11:23
25.12.2019
11:21
25.12.2019
Сооронбай Жээнбеков: Сырткы карыз азайып жатат. ИДПга карата 53 пайызды түзсө, быйыл 44 пайызга чейин төмөндөйт.
11:20
25.12.2019
Сооронбай Жээнбеков: Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлдү. Текшерүүгө эки жылдык мораторий киргизилди. Бизнес омбудсмен институту киргизилди. Сырттан келген инвестициянын көлөмү 67 пайызга өстү. Анын 60 пайызы аймактарга келди.
11:17
25.12.2019
Сооронбай Жээнбеков: Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштин биринчи этабы аяктады. Ага өзүм барып, таанышып келдим. Андан соң Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери ондолот.