Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жээнбеков: Кой-Ташка курал менен баруу ката болду


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Ташта бийлик жана Атамбаевдин өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөргө катышты. Ал Кой-Таштан Бишкекке кайтып келе жатып, таңкы саат 4тө "Азаттык" радиосуна телефондон маек курду.

Жээнбеков: Жалпысынан азыр абал тынч. Атамбаевдин жанында киши көп, жаңылбасам эки миңдей адам бар.

«Азаттык»: Ал жакта милиция же башка бийлик өкүлдөрү барбы?

Жээнбеков: Бийлик өкүлдөрү жок. Милициянын баарын алып кетишти. Биз ошондой талап койдук ортомчу катары.

«Азаттык»: Ал эми спецназдын алты жоокеричи?

Жээнбеков: Аларды эртең менен өткөрүп беребиз деп штаб чечим кабыл алган. Эртең менен өткөрүп берет. Алтоонун тең абалы жакшы. Тамак ичишти, азыр уктап атышат.

«Азаттык»: Алардын арасында жаракат алып, эс учун билбей жаткандар бар деп жатышпайбы?

Жээнбеков: Жок, жок. Жаңылбасам баш-аягы отузга жакын атайын кызматтын адамдары кармалган. 50-60 барган экен. Эл тарабынан чабуул болгондо калгандары качып кетишти. Алар коргошун ок менен атып киргенде эл да чабуул койгон. Кармалгандардын ичинен абалы оорураактарынын баарын чыгарттык. Эл да ошого макул болду. Дарыгерлер, депутаттар да келип чыгардык. Азыр алтоо гана турат. Эртең менен коё берилет.

«Азаттык»: Аларды эч ким сабабайбы? Интернетте аларга тапанча менен тап берип аткандардын видеосу тарап кетти.

Жээнбеков: Жок, аларды эч ким сабаган жок. Мурда анча-мынча болсо керек. Анткени алар атып жиберди да, андан кийин адамдын жини келет да. Бирок азыр мен аларды өзүм көрдүм. Абалдары жакшы.

«Азаттык»: Атамбаевдин тарапташтары деп көрсөтүлгөн адамдардын колунан тапанча, автоматтык курал көрүнөт видеодо. Сиз да көрдүңүзбү?

Жээнбеков: Мен автоматтык куралды Атамбаев тараптын эч кимисинен көргөн жокмун. Бирок Атамбаевдин үйүндө азыр атайын кызматтар колдонгон курал-жарактын баары чогултулду. Биз баарын бир жерге чогулттук. Менде видеолору бар. Желим октуулары да бар, коргошун октор да бар.

«Азаттык»: Окко учкан жоокерди ким атканын көрө албадыңызбы?

Жээнбеков: Аны билбейт экемин. Эртең менен алардын баары иликтенет да.

«Азаттык»: Атамбаев өзү кайда?

Жээнбеков: Атамбаев үйүндө. Абалы жакшы. Пресс-конференция берет окшойт. Эртең менен билинет бардык маалыматтар.

«Азаттык»: Бийликке башка да кандайдыр бир талаптар коюлуп жатабы?

Жээнбеков: Бийликке эч кандай саясий талап коюлган жок. Мен сүйлөшүүчү катары келип жатканда да ошол штабдын талаптарын айтып жаттым. Негизинен "жарыкты, интернетти күйгүзүшсүн, маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн ордуна коюп беришсин, милицияларды алып кетишсин, ошону менен баары тынчыйт" деген гана талап болду. Калган талаптар эртең менен айтылат.

«Азаттык»: Сиз «коргошун октор» колдонулган деп айтып жатасыз. Андай октон жаракат алгандар кайда?

Жээнбеков: Аны эртең менен гана тактабасак, азырынча ким кандай жаракат алганын айта албайм.

«Азаттык»: Сиз же Атамбаевдин тарапташтары бийликтин Курсан Асановдон башка өкүлдөрү менен байланыштыңыздарбы? Президенттик же өкмөттүк аппараттан кимдир бирөөлөр менен сүйлөштүңүздөрбү?

Жээнбеков: Тилекке каршы бийлик Курсан Асанов менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Орозбек Опумбаевди гана жибериптир. Опумбаев жакшы сүйлөшүү жүргүзө алган жок. Мага ал тажрыйбасы жок, сүйлөшүүгө даяр эместей көрүндү. Ал эми Курсан Асанов жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бир гана талапты койдук, элди тынчтандырыш үчүн милицияны гана алып кеткиле деп. Ошону менен эл жай-жайына тарап, калчулары калды. Биздин оюбузча абал жеткиликтүү деңгээлде курчуду. Бийлик көп ката кетирип алды. Себеби кандай болгон күндө да күч менен, желим ок болобу, автомат менен болобу, ошол жерге барганы чоң ката болду. Эртең менен биз бардык нерсеге оппозиция катары баабызды беребиз.

«Азаттык»: Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаевдин суракка чакырса үч ирет барбай койгону мыйзамга баш ийбөөчүлүк катары да бааланып жатпайбы?

Жээнбеков: Мен ал нерсени так айта албайм. Бирок алардын бир гана талабын билем, "Конституциялык палата чечим кабыл алганга чейин коё туралы, андан кийин мыйзамга баш ийейин" деген Атамбаевдин сөзүн билем. Бийлик ошону сыйлап турса жакшы болмок.

«Азаттык»: Равшан мырза, Куралдуу күчтөрдүн мурдагы башчысынын үйүндө атайын кызматтын жоокерлери барымтага алынып турганын эмне деп баалайсыз?

Жээнбеков: Барымта деп айта албас элем. Атамбаев тарап да аябай курч азыр. Кыйналып, коркуп турган убагы. Алар кепилдик катары кармап турууну чечишти.

«Азаттык»: Жок эми бул жерде жоокерлердин эркиндиги чектелип, өмүрүнө коркунуч туулуп жатат да? Бул мыйзамды, адам укуктарын одоно бузууга жатат эмеспи?

Жээнбеков: Менимче курал колдонулган жерде жөнөкөй, куралсыз элдин убактылуу кармап турганга укугу бар. Бирок эртең менен баары коё берилет деп кепилдик берилди.

P.S. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок. Атамбаевди кармоо аракети учурунда күч кызматкерлери менен мурдагы президенттин тарапташтары кагылышып, атайын бөлүктүн бир кызматкерине ок тийип каза болду.

Жаракат алгандардын арасында Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов, Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков жана Мээрбек Мискенбаев да бар.

Саясатчылар өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча үн катты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:51 0:00
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG