Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

«Ак шумкарлар» дүйнө чемпионатын көксөйт


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы үчүн 2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталат. Мында ак шумкарлар Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен беттешет.

Бул оюнга даярданыш үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталып, алгачкы машыгуусу Кант шаарында өттү.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин алдыдагы оюндар боюнча буларга токтолду:

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

«Биздин максат - биринчи эле тандоо оюндарында Азия Кубогуна өтүү, 12 мыкты команданын катарына кирүү. Азырынча оюндар баштала элек, бардык командалардын мүмкүнчүлүгү бирдей. Биз төрт оюнду конокто, төрт оюнду үйдө өткөрөбүз. Атаандаштарыбыз ар түрдүү. Бир жагынан командалардын техникалык деңгээли жогору, экинчи жагынан ар бир өлкөнүн климатынын өзгөчөлүгү бар. Эч жерде оңой болбойт».

5-сентябрда боло турчу оюнга Тажикстандын курама командасы да кызуу даярдык көрүүдө. Команданы учурда өзбекстандык машыктыруучу Усмон Тошиев машыктырып жатат. Ал курама командага 25 оюнчу чакырылган. Тажикстандын курама командасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычына даярдык катары Ооганстандын жана Сириянын курама командалары менен жолдошттук беттеш өткөрдү.

Ал эми Усмон Тошиевдин жетекчилиги менен Тажикстандын 19 жашка чейинки курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын күмүш байгесин утту.

Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов Тажикстан менен боло турган оюн Кыргызстан курама командасы үчүн өтө маанилүү экенин айтты:

Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

«Тажикстан менен оюн кыйын болот. Анткени эки курама команданын деңгээли бирдей. Азия кубогуна болгон тандоо оюндарында бир беттеште тең чыксак, экинчи беттеште Кыргызстан жеңишке жетип, Азия кубогуна жолдомо алган. Азыр ызада калган Тажикстандын курама командасы 5-сентябрда боло турган оюнга аябай жакшы даярдык көрөт деп ойлойм. Тажикстандын курама командасы жаңыланды, жаңы машыктыруучу машыктырып жатат. Курамга жаш оюнчулар кошулуптур. Акыркы жылдары Тажикстандын 19 жана 17 жашка чейинки жаш футболчулары эл аралык мелдештерден жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат».

Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунан соң бир гана жолдоштук беттеш өткөрдү. 12-июнда өткөн беттеште «ак шумкарлар» палестиналык футболчулар менен күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыккан.

Семетей Султанов Кыргызстандын курама командасынын даярдыгына кооптонуп турганын жашырган жок:

«Азия кубогунан бери 8 ай тыныгуу болуп калды. Биздин балдар бир эле жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бирок алар Азия кубогунан кийин жашкы бир демге өтүшү керек, психологиялык жаткан даяр болду деп ойлойм. Жакшы жыйынтык көрсөтөт деп үмүттөнөм».

17-июлда Куала-Лумпур шаарында өткөн чүчүкулакта ФИФАнын рейтингине ылайык Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан F тайпасына туш болуп Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

ФИФА рейтингине көз чаптырсак:

Жапония 33-орунда;

Кыргызстан 95-орунда;

Тажикстан 119-орунда;

Мьянма 135-орунда;

Монголия 187-орунда.

Кыргызстандын жаштар курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Мирлан Эшенов «ак шумкарлардын» тандоо оюндарындагы мүмкүнчүлүгүнө мындайча баа берди:

Мирлан Эшенов.
Мирлан Эшенов.

«Кыргызстандын курама командасынын тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Башкы атаандаш бул жерде Жапония эмес, Кыргызстан үчүн Тажикстандын командасы болот. Анткени Жапония деңгээли жагынан өтө күчтүү. Ал биринчи орун менен тайпадан чыгат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда экинчи орун үчүн атаандаштык күчтүү болот. Эгер бул тайпага Тажикстандан күчтүүрөөк команда туш келгенде Кыргызстанга кыйын болмок. Ал эми калган командаларга токтолсок Кыргызстан Мьянма менен буга чейин ойногон. Бул оюнга футболчулар психологиялык жактан даяр. Ал эми Монголияны ФИФА рейтингинен карасак өтө эле ылдыйда турат. Эгер кыргыз футболчулары бул оюндарга даяр, жаракаттары жок болсо, бул командалар менен ойноп 12 упай алат деп айта алам. Кыргызстан эң башкысы Тажикстандын курама командасын жеңиши керек».

Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда кийинки баскычта 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG