Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Сынга кабылган мэрдин агасы ишин тапшырды


Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин бир жума мурда кызматка дайындаган бир тууганы коомчулуктун сынынан кийин кызматын тапшырды.

Шаар жетекчилиги аны кызматка дайындоо мыйзамдуу болгонун айтып жатат. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга таянган адистер шаар башчысынын жүйөсүн негизсиз деп жатышат. Калаа башчысынын тууганы 21-августта жаңы кызматка дайындалган эле.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин бир жума мурун жетекчилик кызматка дайындалган агасы Абдималик Тагаев 28-августта өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирип, аны кызматтан бошотуу жөнүндө мэрдин буйругунун нускасын жарыялады. Мэриянын басма сөз борборунун жетекчиси Азамат Жээнбеков билдиргендей, Абдималик Тагаев жумуштан бошотууну тууганынан өзү суранган.

Азамат Жээнбеков.
Азамат Жээнбеков.

«Жаңы кызматка келген Тагаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды, - деди ал. - Ал бул кадамын коомчулуктун талкуусунан соң моралдык жоопкерчиликти сезгендиги жана мэрдин ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбейин деген ниети менен байланыштырды».

Басма сөз катчысы ошондой эле «мэрдин кызматтан кеткен тууганы Абдималик Тагаевдин ээлеген кызматы мэрияга көз каранды эмес болчу» деп билдирди:

«Мураталы Тагаев мэр болгонго чейин эле ал шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысынын кызматын аркалаган. Жакында ал жетекчи болуп дайындалган агенттикке шаар казынасынан эч кандай каражат бөлүнбөйт жана өзүн-өзү тейлеген ишкана болуп саналат».

Мэриянын уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук мыйзамдуу болгонун айтты:

Малика Мустапакулова.
Малика Мустапакулова.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 44- беренесинде мэрдин ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Шаардык мэриянын карамагындагы бардык мекемелер муниципалдык деп эсептелет. Бирок алардын жумушчуларынын баары муниципалдык кызматкер статусуна ээ эмес. Анткени «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесинде жазылган, чыгармачылык менен алектенген, билим берүү, тейлөө кызматын көрсөткөн мекеме-ишканалардын кызматкерлери жетекчиси баш болуп муниципалдык деп саналбайт. Мындан сырткары Юстиция министрлиги тарабынан ар бир ишкананын өзүнүн жобосу бекитилет. Бул агенттиктин жобосунун 5-бөлүмүндө «жетекчиси мэр тарабынан дайындалат жана бошотулат» деп белгиленген. Эгерде бул кызмат муниципалдык болсо конкурстун негизинде дайындоо болмок. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес».

Абдималик Тагаев мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына 21-августта дайындалганын «Азаттык» жазып чыккан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички маршруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин «Жалал-Абад Тазалык» ишканасында жооптуу адис болуп иштеп турган.

Анын сөз болуп жаткан кызматка дайындалышын мыйзамдарга каршы келет деп эсептегендер өзүнө баш ийген кызматтарда иштеген адамды дайындоо аркылуу мэр одоно мыйзам бузганын айтып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзамды бузгандыгы үчүн мэр Мураталы Тагаев кызматтан кетиши керек экенин өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Мага десе алардын маңдайы бир сөөм болсун, Тагаевдердин үй-бүлөсү канчалык таланттуу болушпасын, мыйзамды бузган таптакыр жарабайт. Жалал-Абаддын мэри өз ыктыяры менен кызматынан кетиши керек. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Кызыкчылыктар кагылышуусу жөнүндө» мыйзамдардын бузулгандыгы үчүн прокуратура көрсөтмө берип, Жалал-Абад шаарынын мэринин тууганын кызматка дайындоо тууралуу буйругуна макулдук бергендердин, кол койгондордун кызматтан кетишин талап кылышы керек. Бир тууганын өзүнө баш ийген кызматка дайындоо менен Жалал-Абаддын мэри бийликке зыян келтирди. Коомчулуктун пикирине түкүрдү жана президенттин мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жеке кызыкчылыктарга пайдаланууга болбой тургандыгы тууралуу ачык билдирүүлөрүн четке какты».

Мындай ойду Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын аймактагы координатору Бекболот Ибрагимов да карманат.

Бекболот Ибрагимов.
Бекболот Ибрагимов.

«Жетекчи болуп туруп бир туугандары тендерден утууга, аларды кызматка алып келүүгө акысы жок, - деди ал. - Бул мыйзамдарда так көрсөтүлгөн. Экинчиден моралдык жагынан жоопкерчилик да болушу керек. Ал кишинин илимий даражасы, кесипкөйлүгү болсо бир жөн. Өзүм билемдикти токтотушу керек. Бийликтеги адамдар өзү менен бирге туугандарынын иштешине бизде Баш мыйзам да тыюу салат. Бул жерде кол алдында иштеп жатпайбы? Мындай жагдайдан улам, жан дүйнөсү таза адам болсо катачылык кетиргенин сезип, мэр өзү да тууганына окшоп кызматынан кетиши керек. Болбосо депутаттар карап чыксын».

Мураталы Тагаевдин дагы башка бир тууганы Абибилла Тагаев «Газпром-Кыргызстан» компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу жайга эки айдан бери жетекчилик кылат. Аны да шаар мэри өзү дайындаган. Ал президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү. 41 жаштагы мэр Сузак районунун Барпы айылынан болот. Ал 2018-жылдын 11-июнунан бери Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG