Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусиянын оп тарткан орбитасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда «парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын» айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады.

Кыргыз президентинин айткандарынын жүйөсү барбы? Өлкөнүн ички саясатында сырткы күчтөрдүн, анын ичинде Орусиянын таасири канчалык?

«Арай көз чарай»​ талкуусуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жана саясий серепчи Шерадил Бактыгулов катышты.​

«Азаттык»: - Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда орус президенти Путин менен жолукканда «парламенттик шайлоонун алдында өлкөбүздүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршы турган ар кандай күчтөр жанданды. Алар Кыргызстандын эгемендигине, биздин союздаштык мамилелерибизге, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө шек келтиришет» деди. Бул пикирдин канчалык жүйөсү бар? Болсо ал күчтөр кимдер, алар кандай шек келтирип жатышат?

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Артур Медетбеков: - Ачыгын айтканда Кыргызстандагы саясий өнөктүк – шайлоого байланыштуу жогорку деңгээлдеги сырткы күчтөрдүн таасири анча жок. Шайлоонун жүрүшүндөгү ар кандай опурталдуу жагдайлардын болуп жатышы ички күчтөрдүн таасири менен болууда. Себеби, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй чатактар менен башталып, үгүт маалында мыйзамсыз иштер болуп, 40тан ашык кылмыш иши козголуп отурат. Териштирүү иштеринен тыянактар жок болуп жатат.

Айрым партиялар шайлоочулар менен жолугушууларда ар кандай чакырык таштап, катуу сын айтылууда. Административдик ресурс колдонулуп жатканына эл нааразы.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп эл толкуп чыкса эмне болот? «Ал күнү көчөгө чыккыла» деп үндөгөндөр бар. Кээ бир партиялар «шайлоо адилетсиз болушу мүмкүн» деп алдын-ала эле айтышууда. Пандемияга байланыштуу абалыбыз начар, өкмөт банкрот абалына келди. Ушунун баары расмий бийликти, президентти кооптондурушу мүмкүн. Ошондуктан президент опурталдуу окуялар болуп кетпесин деп, алдын-ала эскертүү иретинде айттып жатат деп түшүнсөк болот.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Аскар Бешимов: - Биринчиден, шайлоо болор алдында Орусиянын президентине баруу Кыргызстандын биринчи президентинен бери келаткан салт болуп калды.

Путинге баруунун себеби бар: Кыргызстанда эки жолу революция болду, экөө тең сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен болду. Ал күчтөр өлкө ичинде элдин калың катмарынын нааразылыгын пайдаланып, өз максаттарына жетишкен. Кыргызстандагы ички күчтөр биригип өз алдынча революция кылып көрүшкөн эмес. Ошондой өткөнүбүздү эске алганда Кыргызстан кайсы өлкөгө таянат, кайсы өлкөдөн кепилдик алат деген суроолор жаралат. Ошондон улам Москвага барып, болгон кырдаал, абалыбыз менен тааныштырып, талкуулап келип атат.

Биз баарыбыз байкагандай Орусиянын президенти Кыргызстанга кепилдик берди, керек болсо жекече кепилдик берип, азыркы бийликти, Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой тургандыгын ачык билдирди.

Шерадил Бактыгулов: - Кыргызстандын президенти ушул жылдын 26-июнунда Москвага барганда пандемияга байланыштуу Путин менен жолуга албай калган. Орусия тарап «абал оңолгондо президенттердин жолугушуусун уюштурабыз» деп билдирген. Сентябрдан бери сыртка каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондон улам кыргыз-орус өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиясынын жыйыны болду. Булардын баары Орусия менен алака-катыштын кадимки көрүнүшү. Эми ага карабай, «Кыргызстанда АКШ шайлоого байланыштуу чаң-тополоң чыгарат экен» деп чет элдик маалымат каражаттары жазып жатышат. Бүгүн андай фактор, андай маанай, андай белгилер жок.​

«Азаттык»: - «Кыргыз президенттеринин шайлоо алдында Орусиянын президенти менен жолугуусу салтка айланып калган» деп айтылды. Салтка айланып калуунун артында эмне бар? Эмне үчүн шайлоо алдында Орусияга катташат?

Артур Медетбеков: - Бул СССР мезгилинен бери келаткан салт. Биздин жогорку аткаминерлер Москва менен кеңешпей, макулдашпай эч нерсе чечкен эмес. Биринчи, экинчи, кийинки президенттерде да союз мезгилиндеги аң-сезим сиңип калган. Биз толугу менен советтик психологиядан арыла элекпиз. Ошондуктан Кыргызстан саясий, экономикалык жактан Орусияга көз каранды бойдон келатат. Орусия бизге насыялык, инвестициялык, каржылык колдоо көрсөткөнү, карызды кыскартуу, кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди ж.б. жардамды бергени кыргыз бийлиги үчүн чоң колдоо.

Аскар Бешимов: - Кыргызстанды Атамбаев башкарып турганда Батыш, Европа менен кызматташтыгыбызды солгундатып, бир багыттуу саясатка өтүп алганбыз. Азыр биз ким канча акча берсе ошолор менен гана алака кылганга өтүп алдык. Бюджет начар, пандемия абалыбызды ого бетер начарлатты. Азыркы бийлик бардык тараптан акча издеп жүрөт, негизги үмүт дагы эле Орусияда...

Артур Медетбеков: - 2014-жылы Орусия «Кыргызстанга бир миллиард 200 миллион долларлык аскердик курал-жарак, техника беребиз» деген, берди. Ал куралдар Орусия үчүн эскирип калганы менен Кыргызстан үчүн чоң колдоо, чоң жардам болду...

XS
SM
MD
LG