү учурунда шаардын алты жеринде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу өз алдынча башталганы аныкталып, азыр тийиштүү кагаздар сотко даярдалып жатат. Учурда бир гана турак жай комплексинде иш токтоп, калган бешөөндө жүрүп жатат. Ошондуктан биздин эскертүүлөргө баш ийбей жаткан ишкерлерди сотко берүүгө даярданып жатабыз. Алар: «Дост курулуш», «Ясын», «Роял Строй» компаниялары жана жеке ишкер Болот Маматов. Бул компаниялар курулушка уруксат албай, бизде каттоодо жок болгондуктан текшере албай жатабыз. Аларда курулуш нормалары сакталып жатабы, кандай жүрүп жатат - бизге белгисиз».

Жалал-Абад шаарынын аймагында жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу былтыр башталган. Учурда калаанын кичирайондорундагы жети жерде беш компания жана бир жеке ишкер беш жана тогуз кабаттуу турак жайлардын курулушун жүргүзүүдө. Булардын ичинен бир гана Пушкин көчөсүндө курулуп жаткан «Ордо» турак жай комплексинин курулушу мыйзамдуу болсо, калгандары өз алдынча жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардын башкы архитектору Бакыт Байжигитов буларга токтолду:

Бакыт Байжигитов.
Бакыт Байжигитов.

«Биздин маалымат боюнча алты жерде турак жайдын курулуш иштери башталган. Алардын экөөндө жертөлөсү, төртөөндө дубалдары курулуп жатат. Булардын ичинен бири да мыйзамдуу түрдө уруксат алган жок. Себеби башка кызматтар менен макулдашуу актылары толук бүтпөгөндүктөн Архитектура башкармалыгы курулушка макулдук берген эмес. Азыркы учурда Аба кодексине ылайык аэропорттун учуп-конуу тилкесинен көп кабаттуу турак жайлар 2 миң метр аралыкта жайгашуусу керек экендиги белгиленген. Ошондуктан Жарандык авиация агенттиги ошол аралыкта курулуп жаткан үйлөрдүн бирөөнө да макулдук бербей жатат. Ишкерлер курулушту өз алдынча эле баштап жиберишкен».

Мыйзамсыз деп эсептелип жаткан курулуштардын катарында шаардын Мамыр Баатыр көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу, 90 батирден турган «Гималай» турак жай комплекси да бар. Темир жолдун жээгиндеги курулушка «"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы, Жарандык авиация агенттиги да макулдук берген эмес. Мындан сырткары ага жанаша жайгашкан Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы да «бийик имарат толкун таратууга жолтоо болот» деген негизде каршы болуп келатат.

Турак жай комплексин куруп жаткан «Дост курулуш» компаниясынын директору Бакыт Борошев эски мыйзамдарды жаңылоого боло турганын эске салды:

Бакыт Борошев.
Бакыт Борошев.

«Биринчиден, биз жеке өзүбүздүн жерге тургундарга шарт түзүү максатында турак жай салып жатабыз. Эч кимге тоскоолдук кылган жерибиз жок. Архитектура башкармалыгы «Жарандык авиация агенттигинен уруксат алып келгиле» деп имарат курууга макулдук бербей жатат. Бул өкмөттүн «Керектүү уруксат кагаздарын берүү жөнүндө» токтомуна таптакыр каршы келет. Уруксат берүүдөн баш тартууга үч гана негиз бар. Экология, санэпидстанция жана тарыхый-архитектуралык курулуштар боюнча бөлүмдөрдүн корутундулары бар. «Аэропорттон уруксат алыш керек» деген талап жок. Кыргызстандагы бюрократиялык жетекчилердин айынан, мыкты адистердин аздыгынан улам ишкерлер ушул акыбалга туш келип жатат. Курулуш бул жакта, Жарандык авиация агенттиги Бишкекте. Эмне себептен биз ал жакка барып, алдынан өтүшүбүз керек? Ал эми темир жолдун талаптары азыр эмес, буга чейин деле сакталган эмес. Ага жанаша союз учурунда курулган көп кабаттуу үйлөр, имараттар турат. Мыйзам аларга иштебейт, эмнеге бизге иштеш керек? Замандын өзгөрүшү менен мыйзамдар да ошого жараша өзгөрүп турушу зарыл. Ошондуктан тийиштүү мамлекеттик органдардын эскертүүлөрү жана билдирүүлөрү мыйзамсыз экендигин айтып, курулушту токтоткон жокпуз. Эгер алар кааласа сотко беришсин».

Шаардык ички иштер бөлүмү былтыр декабрда Кылмыш-жаза кодексинин "Өзүм билемдик" беренеси боюнча "Дост курулуштун" үйлөрүн куруп жаткан "Аманат курулуш" ЖЧК жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Анткени имарат курууда шаар куруу жана архитектура боюнча мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган. Азыр бул иш 2019-жылдагы мыйзамдардын өзгөрүшү менен кыскарганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Аты-жөнүн толук атагысы келбеген шаар тургуну курулуш эрежелери толук сакталса деген оюн айтты:

Жалал-Абадда мыйзамдуу курулуп жактан бир үйдүн курулушу.
Жалал-Абадда мыйзамдуу курулуп жактан бир үйдүн курулушу.

«Шаарда курулуш боюнча иреттүүлүк болуш керек. Көп кабаттуу үйлөр курулганы жакшы, бирок бардык курулуш эрежелерин сактоо талабы коюлууда. Бул жерде «бармак басты, көз кысты» деген принцип болуп жатат деп ойлоп кетесиң. Буга бир мисал - Жеңижок көчөсүндө № 50 үйдүн батыш тарабындагы көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулушу. Ал турак жай жанындагы жашоочулардын макулдугу жок, жасалма протоколго таянып салынып жатат. Жанындагы эски көп кабаттуу үйдөн аралыгы 20-25 метр. Эгер ал үй бүтсө, жанындагы 5 кабаттуу турак жайга күн тийбей алат. Бул маселе менен шаар бийлигине чейин кайрылсак да курулуш иштери токтобой жатат».

Жалал-Абад шаарынын аймагында азыр 300гө жакын көп кабаттуу үй бар. Алардын эң алды 1950-жылдары курулуп, эскилиги жеткен. Акыркы жолу шаарга 2010-жылдан кийин түзүлгөн мамлекеттик дирекция беш кабаттуу үйлөрдү салган. Жеке ишкерлер тарабынан үй салуу иштери жакынкы эки жылдан тартып жүргүзүлүп келатат.

Шаардын башчысы Мураталы Тагаев курулуш иштерине жолтоо болгон айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылуу болорун билдирди:

Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

«Жергиликтүү бийлик көп кабаттуу турак жай салып жаткан ишкерлерди колдогонго умтулабыз. Болгону баары мыйзам чегинде болушу зарыл. Бардык маселе азыр шаардын ортосунда жайгашкан аэропортко келип такалып жатат. Анткени Аба кодексине ылайык «аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыктагы радиуста 14 метрден бийик имараттарды курууга болбойт» деген норма бар экен. Азыр курулуп жаткан беш үй ошол радиуска кирип калып атат. Шаардын бийлиги Транспорт жана жол министрлигине, Жогорку Кеңешке да бул маселени коюп, шаардын өнүгүшү үчүн ошол норманы 500 метр деп өзгөтүүнү өтүнгөнбүз. Эми жакынкы күндөрү ишкерлер аркылуу да кайрылуу жөнөтөлү деп турабыз. Жеке ишкерлер салып жаткан курулуштарды текшерүүгө жана токтотууга биздин укугубуз жок».

Жалал-Абад шаарында курулушу эки жыл мурда аяктаган 70 батирлүү эки көп кабаттуу үй да эмгиче пайдаланууга бериле элек. Аэропорттун жанына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн салынган турак жай «авиация эрежелерине каршы келет» деген негизде токтотулуп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG